Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

ЖМК мындан ары сот чечимисиз жабылабы?


Кыргызстанда жарык көргөн айрым гезиттер.
Кыргызстанда жарык көргөн айрым гезиттер.

Юстиция министрлиги Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Эгер ал кабыл алынса, медиа-мекемелерди соттун чечими жок эле жаап коюуга уруксат берилет.

Серепчилер мындай мыйзам Кыргызстанда сөз эркиндигин чектерин айтып, тынчсызданууда. "Азаттык" радиосу демилгечилердин бири, Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын адиси Эмир Зулпуевди кепке тартты.

“Азаттык”: Сиздер сунуштаган мыйзам долбоору медиа тармагында иштегендер тарабынан кызуу талкууга алынды. Айрыкча, кайсы бир басылманы соттун чечими жок эле жабуу бир аз түшүнүксүз болууда. Демилгечилердин бири катары буга кандай комментарий бересиз?

Зулпуев: Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун максаты – азыркы мыйзамдагы боштукту толтуруу. Бирок коомчулукка туура эмес маалымат тарап кетти.

Биз сунуштап жаткан долбоордо кандайдыр бир себеп менен басылма ээсинин ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө соттун чечими чыкса, же болбосо басылма ээси каза таап, ал негиздеген ишкананын жумушун улантууга мыйзамдуу мураскор жок болсо, соттун кошумча чечими жок эле медиа-мекеме ишин токтотушу керек. Башка учурда алардын жумушуна эч кандай тоскоолдук болбойт.

“Азаттык”: Мыйзам долбооруңарда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кай бир басылманы жаап коюу укугун берүү да сунушталып жатканы айтылууда...

Зулпуев: Мыйзамдын талаптары аткарылбаган учурда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги протокол түзүп, басылманы сотко өткөрүп берет. Бул боюнча Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизүүнү да сунуштап жатабыз.

“Азаттык”: Андай болсо жалпыга маалымдоо каражаттарынын тагдыры бир эле министрликке байланыштуу болуп калбайбы?

Зулпуев: Ансыз деле бул министрликте маалымат тармагын башкаруу укугу бар эмеспи. Анын астында түзүлгөн ар кандай департаменттер иш жүргүзүп жатат. Алар ушул багытта түзүлгөн мамлекеттик органдар болуп эсептелет.

“Азаттык”: Бул сунушуңар сөз эркиндигин чектебейби?

Зулпуев: Жок, андай болбойт. Биз болгону жол-жоболорду гана бир аз өзгөртүп жатабыз.

“Азаттык”: Өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзам долбоорунда ар бир басылма, телевидение же радио башкы редактордун алмашуусу тууралуу Юстиция министрлигине маалымат берүүгө милдеттендирилет экен... Ансыз да бул маалымат катары жарыяланат да. Же сөзсүз расмий билдирүү керекпи?

Зулпуев: Жалпыга маалымдоо каражатын каттоого алуунун өзүнчө эрежеси бар. Эгер редакциянын дареги өзгөрсө, гезиттин нускасы көбөйсө же азайса, бизге кабарлашы керек. Бул колдонулуп эле келген эреже. Биз болгону "башкы редактор алмашкан учурда дароо Юстиция министрлигине билдирилиши зарыл" деп мыйзамга кошумча киргизип жатабыз. Анткени биздин мекемеге мамлекеттик органдардан, соттон, прокуратурадан медиа-мекеме тууралуу ар кандай суроо-талаптар келип калышы мүмкүн. Ошол маалда толук жооп бергендей болушубуз керек.

XS
SM
MD
LG