Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:01

БШК Сооронбай Жээнбеков жөнүндө китепчелер маселесин карады


Жээнбеков тууралуу китепче

Жарандык активист Адил Турдукуловдун кайрылуусу менен Боршайкомдун Үгүт иштеринин алдын алуу боюнча жумушчу тобу 23-августта президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчы болуп иштеп турган кезинде ал тууралуу чыгарылган китепчелер маселесин карады. Бул тууралуу аталган жумушчу топтун жетекчиси Назарали Арипов "Азаттыкка" билдирди:

- Турдукуловдун арызын карадык. Жыйынга Сооронбай Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү да катышты. Ага Турдукуловдун арызында айтылган китепче тууралуу маалыматты толук топтоп келүүнү тапшырдык. Бул маалыматтарды алган соң жумушчу топ өзүнүн жыйынтыгын чыгарат.

Жарандык активист Адил Турдукулов КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков тууралуу үгүт китепчелери таратылганын, алар кайда, кандай каражатка чыгарылганы жөнүндө сөз жоктугун, бул шайлоо мыйзамдарын бузарын айтып, БШКга кайрылган.

КСДПнын президенттик шайлоого талапкери Сооронбай Жээнбековдун штабы 23-августта маалымат таратып, ал тууралуу китепчелер партиянын курултайында таратылганын, ал убакта Жээнбеков президенттикке талапкер болуп сунуштала да электигин, бул шайлоо мыйзамдарын бузууга жатпасын билдирген.

Сооронбай Жээнбеков 15-июль күнү Социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу ал 21-августта премьер-министрлик кызматын тапшырды. Ошол эле күнү Боршайком Жээнбековду президенттик шайлоого талапкер катары расмий каттады.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG