Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт


Кыргызстанда президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөт. Мындай норма жазылган мыйзамга бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу бул конституциялык мыйзамдын долбоору 31-майда парламентте кабыл алынган.

Быйыл октябрдын үчүнчү жекшембиси 15-октябрга туура келет.

Азыркы мамлекет башчынын ыйгарым мөөнөтү 1-декабрда аяктайт. Президенттик шайлоо күнү боюнча буга чейин ар кандай талаш-тартыш жүрүп келген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG