Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Аткаминерлердин ызасы, аксаган журналистика


Президент Алмазбек Атамбаевдин жылдык маалымат жыйынына барган журналисттер. 24-декабрь, 2015-жыл
Президент Алмазбек Атамбаевдин жылдык маалымат жыйынына барган журналисттер. 24-декабрь, 2015-жыл

Кыргызстанда 2015-жыл “Вечерний Бишкек” басылмасынын тегерегиндеги талаш- тартыш, айрым журналисттердин ири доого жыгылып, сотко сүйрөлгөнү, жаңы парламент тарабынан кабарчылар үчүн дресс-код киргизилип, айрымдарга “калпты жазды” деп аккредитация берилбегени менен эсте калды.

Узап бара жаткан жылда сөз эркиндиги жаатындагы олуттуу окуялардын бири катары “Вечерний Бишкек” басылмасынын тегерегиндеги чыр-чатак жана анын жыйынтыгы коомчулуктун көңүл чордонуна чыкты көрүнөт.

2014-жылдын күз айларында басылмадан үлүш талап кылган Александр Рябушкин менен басылма ээси Александр Кимдин ортосундагы тиреш 2015-жылы дагы уланып, акыр-аягы сот аркылуу Рябушкиндин жеңиши менен аяктады.

“Вечерний Бишкектин” жетекчилиги жана жамааты Рябушкиндин жана сот чечиминин артында ошол кездеги президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов жана президенттин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев турат деп айыптады. Гезит жамааты мамлекетте Акаев, Бакиев мезгилиндегидей рейдерлик, сотторду башкаруу, бийликти ыксыз пайдалануу жүрүүдө деп президенттин өзүнө чейин кайрылганы менен алардын үнүн соттордун соңку чечимдери басып койду.

"Вечерний Бишкек"
"Вечерний Бишкек"

Ошентип 2000-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге саткан үлүшүн сот аркылуу калыбына келтирип, кирешелүү жана таасирлүү гезитти көзөмөлүнө алган Александр Рябушкин анын артында эч кандай күч жок экенин айтып, сот акыйкаттыгына ыраазы болуп келет.

- Сиздер мага ишениңиздер. Ишенбесеңиздер документтерди көрсөтөйүн. Мени азыр моралдык-этикалык жактан уялып, кыйналбайм. Ким менин активдеримди 15 жыл бою пайдаланды. Мен ал кезде көчөдө калгам. Анан менин каршылаштарым жөнөкөй абалды эле саясатташтыргысы келди. Президенттин кеңешчисин аралаштыргысы келди, албетте, аны уккандар демек, мунун артында президент турат деп ойлошмок да. Мен Фарид Ниязовду сыртынан эле билем. Жакын тааныштыгым жок. Өзүмө тийиштүү нерсени гана талап кылдым.

Ал эми гезитти Рябушкинге алдырып жиберген мурдагы кожоюн Александр Ким соттордун мындай чечиминин артында бийлик турганынан күмөн санабайт.

- Шайлоо алдында массалык маалымат каражаттарын колго алуу максаты турган. Бул нерсе Акаев менен Бакиевдин мезгилиндеги нерселер кайталанып жатканын көрсөтөт. Бүгүн бардык бизнес Атамбаевге жакын адамдардын көзөмөлүндө. Анан кирешелүү “Вечерний Бишкек” аларга эч нерсе бербей таарынтты да.

Ким ушул тапта басылманын саясаты өзгөрүлүп, бийликти колдоого карай бет алганын, ага гезиттин 25-сентябрда чыккан санында “Бийлик туруктуулугу менен күчтүү” деген макаланы мисалга тарткан жайы бар. Ал макалада президенттер Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин сүрөттөрү коюлуп, бийлик партиясына добуш берүүгө чакырык жасалган.

Азыр Александр Ким жана аны ээрчип “Вечерний Бишкектен” кеткен журналисттер Zanoza.kg сайтын ачып, журналисттик ишин улантышууда.

Аткаминерлерди таарынткан журналисттер

“Вечерний Бишкектин” чыры андан ары соттук териштирүүгө жол ачты. Басылманын тегерегиндеги абал туурасындагы апрель айында “Кабар Ордо” интернет порталына берген маеги үчүн журналист, коомдук ишмер Уран Ботобеков ушу тапта президенттин кеңешчиси кызматын аркалаган Икрамжан Илмияновдун каарына калды. “Вечерний Бишкекке” байланыштуу жагдайдан улам ошол эле апрель айында президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары кызматынан арызы менен бошогон Илмиянов ал маекти анын аброюна шек келтирүү катары кабыл алып, сотко берген. Бул иш боюнча райондук сот жана шаардык сот дагы чечимди Илмияновдун пайдасына чечип, журналист Уран Ботобеков 1 миллион 800 миң сом доого жыгылды.

Ботобеков жана анын таламдаштары сот чечимин сөз эркиндигин муунткан саясий буюртма деп баалап, буга байланыштуу Ботобековду коргоо комитетин түзүп, доону төлөө үчүн жети сомдон чогултуу акциясы башталган. Ошентсе дагы оппозиционер Илмияновдун доосун төлөөгө чамасы чак экенин айтып, Жогорку Сотко кайрыларын, эгерде ал жактан дагы сот чечими өзгөрүүсүз күчүндө кала турган болсо, анда эл аралык сотко чейин кайрылууга мажбур болорун жарыялаган.

Икрамжан Илмиянов
Икрамжан Илмиянов

Журналист Уран Ботобеков өз маегинде Илмиянов тууралуу маалымат каражаттарына жарыяланган фактылардын негизинде гана анализ жасаганын айтып, мыйзам саясий көз караш үчүн сот жоопкерчилигине тартууга жол бербестигин белгилеп келет.

- Икрамжан Илмиянов менден “кыргыз коому аны орус падышасы Николай IIнин сарайындагы көшөгө артындагы көмүскө иштерди жүргүзгөн Распутиндей жек көрүп калганы анык” деген сүйлөмүмдү төгүнгө чыгарууну талап кылууда. Илмиянов тууралуу маалымат каражаттарында аябай көп макалалар чыккан. Мен мына ошол материалдарга таянуу менен салыштыруу иретинде гана сүрөттөгөн болчумун.

Журналисттердин арасында Уран Ботобеков өңдүү быйыл ири доого Дайыр Орунбеков да жыгылды. Ал 2014-жылы сентябрда Мaalymat kg. интернет сайтына Ош коогасына байланыштуу макаласын жарыялап, анда кандуу окуяга саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылып, жыйынтыгында журналистке 2 миллион сом доо коюлган. Акчаны топтоо үчүн Орунбеков кеңсесине атайын куту орнотуп, ыктыярчылардын жардамы менен көчө, базарларды кыдырып, бир сомдон чогултканы маалым.

- Мен төлөгөндөн баш тарткан жокмун. Негизи соттун чечими бүгүнкү бийликтин кысымы, ал адилетсиз, акыйкатсыз болду. Бирок мыйзамды сыйлаган адам катары төлөп берүүгө аракет кылып жатам. Тилекке каршы, 2 млн. сом толук табыла элек. Аны тез арада төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүм жок. Азыр 12 миң сомдон ашуун каражат чогулду. Бишкектеги активисттер, сөз эркиндигин коргогон жарандар 16-декабрда атайын флешмоб өткөрүүгө даярданып жатышат. Ак үйдүн астында президентке чогулган каражатты өткөрүп берүү акциясы болот. Ошол күндөн баштап төлөп баштайм.

Дайыр Орунбековго чыгарылган сот өкүмү боюнча "1 сом" акциясы
Дайыр Орунбековго чыгарылган сот өкүмү боюнча "1 сом" акциясы

​17-декабрь күнү элден чогулган 12 миң сомду доого жыгылган Дайыр Орунбеков, Уран Ботобеков баштаган активисттер чогулуп, президенттин өз колуна тапшырабыз деген максатта Ак үйдүн алдына барган кезде милиция кармап кеткен. Аларга "уруксатсыз акцияга чыгуу, күч кызматкерине баш ийбөө жана майда бейбаштык" сыяктуу айыптар тагылып, айып пул салынган. Ага нааразы болгон активисттер эми Жогорку Сотко кайрылганы жатышат.

Дайыр Орунбековдун аты президенттин жылдык маалымат жыйынында да айтылды. Өлкө башчысына суроо берген журналисттердин бири Орунбековду төлөй албай турган көлөмдөгү суммада доого жыгуу бул массалык маалымат каражаттарына карата басым эмеспи деген суроосуна президент агынан жарылды. Алмазбек Атамбаев беш жылдан бери анын дарегине айтылган айыптоолордон тажап бүткөнүн айтып, Орунбековду эч убакта кечире албасын белгиледи.

- Эгер маданияттуу түрдө түшүнүксүз болуп жатса, анда каралар минтип айтышат. Ойлонуп сүйлөгүлө - "фильтруйте базары" , чындыкты жазгыла. Эгер мен жөнүндө чындыкты жазгыңар келсе жазгыла. Мен беш жыл чыдадым. Мени Ош окуясын уюштурду деп беш жылдан бери гезиттер айыптап келе жатышат. Ошол эле учурда алар бардыгы мунун калп экенин билип эле турушат. Анан мен муну жутуп жиберишим керекпи? Кичине уялсаңар боло! Менин оюмча, силер нормалдуу мамлекетке жашагыңар келсе, анда сөзүңөргө жооп бергенге көнгүлө. Журналисттин милдети бирөөнү мактап, бирөөнү каралоо эмес, фактыларды, маалыматты жазуу. Кээде уялгылачы! Мен жанагы Орунбековду эч качан кечирбейм. Сен кимдир бирөөлөрдү акчасына иштеп жүрсөң, эми алар сен үчүн доону төлөп беришсин эми! Эмне үчүн сиздер Европадагыдай журналистика болуусун каалабайсыңар. Ал жерде ар бир сөзгө жооп берет. Ал жерде айып пул 10-20 миң доллар эмес, миллиондор дароо кетет. Эгер биз бир оюнда ойноп жатсак, баарыбызга эреже бирдей болсун! Эгер мен Ош окуяларын уюштурганым чын болсо, анда мени аттыргыла!

Серепчилер эгерде Орунбеков жана Ботобеков миллион сомду чапчыган айып пулду төлөп бербесе, барып-барып абакка кесилип кетүүлөрү дагы ыктымалдыгын белгилешет.

Журналисттердин жагдайына тынчсызданган укук коргоочулар буга байланыштуу президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына, парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер, Регламент комитеттерине кайрылуу менен чыгышты. Алар бул процесстерди Атамбаев башында турган бийлик көз карандысыз басылмаларга сот аркылуу, ири суммада айып салуу менен кысым жасап жатканы көрүнүп калды деп эсептеп, журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды. “Кылым шамы” укук борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

- Сөз эркиндиги, өз оюн эркин билдирүү укугу мамлекет тарабынан корголушу керек. Бизде болсо, акыркы тенденциялар көрсөткөндөй, бийлик өкүлдөрү тарабынан кысымга алынып, бузулуп жатат. Алмазбек Атамбаев мамлекеттин башында турган киши катары сөз эркиндигин кысымга алып, сотко бергендиги бул өлкөдөгү сөз эркиндигин, журналисттердин абалы начарлаганын көрсөтүп жатат. 24-декабрда пресс-конференцияда президент өзүнүн бир нече пикирин билдирип кетти. Эгер мен президент болбосом мен токмоктоп салмакмын, ойлоп сүйлөгүлө дегендей адамдын оюна сыйбаган, президентке татыктуу эмес сөздөр айтылып кетти. Мунун өзү менин оюмча, президент тарабынан башкаларга бир ишарат болгондой сезилди. Мына мен президентмин мен токмоктой албай жатам, мына силер токмоктогула дегендей болуп калды.

Журналисттер үчүн жаңы жоболор

Парламент демекчи, быйыл жаңы шайланып келген эл өкүлдөрү дагы журналисттер үчүн жаңыча жоболорду киргизүүгө аракет кылышты. Мисалы, Жогорку Кеңеш алгачкы жыйындарын журналисттер депутаттардын ишин чагылдыруу үчүн парламент имаратына кандай кийинип келиши керек деген нерсени талкуулоо менен баштаган. Муну менен катар төрага Асылбек Жээнбековдун “калпты жазган ” журналисттер парламентке киргизилбей турганын айтып, ага макул болгусу келбегендерди укугун сотто коргоп алууга чакырган жайы бар.

Жарандык коом өкүлдөрү парламент ишин баштабай жатып, журналисттерге тиш кайраганын сөз эркиндигин чектөө катары сыпатташкан. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү, журналист Гүлзада Медералиева качан бийликтин ар бир бутагы, ошол эле эл өкүлдөрү ачык болгондо гана калп маалыматтар тарабайт деген оюн ортого салган.

"Фридом Хаус" уюмунун быйылкы баяндамасында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы 2014-жылга салыштырмалуу начарлаганы айтылган. Анда Кыргызстанга 199 өлкөнүн ичинен 148-орун ыйгарылып, эркин эмес мамлекеттердин катарына кошулган.

- Калп маалыматтар качан чыгат? Качан ушунтип жабык болгондо бүдөмүк сөздөр чыгат. Өздөрү ачык болуп, түз маалымат бергенде гана Жээнбеков айткандай туура эмес, калп маалымат кетпейт. Ошондуктан дресс-код, калпты жазган журналисттер киргизилбейт деген суу кечпеген шылтоо болууда. Муну менен алар өздөрүнө ыңгайсыз адамды киргизбей атат деген аргументке негиз берип жатышат.

Эл аралык "Фридом Хаус" уюмунун быйылкы баяндамасында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы 2014-жылга салыштырмалуу начарлаганы айтылган. Анда Кыргызстанга 199 өлкөнүн ичинен 148-орун ыйгарылып, эркин эмес мамлекеттердин катарына кошулган.

Былтыр өлкө 2013-жылга салыштырмалуу 11 позицияга өйдөлөп, 158-орундан 147-орунга көтөрүлгөн. Бирок эркин эмес мамлекеттердин тизмесинде кала берген.

Талдоочулар Кыргызстандын былтыркы 147-орундан бир тепкичке ылдыйлап, 148-орунга түшүп калышына жакынкы учурда эле журналисттин кыймыл-аракетине байланыштуу мыйзамдын кабыл алынып калышы жана журналисттердин жоопкерчилигине байланыштуу саясатчылардын сотторго кайрылуулары өңдүү факторлор таасир этиши ыктымалдыгын айтып келишет.

Ошол эле учурда алар Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапта экенин, өлкөдө массалык маалымат каражаттары сындабаган эч ким, эч нерсе жок экендиги белгилешет.

Президент Атамбаев Сыргак Абдылдаевге "Эрдик" медалын тапшырууда
Президент Атамбаев Сыргак Абдылдаевге "Эрдик" медалын тапшырууда

Саясий серепчи, журналист Кубан Абдымен Кыргызстанда Бакиевдин учурунан кийинки убакыттар аралыгына көз чаптыра турган болсок, өлкөдө сөз эркиндигинин калыптануу процесси өз нугунда бара жатканын, журналисттердин эркин иштөөсү үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөнүн четке кагуу мүмкүн эместигин белгилейт.

- Жалпылап айтканда, соңку беш жылда сөз эркиндиги буга чейинки өзгөчө Бакиевдин учурундагы шартка караганда бир топ эле жакшы деңгээлге чыкты. Акыркы төрт-беш жыл ичинде сөз эркиндиги артка кетпегидей бир нукка түшүп, алдыга өнүгө тургандай түзүп, коомчулуктун дагы аң-сезимин бир жакка буруп койду. Ошондуктан мен ойлойм, келечекте сөз эркиндиги азыркы нугунан бурулбайт. Мамлекет тараптан, саясий шарттан эч кандай кысым тоскоолдуктар жаралат деп айтууга болбойт. Демократиясы, сөз эркиндиги бийик деңгээлге чыккан өлкөлөрдүн үлгүсүн көргөндөн кийин бизде дагы бул жакшы деңгээлге чыкканга толук мүмкүнчүлүк бар.

Кыргызстанда апрель революциясына чейин Бакиевдин режими учурунда кандуу окуялар менен коштолгон сөз эркиндигин чектөө, кысмактоо аракеттери коомчулуктун эсинен чыга элек. Ал учурда бийликти сындаган журналисттер Алишер Саипов, Геннадий Павлюк өлтүрүлүп, катуу сабалып, өмүрүнө кол салынгандан кийин Сыргак Абдылдаевдин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгону коомчулук үрөйүн учурган эле.

Былтыр 2014-жылы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн жарлыгы менен белгилүү журналист жана публицист Сыргак Абдылдаевге кызматтык жана атуулдук парзын аркалоодогу каармандыгы үчүн “Эрдик” медалын тапшырып жатып, өлкөнүн демократиялык жол менен өнүгүшүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өзгөчө ролуна токтолуп, мамлекет мындан ары да Кыргызстанда сөз эркиндигин жана журналистиканы өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзөрүн белгилеген.

Серепчилер дал ушул ой-максатты өлкө башчысы менен иштешкен ири жетекчи инсандар, ар кыл кызматтарды аркалап жаткан түрдүү деңгээлдеги жетекчилер жана саясатчылар эсинен чыгарбаса экен деп тилек кылып келишет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG