Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Атамбаевдин Өзгөндөгү сөзү талкууга түштү


Президент Алмазбек Атамбаев 28-августта Өзгөндө эл менен жолугушуп жатып, “ишенген досум президент болуп калабы деп турам” деп айткан сөзү коомчулукта шайлоого аттанган бир талапкерди сүрөгөндөй пикир жаратты.

Буга чейин өздөрүн интеллигенциянын өкүлдөрү атаган жүздөн ашуун адам "Ак шумкар" партиясынын лидерин колдоого алып чыкканын да көмүскө үгүт катары сыпаттагандар болгон.

"Ишенген досум президент болуп калабы..."

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы шайлоодо өзү ишенген досу президент болуп каларына үмүт артып турганын 28-августта Өзгөн районунда жер көчкүдөн жабыркаган эл менен жолугушкан учурда айтты:

- 1-декабрга чейин менин мөөнөтүм бар. Көрүп турасыңар, мен кызматтан кеткенден кийин ишенген бир досум президент болуп калабы деп ойлоп турам.

Атамбаев: Жээнбеков президенттикке татыктуу

Атамбаев: Жээнбеков президенттикке татыктуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Коомчулукта президент "ишенген досум" деп президенттик шайлоого катышууга талапкер болуп катталган, мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду айтып жатат деп кабылдагандар бар. Алардын бири жарандык активист, оппозициячыл журналист Дайырбек Орунбеков шайлоо мыйзамдарын мамлекет башчы өзү баш болуп бузуп жатат деп эсептейт:

- Президент Атамбаевдин "менин досум президент болуп калабы деп турам" деп, ачык үгүт жүргүзүп жатат. Экинчиден, Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткиче мамлекеттик бюджеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн колдонуп, жер-жерлерде эл менен жолугушту. Бийлик, өкмөт кылган иштердин баарын жеке ал өзү кылгандай мамлекеттик телеканалдар чагылдырышты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзгөн районунда көчкүдөн жабыркагандар менен жолугушуусу. 28-август, 2017-жыл
Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзгөн районунда көчкүдөн жабыркагандар менен жолугушуусу. 28-август, 2017-жыл

Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековду расмий бийликте отурган адамдар сүрөдү деген доомат менен буга чейин да жарандык активисттер БШКга кайрылышкан. Алар КСДП тарабынан Сооронбай Жээнбеков тууралуу жазылган китепчеде президенттик аппараттын мурдагы башчысы, учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баш болгон мамлекеттик кызматкерлер КСДПнын талапкерине мактоо сөздөрүн айтканы мыйзам бузат деп белгилешкен. Бул дооматты караган Боршайком китепче талапкерге үгүт максатында чыгарылбаганы аныкталганын билдирген.

Жээнбеков тууралуу китепче
Жээнбеков тууралуу китепче

КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековго президент ачык үгүт жүргүзүп жатат деген дооматты анын шайлоо штабы четке кагууда.

Штаб башчысы Фарид Ниязов президент Алмазбек Атамбаевдин 28-августтагы сөзүндө эч кандай мыйзам бузуу жок деп эсептейт:

- Шайлоо мыйзамдарында үгүт деген сөздүн толук түшүндүрмөсү берилген. Ага таянсак, мамлекет башчынын кечээ айтканы эч кандай үгүткө жатпайт. Мыйзам боюнча, кайсы бир талапкердин атын атап, ошого добуш бергиле деп айтса, үгүт болуп саналат. Эгерде президент да атын атаган болсо, анда кеп башка эле.

Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

"Иштебиз" деген баннердин үгүткө тиешеси жок

Өлкөнүн ар кайсы аймактарына илинген "Иштебиз. Работаем" деген жазуусу бар баннерлер да Социал-демократтар партиясынын талапкерине кыйыр үгүт катары кабылданууда.

Журналист Дайырбек Орунбеков "Иштебиз. Работаем" деген ураан президент Алмазбек Атамбаевге мурда таандык болгон "Кыргызавтомаш" ишканасынын жарнамасы экенин, Социал-демократтар партиясын президент негиздегенин белгилеп, бул баннерлер КСДПны кыйыр рекламалоо аракети деп эсептейт:

- Эгерде ушул баннерлер Сооронбай Жээнбековго багытталган үгүт иштерине колдонулса, анда бул жерде чоң каржылык мыйзам бузуу бар экени ачык болот. Анткени, азыр өлкөнүн бардык аймактарына илинген "Иштебиз. Работаем" деген баннерлер ким тарабынан илинип жатканы, анын чыгымын ким көтөргөнү тууралуу маалыматтар жок.

​​Фарид Ниязов өлкө боюнча илинген "Иштебиз. Работаем" деген сүрөттөрдүн да Сооронбай Жээнбековго тиешеси жок деп бекемдеди:

- Бул сүрөттөрдүн шайлоого жана үгүт иштерине эч кандай тиешеси жок деп ойлойм.

Президент: Жээнбековго ишенем

Президент: Жээнбековго ишенем
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:26 0:00

Баннер демекчи, учурда айрым президенттикке талапкерлердин фамилиясы жазылган жазууларды дээрлик бардык жерден көрүүгө болот. Шайлоо мыйзамы боюнча мындай баннерлер талапкерлердин штабы жайгашкан жерде гана болууга тийиш.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, талапкерлердин фамилиясы жазылган баннерлерди илүүсүнө шайлоочулардан кол тамга чогултууну уюштуруу үчүн уруксат берилген:

- Кол тамга чогултуу учурунда шайлоочулар үчүн ыңгайлуу болсун деген максатта талапкерлердин штабдарына алардын аты-жөнү жазылган баннерлерди илүүгө уруксат берилген. Эгерде кандайдыр бир ураандар менен коштолгон сүрөттөрдө кайсы бир талапкердин аты-жөнү жазылган болсо, ал үгүт деп саналат. Эгерде кайсы бир партия же талапкер көмүскө үгүт жүргүзүп жатат деген дооматтар болсо, БШКга кайрылышсын. Биз бардык арыз-дооматтарды карап чыгабыз.

Шайлоо мыйзамдары боюнча, шайлоо күнү белгиленген күндөн тартып үгүт ишин жүргүзүүгө расмий уруксат берилген датага чейин талапкерлерге үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.

Муну белгилеген БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев талапкердин аты аталып, аны баса көрсөтүү менен жасалган аракеттер мыйзам бузууга жатарын айтты:

- Президент мамлекеттик жетекчи катары шайлоого аралашууга, кайсы бир талапкерге жан тартууга жана үгүт жүргүзүүгө укугу жок. Бирок ошого карабай, ал өзүнүн партиялашын бир эле жолу эмес, бир нече жолу ачыктан ачык колдоп келе жатышы - башкаларга коюлган талапты өзү кандай аткарып жатканын көрсөтүп турат. Ал эми шайлоо комиссиясы бул аракеттерди маалымат катары кабылдап жатышы ыктымал. Ошондуктан президенттин сөзүнө да реакция кылган жок.

Өткөн аптада "Кыргызстандын интеллигенция өкүлдөрүбүз" деген жүздөн ашуун киши "Ак шумкар" партиясынын талапкери Темир Сариевдин айланасына чогулушарын айтып чыгышкан. Алардын бул аракети да ачык жана кыйыр түрдө Сариевдин пайдасына үгүт катары кабылданып, айрым талапкерлердин нааразылыгын жараткан.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Ал эми үгүт иштерин жүргүзүүнүн расмий мөөнөтү 10-сентябрдан 14-октябрга чейин деп белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG