Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:20

Кечээ күнү президенттикке талапкерлердин бири, айыпталуучу Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил боюнча сынакка киргизилбей калышы көп суроолорго жем таштады.

Айыпталуучу талапкердин тил сынагына кирүү мүмкүнчүлүгүн ким түзүп бериши керек эле? Борбордук шайлоо комиссиянын ишине жогорку бийликтер канчалык кийлигишет?

“Арай көз чарай” талкуусуна Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдоо боюнча жумушчу комиссиясынын мүчөсү Бакыт Жумагулов жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер, айыпталуучу Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына киргизүү же киргизбөө маселесин сот чечиши керек деп бүтүм чыгардыңыздар. Андай чечимге келүүгө кандай мыйзамдык негиздерге таяндыңыздар?

Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизели десек Жогорку Кеңеш азыр каникулда жүрөт. Ошондуктан бул маселени чечүүнүн жалгыз жолу сот болгондуктан, ал жакка кайрылууну сунушташты.
Бакыт Жумагулов

Бакыт Жумагулов: Бул маселе боюнча Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Жолдошбековдон Борбордук шайлоо комиссияга 21-июлда кат түшкөн. Ал кайрылуу алгач жумушчу топтун деңгээлинде каралды.

Экинчи жолу БШКнын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, Текебаевдин жактоочуларынын катышуусунда каралды. Кайрылгандардын талабы маселени кенен карагыла дегенинен эки күн бою териштирилди. Алардын биринчи талабы Улуттук коопсуздук комитетине жана сотко кат жолдоп бергиле деген болчу.

"Кыргыз Республикасынын президенти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын бардык нормаларын карап чыгышты.

Мыйзамдын 3-беренесиндеги негизги жоболор корутунду чыгарууга негиз болуп берди. Бирок биз талкуулап жаткан маселеге байланыштуу жоболор мыйзамда каралбаптыр, жагдай бир топ татаалдашты. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизели десек Жогорку Кеңеш азыр каникулда жүрөт. Ошондуктан бул маселени чечүүнүн жалгыз жолу сот болгондуктан, ал жакка кайрылууну сунушташты.

“Азаттык”: Акылбек мырза, айыпталуучу талапкердин тил сынагына кирүү маселесин БШКнын эле чечүүгө укугу бар болчу дегендер чыгууда, анда тиешелүү ыйгарым укуктар жетиштүү беле?

Шайлоо убагында БШКнын чыгарган чечимдерин Кыргызстандагы бардык мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарууга милдеттүү деген жобо бар. Бул жолу да БШК ошол укуктук ченемдерин колдонуп чечим чыгарып бериши керек болчу.
Акылбек Сариев

Акылбек Сариев: Мыйзамдын талаптарына кайрылсак жарандардын кайрылуусуна, катына БШК үч күндө, маселе татаал болсо ашып кетсе беш күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү. Бул кайрылууга 26-июлга чейин жооп болбогондон кийин биринчи мыйзам бузуу болгон.

Экинчиси - БШК коллегиялдуу орган, анын чечими баарынан жогору турат. Анын отурумунда мүчөлөрүнүн катышуусунда чечими чыккан жок. Ага ким жоопкер болушу керек, БШКнын жыйынын чакыруу, уюштуруу, өткөрүү төраганын милдети. Кайрылган маселе өтө маанилүү болуп жатпайбы. Бул жерде жумушчу топтун корутундусу менен чектелип жооп берип коюунун өзү туура эмес, бул жагы канчалык мыйзамдуу же мыйзамсыз болгонун прокуратура териштириши керек.

БШКнын бул маселени сот чечиши керек деп койгону дагы көп суроолорду жаратат. БШК жөнөкөй эле мамлекеттик орган эмес, конституциялык орган. Жөн эле эмес, көз каранды эмес орган. Шайлоо убагында БШКнын чыгарган чечимдерин Кыргызстандагы бардык мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарууга милдеттүү деген жобо бар. Бул жолу да БШК ошол укуктук ченемдерин колдонуп чечим чыгарып бериши керек болчу.

Бакыт Жумагулов: Мыйзамдын жоболору боюнча шайлоо убагында мамлекеттик же мамлекеттик эмес уюмдардын, мекемелердин, жеке адамдардын Борбордук комиссиянын ишине, чечим кабыл алуусуна кийлигишүүгө акысы жок.

“Азаттык”: Акылбек мырза, акыркы 25 жылдык Кыргызстандын соңку тарыхында Ак үйдүн БШКнын ишине кийлигишүүсү жөнүндө көп айтылат, мунун канчалык чындыгы бар, сиз убагында БШКны жетектеп турганда жогорку бийликтен кысым, басым болгонбу?

Акылбек Сариев: Эми мындай учурлар болгон. Кыргызда “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деген бекеринен айтылбаса керек. Мен мындай имиштерди өз көзүм менен көргөм.

2007-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна түздөн түз кийлигишүү болгон. Ошол шайлоо болгон күнү коркпой-үркпөй эле протоколдор жасалууда деп ачык эле түз эфир аркылуу айтканбыз. Албетте, бийликтин мындай кийлигишүүсү ачык же расмий болбойт, баары жабык, тымызын жасалат. Аны кайрылган жеке адам өзү гана сезет, билет...

(Талкуунун толук варинатын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG