Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Түркмөнстандагы каатчылык


Түркмөнстанда азык-түлүк кризиси уланып жатат. Ошентсе да мамлекеттик маалымат каражаттары бул тууралуу үн катпай, ал эми өкмөт соңку отчетунда соода тармагынын өнүгүп жатканын билдирди. Ашхабаддагы дүкөндөрүн алдында шекер, суу майга кезекке тургандардын саны арбын.

Жаңы жылдык майрам алдында Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары азык-түлүк менен калкты жетиштүү камсыздоо тууралуу президенттин буйругун жарыялап, ал дароо күчүнө кирип, аткарылып жатканын кабарлашты.

“Азык-түлүктөр биздин дүкөндөрдүн текчелеринен татыктуу ордун табышты”, - деп билдирди мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу.

Президенттин бул жарлыгы өлкөдө азык-түлүк жана эң керектүү товарлар кымбаттап, экономикалык кризис бир топ айдан бери уланып жаткан маалга туш келди.

Ошол эле учурда мамлекеттик дүкөндөрдүн алдынан жүздөгөн адамдарды көрсө болот. Алар негизинен күнүмдүккө керектүү шекер, май сыяктуу азык-түлүктөргө жетүү үчүн ушундай кезекке турууга аргасыз.

- Бүгүн Мир 2 кичи районундагы №79 дүкөндүн алдында 40тай адам шекерге кезекке турду. Ошол эле дүкөндүн арткы эшигинин алдында тамеки алуу үчүн турган 350-500дөй адамды көрдүм, - деп айтты окуяга күбө болгон ашхабаддык журналист Аманмурад Бугаев "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына.

Баш калаа Ашахабаддагы дүкөндөр таңкы жетиде ачылат, ал эми кардарлар бир-эки саат мурда эле келип, кезекке тура баштайт. Түркмөнстандын бийлиги бул көйгөйдү чечүү ордуна аны жашырып-жаап жатканын "Азаттык" радиoсунун түркмөн кызматынын жетекчиси Фарух Юсупов белгиледи:

- Шекер, ун, суу май, жумуртка дүкөндө калбай калды. Мамлекеттик мекемелердин жетекчилери кызматкерлерине дүкөндөргө барбоону, кезекке турбоону эскертишкен. Анткени алар майрам алдында мындай жаман көрүнүш болушун каалабайт. Түркмөнстандын бийлиги бул көйгөй менен күрөшүп, анын себептерин чечүү ордуна симптомдорго каршы күрөш жүргүзүп жаткандай.

Ашхабаддагы оңдоп-түздөө иштеринен кийин кайра ачылган калаанын базарларында да эл аз. Муну сатып алуучулар ал жактарда керектүү товарлардын жоктугу менен түшүндүрүшөт.

Мындай көрүнүш калк арасында популярдуу делген “Орус” жана “Текин” базарларында да байкалып жатканы айтылууда.

"Азаттыктын" түркмөн кызматына маалым болгондой, 2016-жылы калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү кыйла төмөндөдү. Буга азык-түлүктүн жана коммуналдык кызматтардын кымбатташы негизги себеп болду.

Маселен, 2016-жылдын башынан бери азык-түлүккө болгон баа 30% өссө, батир акысы дээрлик 10 эсеге жогорулаган. Ал эми бензинге болгон баа 60 теңгеден бир манатка чейин көтөрүлгөн.

Деген менен бул аптада Түркмөнстандын өкмөтү экономикалык өсүү тууралуу кезектиги отчетун президентке тапшырды. Анда ички дүң продукция 6.2% кармалып турганын, ал эми эң алдыңкы тармактардын катарында соода тармагы да бар экени белгиленген.

Борбор Азиядагы жабык өлкөнүн бийлиги жана расмий маалымат каражаттары калк дуушар болуп жаткан экономикалык кризис тууралуу үн катпай жатканда, азык-түлүк жетишсиздиги күчөп, айлык-маяна, пенсия жана социалдык жөлөкпулдар өз убагында берилбей, жайкын тургундар бир топ кыйналып жатканы тууралуу маалымат түшүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG