Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:37

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

24-июлда президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында 70тен ашуун маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, эксперттер менен жолугушту. Мамлекет башчынын айткан ойлору алты жылдык ишмердүүлүгүнүн отчету катары кабыл алынды. Көл жээгиндеги жыйынга галстуксуз келген Атамбаев үч жылдан бери салтка айланган жайкы брифингди акыркы жолу өткөрүп жатканын белгиледи.

Президенттин жооптору

Президент Атамбаев күзүндөгү президенттик шайлоого байланыштуу бир катар суроолорго жооп берди. Бийликтеги социал-демократтар партиясы сунуштаган, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдорун дагы бышыктады.

Эгер ал түптөгөн партия талапкер көрсөтпөгөндө Өмүрбек Бабановду колдомоктугун айтып, "көрүнүктүү жигит" деп мүнөздөмө берди. “Ушул тапта менин көз карашымда Жээнбеков баарынан жакшы талапкер” деген Атамбаев “калгандары ким утса, ошол утсун” – деп жооп берди.

Аны менен катар эле Жогорку Кеңештин төрагасы, шайлоого катышуу ниетин билдирген Чыныбай Турсунбеков боюнча суроого “адашпаган адам, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт»,- деген макалды эске салып, сурамжылоодо КСДПнын ичинен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкканын, экинчи Сапар Исаков болгонун билдирди.

Мамлекет башчынын мындай кескин пикиринен кийин спикер Турсунбеков президенттик шайлоого катышуу ниетинен баш тартканын жергиликтүү маалымат агенттиги жазды. Парламент төрагасы талапкерликке арызын БШКга али жаза элек.

Мамлекет башчы Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү Текебаевдин сотуна барып көрсөтмө берип, “мага каршы чабуул коюш үчүн” биригип жатышат, алардын көбү "былык" иштери ачыкка чыгып калбасын деп коркушат деп айтты. "​Мен сотко басым кылгым келбейт, өзү чечим кабыл алсын. Бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менден кийин да жооп беришет" - деп, кесе айткан мамлекет башчы Текебаевдин иши боюнча сотко басым болуп жатат деп айтылгандарды четке какты.

Атамбаев өлкөнүн тышкы саясатына байланышкан суроолорго дагы жооп берди. Эмне себептен АКШнын аскерий базасын чыгарып кетүүнү, Орусиянын Канттагы базасынын ижара мөөнөтүн кыскарткан себебине токтолду. “Бизди экинчи сорттогу эл катары эсептөөгө жол бербейбиз. АКШнын Мамлекеттик департаментинин, өзгөчө демократтардын бийлиги учурундагы Кыргызстан боюнча саясатына көңүлүм жылыбайт» деген президент 2014-жылы “Манас” аэропортунда турган транзиттик борбор чыгарылган учурду эстеди.

«Эсиңердеби, 2014-жылы. Жыл аягына чейин, үч ай аралыгында америкалыктар Каримовдун режимине 328 брондолгон машинелерди берди. Анын ар бири миллион долларга чукулдайт. Мына, демократиянын баасы. Мына, АКШ Мамлекеттик департаментинин демократия жөнүндөгү сөздөрүнүн наркы. Иш жүзүндө эскертишти» деген кыргыз президенти "328 брондолгон машинени эмнеге бизге берген жоксуңар" деп сураганын кошумчалады.

2001-жылы ачылган америкалык база ижара акысы үчүн Кыргызстанга жылына 65 миллион доллар төлөп турган. 2014-жылдын 10-июлунда база өлкөдөн чыгарылган.

2014-жылы "Манас" аба бекетиндеги транзиттик борбор.
2014-жылы "Манас" аба бекетиндеги транзиттик борбор.

“Бишкек аскерий жаатта өз күчүнө таянышы керектигин” айткан Атамбаев Орустардын Канттагы базасынын ижара мөөнөтүн 15 жылга чейин кыскартып, “бул үчүн орусиялык генералдарга жаман көрүнгөнүнө” да токтолду.

Кыргыз жергесинде Орусиянын төрт аскерий объектиси бар. Алар: Жамааттык коопсуздук уюмунун ыкчам аракеттенчү күчтөрүнүн Канттагы аба базасы, Караколдогу атайын сыноолорду өткөргөн аскер-деңиз базасы, Чалдовардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы автономодуу сейсмикалык бекет. 2009-жылы Москва – Бишкек ортосунда 49 жылдык ижара мөөнөтү аяктаганда аны 25 жылга узартууга жол берген макулдашууга кол коюлган. 2012-жылы кыргыз тарап орусиялык контингенттин мөөнөтүн 15 жылга чейин кыскарткан.

Журналисттер президентке маалымат жыйынында үч аптадан бери Чехия менен Кыргызстандын прессасынан түшпөй талкууланып жаткан Liglass trading боюнча да суроо беришти.

“Эгер чехиялык компания Кыргызстандын “РусГидродогу” 37 млн доллар карызын төлөй албаса, анда башка инвесторлорду издейбиз” – деген Атамбаев “чындыгында макулдашуу Кыргызстан үчүн пайдалуу жана жакшы шартта түзүлгөнүн” белгиледи. Кыргыз президентинин “РусГидронун” “үргөнүн” басуу үчүн 37 млн долларды кайтаруу керек деген сөзүнө териккен орус компаниясы атайын билдирүү таратты.

Анда "кыргыз өнөктөштөрдүн, анын ичинде кыргыз президентинин билдирүүлөрүнө жана системалык түрдөгү маалыматтык спекуляцияларына жол берилбестиги" белгиленип, "РусГидро" Кыргызстандагы ГЭСтерге салган каражатын кайтара албаса, эл аралык арбитраждык териштирүүгө барары эскертилген.

Liglass Trading CZ компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти курууну тендерде утуп алган. Инвестициялык макулдашууга 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен компания өкүлдөрү кол койгон. Чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялагандан тарта эки өлкөнүн медиасы бүйүр кызыткан материалдарды жарыялоодо.

Бул апта ичинде эле чехтердин Lidové noviny гезити Кыргызстанда миллиондогон долларлык тендерди уткан фирманын кожоюну Михаэл Смеликти “кепеден чыккан миллиардер” деп мыскылдап чыкты. Hospodářské noviny (HN) "Чех ишкерлеринин 26-июлда кыргызстандык журналисттер үчүн пресс-конференция беребиз деген сөзүнө турбаганы кайрадан бүдөмүк суроолорду жаратты” - деп жазат.

​Шейшембиде Liglass Trading CZ компаниясынын веб сайтында жарыяланган видеодо анын жетекчиси Смелик алардын айланасында пайда болгон суроолорго жооп кайтарып, Прагадагы кеңсесин көргөздү.

Сотто чыр чыкты

25-26-июлда камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жаткан Биринчи май райондук соту менен Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерликке арыз жазган “Ата Мекендин” лидеринин кыргыз тилинен тест тапшыруу маселесин чече алышкан жок. Адегенде ишти караган сот Айбек Эрнис уулу депутатка козголгон кылмыш иштин алкагында гана чечим чыгара аларын айтып, шайлоого байланыштуу маселени БШК карайт деп жүйө келтирген.

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү узакка кеңешкен соң камакта жаткан Текебаевдин тест тапшыруусуна мыйзамдагы өксүктөр жол бербейт деген тыянакка келишти. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев ​"Биз бардыгын соттун өзүнө өткөрүп жатабыз. Анткени биз соттолуп жаткан адам конвой менен кыргыз тил сынагына алып барылсын деп сотко айта албайбыз. Мыйзамда конвой деген нормалар жок. Ошондуктан сот өзү чечсин" деп маселени кайра сотко оодарды.

Текебаев бийлик аны шайлоого катыштырбай коюу аракетин көрүп жатат десе, адвокаттары БШКга тестке катыштыруунун альтернативдүү варианттарын сунушташты. Текебаев бекитилген тизме боюнча 26-июнда кыргыз тилинен сынактан өтмөк.

27-июнда судья сунуштаган мамлекеттик адвокаттан Текебаев баш тарткандан кийин сот залында чыр чыкты. Айыпталуучу адвокаттары ооруп калгандыктан төртүнчү адвокат таап келээрин же ишти токтото турууну өтүндү, бирок сот аны четке каккан.

Сотто укугу бузулуп жатканын белгилеген Текебаев "сотту менсиз, менин адвокаттарымсыз эле өткөрүп, мамлекеттик айыптоочуну өзүңөр таап, дайындай койгон адвокат болуп сотту каалагандай уюштура бергиле. Мен анда соттук териштирүүгө дагы келбейм, акыркы сөзүмдү дагы айтпайм, өкүмдү дагы укпайм. Каалагандай чечим кабыл ала бергиле" – деп сотко кайрылды. Судья айыпталуучуну “сотко баш ийбегендиги” үчүн залдан чыгарды. Лидерине тилектештик билдирген Чотонов аны дагы чыгарып коюуну суранды. Андан ары сот иши айыпталуучулардын катышуусуз өттү.

28-июлда сотто дагы чыр чыкты. Адвокаттар тергөө ишинде алешемдиктер бардыгын айтып, ишти кайра артка жиберүүнү өтүнүштү. Сот ага макул болгон жок. Адвокаттар Эрнист Айбек уулуна 17-жолу ишеним көрсөтпөө билдирсе, судья бул ирет өтүнүчтү караган жок.

Мурдагы юстиция министри Мукар Чолпонбаев эгер айыпталуучу сот процессине катышуудан баш тартса судья ишти карап, өкүм чыгарууга Кылмыш-процессуалдык кодекси жол берерин белгилейт.

"Эгерде соттолуучу адам тартип бузса же сотту өткөрүүгө жолтоо кыла турган болсо аны чыгарып коюп, сот процесси жүрө берет деп жазылган. Эгерде адвокаттары дагы сотко катышпай турган болсо мамлекеттик жактоочу (кезметтеги адвокат) дегендер ишке катыша берерин" белгилеген экс-министрдин айтымында, мындай учурлар сотто көп эле болот.

Ал ортодо «Ата Мекендин» активисттери Текебаевге тил сынактан өтүүгө уруксат берилбесе, партиянын бир нече мүчөсү ачкачылык жарыялай турганын билдиришти.

Жапаров соттон актоону суранды

Жума күнү Биринчи Май райондук сотундагы процессте экс-депутат Садыр Жапаров акыркы сөзүн айтты. Соттун алдында оппозициячыл саясатчынын 100дөй тарапкерлери чогулуп, “Жапаровго боштондук!” деп кыйкырып турушту. Сот имаратын милиция күчөтүлгөн тартипте кайтарып, процесске катышууга келгендер текшерүүдөн өттү.

Сотто жабырлануучу катары көрсөтмө берген Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев "Сотто далил биринчи орунда. Эгерде Садыр Жапаровдун күнөөлүү экенин эл, баарыбыз билип турсак да, бирок юридикалык далил жок болсо акталууга тийиш" деп Жапаров акталышы керек деп сөзүн жыйынтыктады.

Жапаров өзү дагы «саясий жагына ооп кетпесеңер, карап туруп адамкерчиликтүү чечим менен мени актап бергиле» деп сотко кайрылды.

Садыр Жапаров сотто.
Садыр Жапаров сотто.

24-июлда прокурорлор Жапаровду 15 жылга эркинен ажыратууну сураган. Кийинки сот 31-июлга белгиленди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ага «адам өмүрүнө коркунуч келтирүү», «барымтага алуу», «ээнбаштык», «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ташкент Каримованын дайынын билдирди

28-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова "кылмыштуу топ аркылуу мамлекетке чоң зыян келтиргени, мыйзамсыз жолдор менен ири өлчөмдө акча жыйнаганы" үчүн 2015-жылы беш жылга эркиндиги чектелгенин билдирди. Буга чейин Каримованын соттолгону тууралуу расмий маалымат чыккан эмес. Гүлнаранын жакындарынын айткандары боюнча, президенттин кызы 2014-жылдан бери түшүнүксүз жагдайда үй камагында жаткан. Өткөн жылы Гүлнаранын уулу энесине эч кандай айып тагылбаганын айткан.

«Ташкент облустук сотунун 2015-жылдын 21-августундагы өкүмү менен Каримова бир катар кылмыштар үчүн айыптуу деп табылып, беш жыл эркиндиги чектелген жаза чегерилди» деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл мекемеси Каримовага карата көз боёмочулук жана “үстөк” алып турган деген негизде дагы бир кылмыш иши иликтенип жатканын маалымдайт. Иштин алкагында аны камакка алуу чечими чыкканы айтылганы менен өлкөнүн биринчи президентинин кызы кайда экени тууралуу эч кандай маалымат берилбейт.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, 12 өлкөдө Каримова кирген кылмыштуу топтун байлыгы бардыгы аныкталган. Анын суммасы 1 миллиард 394 миллион доллар, 63 миллион евро, 27 миллион фунт жана 18 жарым миллион франк деп көрсөтүлөт.

Маалыматка караганда, өзбек прокуратурасы Каримовага тиешелүү делген мүлк табылган башка өлкөлөргө кайрылып, аларды камакка алууну талап кылып жатат.

Прокурорлор Франциянын укук коргоо органдарына Гүлнаранын Париждеги батирлери менен “Шато де Грусси» сарайын жана Сен-Тропедеги бир нече вилла камакка алынсын деп кайрылышкан.

Орусиянын аймагында дагы Каримовага тиешелүү бир катар мүлк табылган. Москвадагы көп кабаттуу кымбат үйдөгү пентхаус, “Рублевкадагы” менчик үй жана дагы сегиз батир, Москва аннексиялап алган Крымдын Ялта шаарында мейманкана комплекси, дагы жалпы баасы эки миллион долларлык үй менен жер тилкеси бар.

Мындан сырткары Швецияда, Швейцарияда, Улуу Британияда, Бириккен Араб Эмирлигинде жана башка өлкөлөрдө Каримованын акча, алтыны табылганы билдирүүдө айтылат. Ушул тушта кылмыштуу топтун дагы башка көмүскөдө калган мүлктөрүн аныктоо жана Өзбекстанга кайтаруу боюнча ыкчам тергөө амалдары улантылып жатат.

Өзбекстандын биринчи президентинин бийлик мураскору деп жоромолдонгон Гүлнара Каримованын иши 2013-жылдан тартып кыйындаган. Бир катар Европа өлкөлөрүндө коммуникациялык компаниялардын Өзбекстандагы ири келишимдеринин шектүү жагдайларын текшерүү маалында Каримованын аты улам көбүрөөк атала баштаган.

Ташкенттин соңку маалыматы Гүлнара Каримова 2015-жылы атасынын бийлиги маалында беш жылга эркиндиги чектелгенин бышыктайт. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын директору Алишер Сыдыктын пикиринде, Ташкенттин бул иш-арасы Каримованын тагдыры дагы оорлой турганын, катуу чаралар көрүлөрүн көрсөтөт. "Сот болгонун, беш жылга эркиндигин чектөө боюнча өкүм чыкканын биринчи ирет жарыялап жатышат. Ушул тушта Каримова, балким, үй камагында болушу мүмкүн. Азыр эми жаңы кылмыш иштер тергелип жатыптыр. Бул кылмыш иштер сотко өтүп, чечим чыкканда ал түрмөгө камалышы мүмкүн" - дейт Каримованын европалык компаниялар менен мыйзамсыз иштерин иликтеген журналист. Убагында "канбийке" атка конгон Гүлнара Каримованын азыркы тагдырына өзбек коому негизинен кайдыгер экенин кошумчалайт журналист.

Каримова 2013-жылга чейин саясий-коомдук турмушка активдүү катышып жүрүп эле көрүнбөй калган. Кыска убакыт ичинде президенттин кызына тиешеси бар кайрымдуулук фонддору, телеканалдар, соода борборлору жабылган. Өзү болсо атасына жолуга албай жатканын социалдык сайттарга жазган. Жакындарынын айтымында, 2014-жылдан тарта Гүлнара үй камагына алынган.

Өткөн жылдын 3-сентябрында президент Каримовдун тажыясында дагы Гүлнара көрүнгөн эмес. Андан бир нече айдан кийин "Центр-1" порталы өзбек атайын кызматтарындагы булагына таянып, 44 жаштагы Гүлнара 5-ноябрда ууланып каза тапканын жазып чыккан. Бирок андай маалымат тастыкталган эмес. Өткөн жылдын этегинде Гүлнаранын уулу Ислам Каримов Би-би-си кызматына энеси бейформал үй камагында экенин айтып берген. “Ага эч кандай айып тагышкан жок, кайсы иш үчүн канчага камап салышканын айтышкан эмес” деген Ислам Каримов анын энесин “жок кылууну” көздөгөндөр бардыгын айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG