Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

ЕККУ кыргыз демократиясына оң баа берди


Эрлан Абдылдаев менен Франк-Вальтер Штайнмайердин 31-марттагы Бишкектеги жолугушуусу.
Эрлан Абдылдаев менен Франк-Вальтер Штайнмайердин 31-марттагы Бишкектеги жолугушуусу.

Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн ЕККУ төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстандагы эки күндүк сапарын бүгүн жыйынтыктап, Тажикстанга жолун улады. Бишкек сапарынын соңунда бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, адам укуктары, сөз эркиндиги, коопсуздук маселесин талкуулады.

ЕККУнун азыркы төрагасы жана Германия тышкы иштер министри Штайнмайер Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талкуулады.

Жолугушууга чакырылгандардын бири, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова анда козголгон маселелер тууралуу “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Кыргызстанда эркин жыйын өткөрүүнү чектебөө, адам укуктарынын сакталышы боюнча сүйлөштүк. Оппозициянын куугунтукталышы жана сөз эркиндиги жөнүндө да маселе көтөрүлдү. Азыр мурдагыдай эмес, пикет-митинг тууралуу укуктар сакталбай жатат. Өндүрүш Токтонасыров сыяктуу жарандык активисттер жалгыз пикетке чыкса да, укук коргоо органдары кармап кетишүүдө.

Укук коргоочунун айтымында, жолугушууда ЕККУнун төрагасы “Чет элдик агент жөнүндө” мыйзам долбооруна кызыкты. Бейөкмөт уюмдарды "чет элдик агент" катары таануу сунушу камтылган Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында иштелип чыккан бул документ азыркы парламентте каралып жаткандыгы белгилүү. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова бул долбоор жарандык коомдун ишмердигине моралдык басым жасап жаткандыгын билдирди.

Адам укуктарынын, демократиялык баалуулуктардын сакталышы, коопсуздук маселелери ЕККУ төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер менен президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий жолугушууларда да ортого салынган. Ал тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен чогуу журналисттерге маалымат берип жатып буларга токтолду:

- Кыргызстанга акыркы жолу он жыл илгери келгем. Андан бери олуттуу өзгөрүүлөр болуптур. 2010-жылы Кыргызстандын парламенттик демократия жолун тандап алганы сыйга татыйт. Азыр демократиянын жандуу экенине баарыбыз күбө болдук.

Германиянын тышкы иштер министринин Бишкектеги сапарындагы расмий жолугушууларда соода-экономикалык кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУнун алкагындагы мамиле жана кыргыз-немис алакасын өнүктүрүү, 2017-жылдагы президенттик шайлоону акыйкат өткөрүү багытында кеп козголду:

- Быйыл ЕККУга төрагалык милдетти аткарып жаткан Германиянын тышкы иштер министринин сапарынын мааниси чоң. Биз кыргыз-немис кызматташтыгын өнүктүрүү жана аталган уюмдун алкагындагы алаканы улантууга басым жасадык.

Жолугушууларда быйыл Германияда өтүүчү немис-бизнес форуму кызматташтыктын жаңы баскычы катары белгиленди. Штайнмайер жетектеген немис делегациясынын курамына маданият, илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ишкерлер жана Бундестагдын депутаттары кирген.

XS
SM
MD
LG