Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:29

"Парламентти олигархтар башкарууда"


Ак үй, Бишкек шаары

Ушул күндөрү Чехиянын баш калаасында “Прага жарандык коому” бейөкмөт уюму пост-советтик өлкөлөрдөгү бийликте турган олигархиялык структураларды реформалоого арналган талкууларды өткөрүүдө.

Ага бир нече өлкөдөн юристтер, медиа эксперттер, жарандык активисттер, журналисттер, анын ичинде Кыргызстандан да өкүлдөр чакырылган.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө ушул маселе талкууга алынды. Ага Интерньюс уюмунун долбоорлор боюнча адиси Жылдыз Куватова, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров, “Азаттыктын” журналисти Улан Эгизбаев катышты.

"Азаттык": Пост-советтик аймакта бийликти бир нече ирет күч менен алмаштырган өлкөлөр менен катар эле 20 жылдан ашуун бийлик алмашпаган режимдер бар. Кыргызстандын мисалында кандай реформалар жөнүндө сөз болууда, эмне ойлор айтылууда?

Кыргызстандын саясий тарыхында болуп көрбөгөндөй олигархиялык парламент келди. Атка минерлердин көбү мамлекеттик байлыкты кандайдыр бир жол менен приватизациялап, же болбосо мамлекеттик структураларга жакын болуп, кант, токой, ун, темир, кен байлыктар аркылуу байыган адамдар экени жашыруун деле эмес.
Азамат Аттокуров

Азамат Аттокуров: Пост-советтик өлкөлөрдүн көбүндө мамлекеттик бийликке олигархиялык структуралар келип калган. Мисалга алсак, Казакстанда, Азербайжанда мунай, токой, кен байлыктар аркылуу байыган адамдар бийликке келген.

Кыргызстандын саясий тарыхында болуп көрбөгөндөй олигархиялык парламент келди.

Аткаминерлердин көбү мамлекеттик байлыкты кандайдыр бир жол менен менчиктеп же болбосо мамлекеттик структураларга жакын болуп, кант, токой, ун, темир, кен байлыктар аркылуу байыган адамдар экени жашыруун деле эмес. Мына ушундай олигархиялык бийлик келгенде ага кантип каршы туруп, аны реформалоо болот деген талкуулар жүрүп жатат.

“Азаттык”: Эмне үчүн ыңкылап болгон өлкөлөрдө тилекке каршы кайра эле олигархиялык түзүлүштөр бийликке келди? Мунун себептерине токтолгондор барбы?

Олигарх болобу, же эч нерсеси жок кишиби, айтор, бийликке туугандык-кландык колдоо менен келсе, элге таандык байлыкты өз кызыкчылыгына колдонсо өлкөнү жакырчылык басып, элдин жашоосу начарлайт. Мындай өлкөлөрдө бийликке эч ким ишенбейт.
Жылдыз Куватова

Жылдыз Куватова: Бийлик ыңкылап аркылуубу же шайлоо аркылуу келеби, эң негизги маселе жарандык коомдун талаптары, коомдун кызыкчылыктары эске алынбаса, андай өлкөлөр эч качан туруктуу болбойт.

Олигарх болобу же эч нерсеси жок кишиби, айтор, бийликке туугандык-кландык колдоо менен келсе, элге таандык байлыкты өз кызыкчылыгына колдонсо, өлкөнү жакырчылык басып, элдин жашоосу начарлайт. Мындай өлкөлөрдө бийликке эч ким ишенбейт. Социалдык капитал төмөндөйт. Эл деген бир-эки жыл чыдайт андан кийин нааразылык күчөп, кризис башталат.

Ошондуктан кандай жол менен болсо да бийликке келген адамдар, топтор эң биринчи структуралык реформаларды баштоосу зарыл. Андай болбосо тарых кайталана берет. Көптөгөн өлкөлөрдүн жакырчылыктан чыга албай жатканынын бирден бир себеби ушул. Талкууда эки ой айтылууда – биринчи экономиканы көтөрүү, андан кийин гана структуралык реформаны жүргүзүү керек. Ал эми эксперттердин оюнда - структуралык реформаны ишке ашыруу зарыл. Анткени экономика өнүксө дагы өлкөдө бийлик басымы күчтүү болсо туруктуулук сакталбайт.

Азамат Аттокуров
Азамат Аттокуров

Азамат Аттокуров: Өнүккөн мамлекеттерде басынтуу аппараттары күчтүү болот. Себеби, бийлик күчтүү жана жарандык коомду кишендеп турат.

Ал эми өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде жарандык коом күчтүү, андыктан бийликтин басынтуу аппараттары бошоңураак болот. Эми олигархиялык түзүлүштөрдү кантип жок кыла алабыз? Биз аны таптакыр жок кыла албасак да тең салмактуулукту кармап турушубуз шарт. Ал үчүн жаңы технологияларды колдонушубуз керек. Биздеги саясий партиялар АКШдагыдай шайлоо кампаниясына элден акча чогултушу керек. Мындан сырткары партияларды мамлекет каржылоосу керек. Эгер партия 3% чектен өтсө, анда мамлекет каржылашы керек. Ал эми бизде тескерисинче бул чекти 10% көтөрөбүз деп жатышат. Бул туура эмес. Азыркы 7% дагы эң чоң көрсөткүч - бул бийликке олигархтардын гана келишине жол ачат.

Медиа - жарандык коомдун түркүгү

“Азаттык”: Пост-советтик өлкөлөрдө медиа каражаттары олигархиялык түзүлүштөргө каршы туруп, адилеттүү бийлик жүргүзүүгө канткенде өбөлгө боло алат?

Улан Эгизбаев: Бул талкууда Украинадагы Евромайдан өзөктүү мисал болуп жатат. Медиа жарандык коомдун негизги тирөөчү болгону, эбегейсиз жардам бергени айтылууда. Кыргызстанды алсак, Kloop медиасынын жетекчиси Прагадагы талкууда өз иликтөөлөрү тууралуу кеңири айтып өттү. Армения, Казакстандан дагы башка жерден келген кесиптештер коррупция, авторитардык режимдер менен күрөшүүдө өз тажрыйбаларын айтып беришти.

Кыргызстанда медиага чыккандан кийин коррупцияга аралашкан көптөгөн аткаминерлер кармалып, жоопко тартылган учурлар бар. Анткени “эл эмне кыла алмак эле, баары бир бийликтин айтканына көнөт” деген көз карашты карманган аткаминерлер арбын эмеспи.

“Азаттык”: Азыр белдүү саясатчылардын көбүнүн менчик медиа каражаттары бар. Маалымат каражаттары, жаңы технологиялар дагы деле олигархтардын колунда десек болобу?

Жылдыз Куватова
Жылдыз Куватова

Жылдыз Куватова: Жаңы технологияларды олигархтар башкарат деп айта албайбыз. Социалдык тармактардын бир жакшы жери - алар эч кимге таандык эмес. Бирок ММКларды алсак, жанагы институционалдык, каттоодон өткөн медиа каражаттар, ооба, ээлеринин көзүн карайт. Андан чыгуу үчүн жалпы коомчулук менен биргеликте мыйзамдарды өзгөртүшүбүз керек. Коомдук кызыкчылык деген баалуулук мыйзамда бадырайып кызыл тамга менен жазылышы керек. Эгер ММКлар бир кишиге таандык болсо пропаганда деген коомго өтө чоң зыян келтирет. Өнүккөн демократияларда ММКлар өзүнчө институт. Эгер медиа каражаттары коомдун кызыкчылыгын көздөбөсө, аны жаап коюш керек деген көз караш күч.

Улан Эгизбаев: Кыргызстанда альтернативдүү маалымат булактары дээрлик жок десе болот. Мисалы, “Азаттык”, Kloop болушунча бийликти сындагандардын пикирин берип, элдин кызыкчылыгын көздөгөнгө аракет кылып жатат. Бирок айрыкча айыл жергесинде альтернативдүү каражаттар жетпейт. Элдин баары КТРди көргөнгө мажбур. Көз карандысыз НТС каналы эң чоң олигарх Бабановго таандык. Эл, шайлоочулар, телевизордон көрсөтүлгөндөргө ишенет. Альтернативдүү булактардан, интернет аркылуу маалымат алуу жетишсиз. Карапайым эл КТР көрсөткөн дүйнөдө жашагысы келет, ошол эле маалда бийликтин туура эмес жасап жаткан иштеринен кабардар болбой калышат. Ал эми ага альтернативдүү НТСти алсак, ал өзүнүн кожоюна кызмат кылат. Кыйыр түрдө элдин кызыкчылыгын көрсөтүп жатабыз дешет, бирок артында чоң көздөгөнү бар эмеспи.

Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Жылдыз Куватова: Дүйнөлүк практикада олигарх маалымат каражатынын ээси гана болуп эсептелет. Ал эми редакциялык саясат ал олигархтан көз карандысыз болушу керек. Бизде дагы ага жетүүгө жарандык коом өз салымын кошуусу зарыл.

Быйыл мамлекеттик деңгээлдеги той-топурларга 4,5 млрд сом акча короттук. Коррупция боюнча мамлекеттик деңгээлде шаан-шөкөттөрдү өткөрүү курулуш-оңдоо иштеринен кийин эле экинчи орунда турат. Той-тамашаларды өнүккөн мамлекеттерде жарандык коом өткөрүп берет.
Азамат Аттокуров

Азамат Аттокуров: Демократиялуу өлкөдө мамлекеттик телеканал, ММКлар жок болушу керек.

Коомдук телеканал деп айтканбыз менен иш жүзүндө коомдук боло алган жок. Байкоочу кеңеш жалаң гана жарандык коомдон түзүлүп, ага парламент менен президенттин эч кандай таасири болбошу керек. Ошондо гана КТР ачык-айкын маалыматтарды берүүгө жетишет. ЭлТР, Биринчи радио – толук коомдук болушу шарт.

Жакында бир изилдөө жүрүп, сиз кайсы маалымат булактарга ишенесиз деген суроо коюлган. Алынган жоопторго карасак, биринчи орунда кошуналар, андан кийин жакын туугандар, андан соң мечиттеги молдолор, андан кийин гана Биринчи канал жана башка ММКлар турат. Бул абдан тескери көрүнүш. Биз КТРКга ишенбейбиз, бирок аргасыздан көрөбүз. Ал эми коңшу менен туугандардын ушактарына ишенгендердин баштары айланып калбайбы.

“Азаттык”: Кыргызстанда 25 жыл ичинде демократиялык институттар, жарандык коом өлкөнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошту. Азыр бийлик менен жарандык коомдун алакасына кандай баа бересиз?

Азамат Аттокуров: Кыргызстанда жарандык коомду өспүрүмгө салыштырат элем. Өнүккөн мамлекеттерде бийлик жарандык коомго таянат. Бул мамлекеттин досу, бийлик жасай албаган нерселерди жарандык коом жасап берет. Мисалы, быйыл мамлекеттик деңгээлдеги той-топурларга 4,5 млрд сом акча короттук. Коррупция боюнча мамлекеттик деңгээлде шаан-шөкөттөрдү өткөрүү курулуш-оңдоо иштеринен кийин эле экинчи орунда турат. Той-тамашаларды өнүккөн мамлекеттерде жарандык коом өткөрүп берет. Мамлекет аларга тендер жарыялап, сунуш берет. Жарандык коом андай майрам зарылбы же жокпу, качан, кайда, канча каражат сарптоону чечет. Ал эми азыр кыргыз бийликтери тескерисинче калкты жарандык коомго каршы тукуруп, булар “Американын агенттери” дегенди өзөгүнө чейин сиңирип жатат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG