Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:04

Түркмөнстанда эмдиги жылдан тарта Мамлекеттик телерадио жана кинематография комитетин бюджеттен каржылоо токтойт.

Мындай жардыкка 7-июлда президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койду. Анда 2018-жылдан тарта жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) рекламанын эсебинен жана башка маркетинг ыкмалары аркылуу өзүн өзү каржылай башташы керек деп айтылат.

Түркмөнстанда телерадио каналдардын баарын мамлекет каржылайт жана ал бийликтин көзөмөлүндө турат.

Расмий Ашхабаддын мындай чечимин байкоочулар ириде экономикалык каатчылык менен байланыштырып жатат жана алар өзүн өзү каржылоо азыркыдай шартта ишке ашпайт дешет.

Гурбангулы Бердымухамедов
Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстанда жалпысынан жети телеканал ("Алтын Асыр", "Яшлык", "Мирас", "Түркмөнстан", "Ашгабад", "Түркмөн авазы", "Түркмөнстан спорт" ) жана төрт радио ("Чар тараптан", «Мирас», "Аваз" жана "Ватан") бар. Министрлер кабинетинин 7-июлдагы жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов эмдиги жылдан тарта бардык телерадиоканалдар өзүн өзү каржылай башташы керек деген мазмундагы жардыкка кол койгону маалым болду.

Расмий маалыматка ылайык, өзүн өзү каржылоо негизи төрт этап менен өтөт жана бул жараян 2020-жылы толук аягына чыгышы, жетиштүү киреше таап, өзүн өзү толук баккыдай абалга жетиши керек. Жергиликтүү байкоочулардын пикиринде, өлкө жетекчилигинин мындай чечими коомчулук үчүн күтүүсүз болду.

Ашхабаддагы публицист, мамлекеттик телеканалдын мурдагы кызматкери Аманмурат Бугаевдин айтымында, өлкөдөгү азыркыдай шартта телеканалдарды өзүн өзү каржылоого өткөрүү дээрлик мүмкүн эмес:

- Түркмөн телеканалдарында сөз эркиндиги жок. Автордук программаларды алып чыкканга уруксат берилбейт. Телеканалдарда "биз ушундай сонун өлкөдө жашайбыз, улуу урматтуу аркадагдын жүргүзгөн саясатынан улам байбыз" деген өндүү бир эле саясий реклама бар. Эгер мындай жагдай өзгөрбөсө телеканалдар өзүн өзү каржыласын деген нерсе кыял боюнча гана калат. ЖМК тууралуу мыйзамдар бар. Алар кагазда жакшы болгону менен иштебейт. Түркмөнстанда ишкерлер биримдиги бар. Алар байлыгын ак эмгеги менен топтогон эмес. Ошолорду ЖМКны каржылагыла деп мажбурлашы мүмкүн. Бирок биз күткөн эркин ЖМК болбойт. Советтер союзунун тушунда цензура болгон, азыркы Түркмөнстандыкы андан ашып түштү. Эгер Түркмөнстанда ЖМКга карата азыркыдай саясат өзгөрбөсө, телеканалдар көз каранды бойдон калат.

Медиа сарайда гезит-журналдардын редакциялары жайгашкан. Ашхабад
Медиа сарайда гезит-журналдардын редакциялары жайгашкан. Ашхабад

Бугаев түркмөн телеканалдары бир гана мамлекеттик иш-чараларды көрсөтөрүн, тажатма болгондуктан аны көргөндөр аз экенин да айтып берди:

- Түркмөнстанда мисалы 59 гезит чыгат, алардын бирөөнөн башкасынын баарын мамлекет каржылайт жана бул гезиттерди сатып алууга элди мажбурлашат. Ал эми теле жана радиону мажбурлап көрсөтө да, уктура да албайсың.Телеканалдардагы берүүлөр тажатма. Өлкө башчысын, ал жүргүзүп жаткан саясатты мактасаң эле болду, баатырсың. Чыгармачылык изденүү деген жок. Мисалы, алыскы айылдардын жашоочулары концерттерди, элдик ырларды угуп-көрүшү мүмкүн. Болбосо түркмөн телеканалдарын эч ким көрбөйт. Шаарларды мисалы орустардын телеканалдарын, айылдарда түрктөрдүн программаларын көрүшөт. Казакстан менен Өзбекстанга жакын аймактарда коңшулардын телеканалдары тартат. Түркмөн телеканалдары болсо мамлекеттик иш-чараларды гана чагылдырат.

Расмий Ашхабаддын мамлекеттик телерадио каналдарды өзүн өзү каржылоого өткөрүү чечими өлкөдөгү экономикалык каатчылык менен байланыштуу деген пикирине “Түркмөнстан хроникасы” интернет басылмасынын башкы редактору Фарид Тохбатулин дагы кошулат:

- Соңку кезде өлкө бийлиги бюджетти үнөмдөөгө аябай аракет кылып жатат. Мисалы Азияда оюндарын даярдап, уюштурууга чоң каражат кетти жана дүйнөдө мунай, газ арзандагандыктан бюджетке жетиштүү акча түшпөй калды. Түркмөн бийлиги ушул күнгө чейин мамлекеттик медиага чоң акча сарптап келген. Бул мамлекеттик пропаганданын куралы болгондуктан бийлик андан акча аячу эмес. Ошондуктан 2018-жылдан тарта каржылоо токтойт деген чечим кабыл алынды. Мен бул ишке ашпайт го деп ойлойм. Түркмөнстандагы жети телеканал тең азыркы бийликти мактап-жактоо менен гана алек. Карапайым элге кызыктуу, алар күтүп көргөн программалар дээрлик жок. Өз продукциясын, кызматын телеканалдар аркылуу реклама кылгысы келген реклама берүүчүлөр деле жок. Анткени бизнес бийликтин кысымы алдында турат. Түркмөнстан мындан бир канча жыл мурда өзүнүн байланыш спутнигин учурганын билсеңер керек. Жабдуунун бош бөлүгүн башка мамлекеттерге, телекомпанияларга берип акча тапса болот дешкен. Менимче, бул деле ишке ашпайт окшойт. Анткени чындап эле киреше алып келсе, анда аны телерадиоберүүгө жумшаса болот эле. Эми албетте мамлекет жети телеканалды кыскартышы мүмкүн. Бирок баарыбир өзүн өзү каржылап киреше табышы мүмкүн эмес.

Анткен менен түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жергиликтүү телеканалдардын өсүп-өнүгүү темпин сындаган да жайы бар.

Түркмөн бийлиги бир канча жылдан бери башка мамлекеттин телеканалдарын көрүү үчүн үйлөргө орнотулган спутник антенналарын алып салуу жараянын тынбай жүргүзүп келет. Бийлик муну шаардагы үйлөрдүн көркүн бузат деген жүйө менен түшүндүрүп жүрөт. Ал эми эл аралык укук коргоочулар жана сөз эркиндиги боюнча уюмдар расмий Ашхабад элдин көз карандысыз маалымат алуу укугун чектейт, сөз эркиндигин кысымга алат деп айыпташат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG