Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:55

"Сентябрь" каналы "Жалбырак ТВ" болуп иштей турганын жарыялады


Бул тууралуу "Сентябрь" каналынын Бишкектеги кеңсесинде өткөн флеш-мобдо айтылды. Аталган каналдын өкүлдөрү мындан ары "Жалбырак ТВ" деген ат менен интернетте ишин уланта турганын, жакында сайт дагы ишке киришерин маалымдашты. Флеш-мобго телеканалдын жамааты, жарандык активисттер катышты.

Башкы прокуратура мурда Жалал-Абад шаарында чыгып турган оппозициялык маанайдагы ​"Сентябрь" каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланган деген негизде аталган каналды жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Көзөмөл органынын даттануу арызында 2016-жылдын 29-сентябрында телеканалдын түз эфиринде сүйлөгөн Абдылда Капаровдун сөзү экстремисттик маанайда экени жүйө келтирилген. ​

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-августта мунун негизинде "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Судья Жылдыз Жумабаева чечим дароо күчүнө кирерин билдирген. “Сентябрдын” ишмердүүлүгүн токтотуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитети жана УКМКга жүктөлгөн.

“Сентябрь” телеканалынын жамааты башка аталыш менен интернеттеги коомдук тармактарда ишин уланта берерин маалымдаган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG