Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Назарбаевдин ордун ким басат?


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (10-17-октябрь)

Узаган аптада Нурсултан Назарбаевдин сасык тумоолоп калышы дүйнөлүк басма сөздө бир топ талкууга алынды. Азия саясатына сереп салган The Diplomat басылмасы казак президентинин ордун ким басат деген суроого жооп издеген. “Борбор Азиянын аксакал лидери Ислам Каримов каза тапкандан кийин 76 жаштагы Нурсултан Назарбаев чүчкүрүп калса деле баары сестене баштады. Каримов сыяктуу эле казак лидеринин да саламаттыгына байланыштуу аңыз кептер калк арасында көп айтылып келет. Бирок баарын түйшөлткөнү - ал ары карап кетсе, ордуна ким келет деген суроо. 2006-жылы Түркмөнстандын советтик жол башчысы Сапармурат Ниязов өлгөндөн кийин Баш мыйзамдагыдай бийлик алмашуу болбой, парламенттин төрагасы Авазгелди Атаевдин ордуна өкмөт башчы Гурбангулы Бердымухаммедов отура калган. Өзбекстанда деле дал ушундай окуя кайталанды. Эгерде Назарбаев кайтыш болсо Конститутция боюнча парламенттеги сенаттын төрагасы шайлоого чейин бийлик жоопкерчилигин ала турган биринчи адам. 2013-жылдан бери Сенатты Касым-Жомарт Токаев башкарып келет. Сенат жетекчисинен кийинки тизмеде Мажилис төрагасы жана премьер-министр бар. Бирок Казакстанда Борбор Азиянын башка мамлекеттериндей эле жазылгандар толук ишке ашат деп айтуу кыйын. Былтыр эле президенттик такка дагы беш жылга шайланган Назарбаев сексенге чыккыча журт башында турат. Кандай болгон күндө да өлкөсүн геосаясий аренада жакшы деңгээлге чыгарып койгондуктан Назарбаевден кийинки адам анчалык деле кыйынчылык тартпайт”, - деп жазат The Diplomat.

Хилларини артка калтырган Мишел Обама

Германияда чыккан Der Spiegel журналынын талдоочусу Патрисия Дрейер Кошмо Штаттарынын биринчи айымы Мишел Обаманын бейнесине назар салган. “Бир нече жумадан кийин Мишел Обама АКШнын биринчи айымы болбой калат. Бирок Америка аны койо бергиси келбей жатат. Мишел азыр баарына жетишүүдө: Бейонседей ырдап, Жорж Буш менен музейдин ачылышына барып, бирок эң эле маанилүүсү - Хиллари Клинтондун үгүт иштеринин олуттуу фигурасына айланды. Дональд Трамп аялдарды имерген “эрдиги” менен дүңгүрөп жатканда Хиллари Клинтон ага жооп бере албай мүңкүрөп калды эле жардамга Мишел Обама келди. Анын “Жетишет, ушунча болду, эми жетишет!” деп айткан сөзү миллиондогон адамдардын жүрөгүнө от тамызды. Америкалыктардын көбү үчүн келечектеги аялдын образын Хиллари эмес, дал ушул Мишел жаратып жаткандай. Эгерде шайлоодон Трамп жеңсе, анда анын энөө аялы, мурдагы топ-модель биринчи айым болот. Хиллари жеңсе АКШ эли кайра эле баягы сүйлөөк Билл Клинтонго калат. Мишел саясий дымагы жок экенин ар дайым баса белгилеп келет, ошентсе да анын саясаттагы орду чоң. Кул болуп Америкага барган өз ата-бабасынын тарыхы менен өлкөдөгү расизмге каршы күрөштү. Мишелдин башка да көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Жакында эле Vanity Fair аттуу саркеч журнал Жаклин Кеннедидей сулуу, Опра Уинфридей элге жакын, Жулия Робертстей шайыр деп сыпаттап, коомчулукта Мишел жылдыз катары көпкө жанарын божомолдогон. Хиллари Клинтондун үгүт ишин алга жылдырган дал ушул Обаманын жубайы болууда”, - деген пикирде немис аналитиги.

Жокчулукта жашаган 75 миң бала

Newsweek журналы Нигериядагы гуманитардык кризис тууралуу апта сайын көйгөйлүү макала жана сүрөт баяндарды чыгарып жатат. Атуулдук согуштан улам алсырап турган өлкөнүн түндүк чыгышында ачарчылык арааны жүрүүдө. Ага безгек оорусу кошулуп, көбүнчө наристелер менен балдардын өмүрү кыйылып жатат. Чек арасыз дарыгерлер уюмунун "Боко Харам" террордук тобу басып алган аймакта жайгашкан лагеринде эл аралык куткаруучулар ачарчылыкка кабылган балдарга жардам берүү аракетинде. Үч миллион киши жетиштүү азыктанбай, ЮНИСЕФ кескин чараларды көрбөсө, бир жылда 75 миң бала кырылып калаарын эскертүүдө. Ыктыярчылар эмнеге жокчулук мынчалык тез жана кеңири кулач жайганына таң калып, эл аралык коомчулукту жардамга чакырышууда. Нигерия Африкадагы эң бай өлкөлөрдүн экинчи сабында турганы менен, гуманитардык каатчылыкка согуш себеп болуп жатат деп жазат Newsweek.

Кытайдын сексендеги топ-модель абышкасы

Independent гезити сексенге чыккан актер Ванг Дешундун белден жогору жылаңачтанып, подиумга чыкканы көпчүлүктүн кызуу талкуусуна алынганын жазды. “Жашыруун падышачылык”, “Жер менен көктүн аскерлери” деген сыяктуу бир катар кино тасмаларда роль жараткан карыя Кытай мода жумалыгынын жылдызына айланды. Ал өзү бул күнгө 60 жыл бою даярданганын айтат. Булчуңдары жаш жигиттикиндей чың, келбети келишкен, бирок чачы аппак топ-модель, актер чал элүүгө чыккандан бери күнүгө спорт залда машыгат. Ал 44 жашында англис тилин үйрөнгөн. “Карыдым деп отуруп албай, азыркыдай алтын доордо мүмкүнчүлүктүн баарын болушунча пайдалануу керек. Өзүңдү ийгиликке багыттабасаң, эч ким сага жардам бербейт. Жылдыздай жанган доордо жаркырап алуу зарыл”, - деген Дешун мода көрсөтүп бүткөндөн кийин.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG