Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Бийлик журналисттерди мокоттубу?


30-августта Бишкекте Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жана өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулаган “Эркиндик форуму” өттү.

“Эркиндик форумунда” президент Алмазбек Атамбаевге оозеки кайрылуу жолдонду. Жыйынга катышкан легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов жана мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Атамбаевди Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров сыяктуу саясий туткундарга кечирим берүүгө жана ЖМКларга карата соттук доолорду чакыртып алууга үндөштү.

Форумда сөз алган Медеткан Шеримкулов эгемен Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы Совет доорундагыдан да начарлап кетти деп билдирди. Ал Брежневдин кызматын “председатель” эмес, “предатель” деп ката жазганы үчүн гезит редактору жөн гана кызматтан алынганын мисал келтирди.

- Ошол учурда “Вечерний Бишкекти” жабуу же журналисттерди камакка алуу эч кимдин оюна келген эмес. Бирок көпчүлүк советтик мезгилди – тоталитардык деп, эч кандай эркиндик болгон эмес дешет. Мен идеолог катары айтып коеюн азыр совет заманынан да жаман болуп жатат. Түз эфирде сүйлөгөн адамдын сөзү үчүн “Сентябрь” каналын жабуу бул мыйзамсыз. Ал кишинин редакцияга эч кандай тиешеси жок экен. Бул мыйзамсыз жана негизсиз.

Жыйында Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев учурда Кыргызстанда 25 саясий туткун камакта деп маалымдады. Буга чейин президенттин ар-намысына шек келтирди деген айып менен “Заноза” сайты жабылган. Жакында эле оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” телеканалы соттун чечими менен ишин токтотту.

Мындан сырткары бир катар медиа каражаттарга жана оппозициялык активисттерге Башкы прокуратура тарабынан миллиондогон доо коюлган. Ошондой эле 27-июлдан 20-октябрга чейин Бишкекте тынч жыйын, митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Анткен менен бийлик мындай дооматтарды четке кагып, сынчылардын айткандары негизсиз деп жокко чыгарууда. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча алдыңкы орундарда экенин кайталап келет.

- Кыргызстан сөз эркиндигинин деңгээли боюнча региондо алдыңкы орунда келатат. Бул эл аралык уюмдардын рейтингдеринде да таанылган. Апрель ыңкылабынын эң чоң фундаменталдык жетишкендиги да бул албетте Кыргызстандын эркин өлкөгө айланышында. Биз сөз эркиндигинин, эркин жарандардын өлкөсү боло алдык.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Соттон, бийликтен корккон бир гана парламент депутаттары эмес, журналисттер да мокок болуп калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги эркин депутат Жанар Акаев форумда айтты. Анын сөзү боюнча коом бийликтин мыйзамсыз кадамдарына каршы турбаса кесепети оор болот.

- Азыр журналисттер өзүн-өзү чектеп калды. Коомдо болуп жаткан адилетсиздиктерге көз жуумп, мени да соттоп салбасын, мага да миллиондогон доо койбосун деп унчукпай калды. Журналисттер өзүн өзү чектеп, соттон, бийликтен коркуп калды. Эгерде биз ушундай темп менен мокой берсек, эртең эч нерсеге таң калбай калабыз. Жаңы президент болгон адам бир тууганын мэр кылып, дагы бир тууганын министр, элчи койсо да ага деле көнүп калабыз.

Коомдук биринчи каналдын директору Илим Карыпбеков эркиндик чектелип жатат дегендерге кошулбайт. Ал тескерисинче соттук териштирүүлөргө дуушар болгон журналисттерди жоопкерчиликке чакырды.

- Сөз эркиндиги жок дегендерге кошулбайм. Мен буга карама-каршы пикирдемин. Сөз эркиндиги болбосо мындай форумдар өтмөк эмес. Журналисттер өз ишине канчалык жоопкерчиликтүү мамиле жасап жатат деген маселеге маани беришибиз керек. Бул жаатта медиа чөйрө сот органдарына түшүнүктүү бирдиктүү эрежени иштеп чыгышыбыз керек. Бирөөлөр сот алдында жоопкерчиликке тартылат, айрымдары коомчулук алдында сындалат. Ушинтип отуруп бир эрежеге келебиз деп ойлойм. Бул кадимки табигый көрүнүш.

Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

Сөз эркиндигин коргоо комитети ушуну менен экинчи ирет эркиндик форумун өткөрдү. Жыйынга катышкандар резолюция кабыл алып бийликке жана коомчулукка жолдошот.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму өткөн аптада жарыялаган рейтингде Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында “көйгөйлүү өлкөлөрдүн" катарынан орун алган. Ага ылайык, 180 өлкө ичинен Кыргызстан былтыр 85-орунду ээлесе, быйыл 89-орунга түшүп, төрт позицияга төмөндөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG