Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Дүйнөдө сөз эркиндигине кысым күчөдү


Рейтингде мамлекеттердеги сөз эркиндигинин абалы ар кандай түстө берилген.
Рейтингде мамлекеттердеги сөз эркиндигинин абалы ар кандай түстө берилген.

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму сөз эркиндигине байланыштуу 180 мамлекетте изилдөө жүргүзүп, абал дурус эмес деген тыянак чыгарды.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму баяндамасын 20-апрелде жарыялады. Анда 2015-жылы бир катар мамлекеттерде басма сөз эркиндигин ооздуктоо күч алганы айтылат. Айрыкча бул Түркия, Польша, Мисир жана Тажикстанда даана байкалууда.

Рейтингде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу үч тепкичке көтөрүлгөнү менен, демократиялык принциптерди сактоодо дагы эле мүчүлүштүк көп экени белгиленет.

Изилдөөгө тиркелген картада сөз эркиндигинин абалы ар кандай түстө берилген. Аябай начар – кара, дурус эмес – кызыл, салыштырмалуу жакшы – кочкул сары, жакшы – сары, мыкты деген баа ачык сарыга боёлгон.

“Басма сөз эркиндигинин индекси - 2016” деп аталган изилдөөдө соңку кездери көп өлкөлөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарын “диний үгүттөөлөргө” байлап көзөмөлгө алуу күчөгөнү жана “ири пропагандалык өнөктүк” тамыр жая баштаганы айтылат. Медианы олигархтар сатып алып, өз пайдасына колдонуу аракети көбөйгөн.

Сөз эркиндигин изилдеген Париж тобу 180 мамлекетте сурамжылоо жүргүзгөн. Анын ичине жабык саналган Түндүк Корея, Түркмөнстан, Эритрия сыяктуу өлкөлөр да камтылган.

Борбор Азиядан Тажикстандагы абал 2015-жылы сезилерлик даражада артка кеткени белгиленет. Былтыр 116-тепкичте турса, быйыл 150-орунга секирген.

Тажик тилдүү гезиттер
Тажик тилдүү гезиттер

Президент Эмомали Рахмондун бийлиги терроризмге каршы саясатка шылтоолоп адам укугун бузган жагдайларды ачыкка чыгарбоого аракет кылып жатканы буга мисал катары көрсөтүлгөн.

Өткөн айда Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча атайын баяндамачысы Дэвид Кей да Тажикстандагы бул абалга тынчсызданып жатканын айткан эле.

Рейтингде Казакстан 160, Өзбекстан 166, Түркмөнстан 178-тепкич менен сөз эркиндиги эң начар 20 мамлекеттин катарын толукташат. Кыргызстан 85-орунду ээлеп, былтыркы көрсөтүчтөн үч тепкич жогорулаган.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Борбор Азия жана Чыгыш Европа боюнча адиси Йохан Бир:

- Бул аймактагы мамлекеттерде сөз эркиндигинин абалы башынан эле дурус эмес болчу. Барган сайын дагы да начарлоодо. Бул аябай өкүнүчтүү. Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын туруму эч өзгөрбөйт. Өзбекстанда көз карандысыз акыркы эле журналисттер иштеп жатышат десек болот. Башкалары мамлекеттен кеткенге, медиа-уюмдарын жапканга аргасыз болушту. Түркмөнстан барган сайын артка кетип жатат. Бийликтер шаардын көркү бузулат деп, спутник-антенналарды да жок кылуунун амалын тапты.

Рейтингде Польшадагы абал да дурус эмес. Былтыр январда кабыл алынган мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына катаал көзөмөл жүргүзүүгө уруксат берген мыйзамдан улам бул өлкөдө да сөз эркиндиги тизгинделе баштаганын белгилешет адистер.

Түркия менен Мисирде журналисттерге бийликтин басымы күчөп баратканы айтылат.

Кытай 176-тепкич менен абал өтө начар беш мамлекеттердин арасында. Бул бешиликте Эритрия (180), Түндүк Корея (179), Түркмөнстан (178) жана Сирия (177) бар.

АКШ бир жыл мурун 49-орунда болсо, мунусунда 41-орунга көтөрүлгөн. Орусия былтыркы ордунан төрт тепкич артка кетип, 152-орунду ээледи.

Сөз эркиндиги мыкты үч өлкө – Финляндия, Нидерландия жана Норвегия деп табылды.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун изилдөөсүнө социологдор, юристтер жана журналисттер катышкан.

Эми Кыргызстандагы абалга азын-оолак назар салсак. Быйылкы индексте өлкө былтыркы турумунан үч тепкич алдыга чыккан. Борбор Азия мамлекеттери ичинде Кыргызстан мыкты көрсөткүчтө болгону менен, олуттуу көйгөйлөр бар экени белгиленет. Бейөкмөт уюмдарды ооздуктаган мыйзамдын сунушталышы, журналист Дайырбек Орунбековдун президентти акаарат кылды деп 2 миллион сом айыпка жыгылышы мисал катары көрсөтүлөт.

Йохан Бир абал мындай уланса, келечекте Кыргызстан сөз эркиндиги жок өлкөлөрдүн катарына кирет деген ойдо:

Кыргызстандык журналисттер
Кыргызстандык журналисттер

- Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандагы абал дурус. Бирок жакшы жетишкендик деп да айта албайбыз. 2010-жылдагы окуялардан улам “кызыл сызыктан өтпөө” эрежеси сакталып турат. Этникалык азчылык өкүлдөрүнүн журналисттерине басым бар. Медиа көз каранды бойдон калууда. Журналисттерге кол салган учурлар катталып турат. Ушундай улана берсе, келечектеги рейтингдерге терс таасир этиши мүмкүн.

Жакында АКШнын Мамлекеттик департаменти 2015-жыл үчүн жасаган баяндамасында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, сөз эркиндиги мурдагыга салыштырмалуу начарлай баштаганы айтылган. Ал арада Нарын Айып, Замира Сыдыкова баштаган журналисттер тобу “Сөз эркиндигин коргоо комитетин” түзүп жатканын билдиришип, бул жааттагы тоскоолдуктарга күрөш баштарын айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG