Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:00

Бишкекте жаңы күчүнө кирген шайлоо мыйзамындагы оош-кыйыштар талкууланды.

Жарандык активисттер, президенттикке талапкерлигин кое турганын жарыялаган айрым саясатчылар, эксперттер жаңы мыйзамдагы шайлоо күрөөсүнүн жана шайлоо фондунун көбөйтүлүшү, саясий партиялар үчүн шайлоо босогосунун жогорулашы жана байкоочуларга киргизилген чектөөлөргө нааразылык билдиришти. Мындай жоболор шайлоочулардын укугун бузат деген ойлор айтылып, бийликке мыйзамды өзгөртүү сунушталды.

Жыйынга бийлик өкүлдөрү, парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген фракциялардын депутаттары катышкан жок. БШК мүчөлөрү аталган мыйзамдын оң жактарын, маселен акыйкат шайлоо өткөрүү эрежелери аныкталганын белгилешти.

Мыйзам талкууланган жок

5-июнда кол коюлуп күчүнө кирген "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо" жөнүндөгү мыйзам боюнча талкууну "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюму менен "Жаңы муун" жаштар кыймылы уюштурган. Жыйын бир катар оппозициялык маанайдагы саясатчылардын, коомдук жана саясий ишмерлердин, жарандык активисттердин, эксперттердин, президенттик жарышка барарын ачык жарыялаган депутаттардын башын бириктирди. Активист, "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Адил Турдукулов аталган мыйзам коомчулукта кеңири талкууланбай туруп эле кабыл алынып калганын айтты:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

- Биринчиден, бир пакет менен 300гө жакын өзгөртүү киргизүүнүн өзү туура эмес. Бул өтө маанилүү, олуттуу мыйзам. Андыктан коом менен дыкат талкуудан кийин аны өткөрүү керек эле. Бирок Жогорку Кеңеш көбүнчө олигархтардан турганы үчүн алар өз кызыкчылыгына карап, бул мыйзамды өткөрүп жиберишти, президент кол койду. Биз буга каршыбыз. Биздин оюбузча мыйзамды дагы өзгөртүү керек. Бул мыйзамды эле эмес Конституцияны дагы. Себеби, Конституцияда да тең салмактуулук сакталган эмес. Бул жерде көбүнчө аткаруу бийлигине бийлик берилип, тең салмактуулук жоголгон. Экинчиден, бул мыйзам бизди кооптондурган административдик ресурсту колдонуу, добуштарды сатып алуу, тыш жактан кийлигишүүдөн сактабайт.

Жыйында шайлоо мыйзамындагы президенттик шайлоонун мөөнөтүн 15-октябрга белгилеген жобо анчейин талкуу жараткан жок. Президенттикке талапкерлердин шайлоо күрөөсүн 100 миң сомдон бир миллион сомго жогорулатуу, көз карандысыз байкоочулардын макамын өзгөртүү, бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын байкоочулары деп экиге бөлүү, алардын ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси сынга кабылды. Кызуу талкууланган дагы бир берене парламенттик шайлоого катышкан партиялар үчүн босого чекти мурунку 7 пайыз ордуна 9 пайызга көтөрүүгө байланыштуу болду. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул мыйзамды кабыл алуу менен бийлик өз укуктарын бекемдеди деген ойдо:

- Шайлоо мыйзамына карата аракеттердин негизги максаты - бийликти сактап калуу. Анткени, шайлоо босогосун, каражатты көтөргөндө таза иштеген ар бир адамдын колунан шайлоого катышуу келе бербейт. Балким эл ошол адамга муктаждыр. Жөнөкөй, элден чыккан, каражаты жок болсо да калкка күйгөн, тажрыйбасы бар, билими күчтүү адамдар көп да. Байкоочуларды бөлүү да туура эмес. Биздин коомдо ансыз деле бөлүнүү күчөп кетти. Азыркы парламентке деле кимде каражат болсо, ошол ар кандай ыкма менен келген. Президенттик шайлоо да ошондой болушу мүмкүн. Ошого биз жол бербешибиз керек. Саясий күчтөр, саясатчылар бириксе ошондо бийлик эсептешет.

Медеткан Шеримкулов
Медеткан Шеримкулов

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов шайлоо күрөөсү жана шайлоо фондун көбөйтүүнүн канчалык кажети бар эле деп депутаттарга суроо салды:

- Күрөөнү ушунчалык деңгээлге көтөрүүнүн кереги бар беле? Шайлоо фондуна 3 миллион долларга жакын каражат түшкөндөн киийин аны туура пайдалануу боюнча кандай формалар бар? Маселен, агитация катары деп той өткөрөт, мал союлат, элди чогултуп үгүт жүргүздүк дейт. Мына бул сандар кандай алынган, депутаттар ушуну терең ойлондуңарбы? Эмне үчүн тез арада астрономиялык суммага көтөрүп салдыңар, аны көзөмөлдөө маселеси кандай болот?

Талкууда алдыдагы президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулушу ыктымал деген кооптонуулар айтылды. Мындай пикирди парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев да кубаттады:

- Мисалы, КСДП партиясы шайлоолордо административдик ресурс колдонот. Бирок өзүнө сөз тийбеши үчүн башка партияларды түзүп жергиликтүү кеңештерге шайлоого киргизишти. Маселен, "Мекеним Кыргызстан" Бишкекте бир да реклама кылган жок, лозунг илген жок, элдин алдына чыгып программасын айтып, сөз сүйлөгөн жок, анын лидерин да эч ким тааныбайт. Бирок добуш алып жатат. Президенттик шайлоодо да "киллер-талапкерлер" болушу мүмкүн. Мисалы, мага же башка талапкерлерге атайын дайындап, добушту бөлөт.

Биздин Конституцияда президенттикке талапкерлердин саны чектелбейт, 30 миң кол топтогон жаран талапкер катары каттала алат деген жобо жазылуу. Ошол жобону эсепке албаганы таңкалычтуу. Анткени бул келечекте чыр жаратчу маселе.
Акылбек Сариев

Шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү оң баалагандар да чыкты. БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин баамында, документте талаш-тартыш жараткан маселелерден тышкары таза шайлоого кепилдик берчү жагдайлар да бар.

- Жакшы жактары - протоколдордун расмий жарыяланышы, документтердин укуктук күчкө ээ болушу, шайлоочулардын тизмелерин сүрөт, видеого тартып алууга тыюу салбай уруксат берилгени.

Ошол эле маалда Акылбек Сариев мыйзамда Баш мыйзамга каршы келген жоболор бардыгына токтолду:

- Биздин Конституцияда президенттикке талапкерлердин саны чектелбейт, 30 миң кол топтогон жаран талапкер катары каттала алат деген жобо жазылуу. Ошол жобону эсепке албаганы таңкалычтуу. Анткени бул келечекте чыр жаратчу маселе. Конституция менен карама-каршы келип калышы мүмкүн. Бул маселеге чекитти Конституциялык палатанын курамы коет. Бирок ага деле ишеним жок. Буга чейин суроо жараткан чечимдерди чыгарган. Демилгечилер өздөрү айтып жатышат, күрөөнүн негизги максаты талапкерлерди кандайдыр бир критерийлер менен чектөө деп, акчанын көлөмүн көбөйтүп жатышат. Конституцияда "чектелбейт" деп жазылып турса, аны кантип чектегени жатат мен ушуга түшүнбөй турам.

Уюштуруучулардын айтымында, жыйынга БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген фракциялардын депутаттары чакырылган. Алар келген жок.

БШК үгүт ишин эрте баштабоону эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышканы жаткан саясатчыларга, саясий күчтөргө үгүт иштерин эрте баштабай турууну эскертти жана мыйзамды сыйлоого чакырды.

БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев катышып, Борбордук шайлоо комиссиясын шайлоо мыйзамдарына киргизилген соңку өзгөртүүлөр жалпысынан канааттандырат деп айтты:

- Күрөөнү миллион сомго чейин көтөрүү боюнча дүрбөлөң болбошу керек. Анткени, бардык жарандардын президент болом дегенге укугу бар. Бирок ажону тандоодо өзгөчө талаптар болот. Саясатка аралашкан, күчү бар талапкер болушу керек. Партиядан көрсөтүлсө, партия деле күрөөнү төгүп койсо, эч кандай маселе жаралбайт. Биздин укугубузду кысып койду деп жөн эле айта беришет. Реалдуу кароо керек. Башка эл аралык тажрыйбаны карасак, күрөөнүн өлчөмү жогору. Мындан тышкары жаңы мыйзамда эл аралык байкоочунун статусу өзгөргөн жок. Болгону Кыргызстан жарандары эл аралык байкоочу боло албайт деген чектөө коюлду. Эл аралык байкоочулардын макамы жогору. Буга чейин саясий оюн, интригаларга таасир эткен ар кандай мисалдарды көргөнбүз. Ошондуктан башка мамлекеттин жарандары болсун, эл аралык байкоочулар келсин дешти. Бул биздин шайлоого оң таасир этет.

"Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо" жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору 31-майда парламентте кабыл алынган. Ага 5-июнда президент Алмазбек Атамбаев кол коюп, шайлоо босогосун жети пайыздан тогуз пайызга жогорулатуу жана депутаттыкка талапкердин тизмесине байланышкан өзгөртүүлөрдөн башкасы расмий күчүнө кирген. Ал эми аталган эки өзгөртүү 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турганы маалымдалды. Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG