Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:59

Сапар Исаков ишенген "кырк кадам"


Өкмөт башына жаңы келген Сапар Исаков “Жаңы доорго кырк кадам” программасы аркылуу өлкөнү беш жылда гүлдөтөрүн убада кылууда.

Сапар Исаков “Жаңы доорго кырк кадам” программасы менен парламенттен колдоо тапты. Исаков элдин экономикалык бакубаттыгы, калктын социалдык бакубаттуулугу, коопсуздук жана жагымдуу чөйрө деген үч багыттан турган программа беш жылда турмушка ашат деп убада кылды. Ал 25-августта Жогорку Кеңеште программасын мындайча чечмелеген.

- “Жаңы доорго кырк кадам” программасы элдин ой-пикирлерин жана талаптарын, айрым депутаттардын сунуштарын эске алуу менен даярдалды жана 2040 стратегиясынын негизги багыттарына шайкеш келет. Программадагы 40 долбоор калкыбыздын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн пайдубал түзүп жана биздин партнерлор үчүн маяк болуп калмакчы. Биз элибизди, бизнести, жарандык коомду жана четтеги диаспораны жаңы доорго өтүү жолунда кызматташ, кадамдаш болууга чакырабыз. Бул программа боюнча быйылтан баштап элдин оюнда турган маселелерди чече баштайбыз.

40 жаштагы Исаков жаңы өкмөт жаш реформаторлор, технократтардан куралды деп сыпаттап, беш жыл ичинде Кыргызстан жаңы доорго, тагыраагы технологиялык, санариптик мамлекетке айланат деп ишендирди. “Кырк кадам” программасында санариптик трансформациядан баштап тоо-токойго чеийнки өлкөнү өнүктүрүү кадамдары жазылган.

Сапар Исаковдун өкмөтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

Деген менен бул программанын ишке ашарынан күмөн санагандар арбын. Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев программада бир да иштин каржы булагы так көрсөтүлбөгөнүн айтып, Исаковду кескин сынга алды.

- Сиз 2023-жылга чейин мугалимдердин айлыгын эки эсе көбөйтөм деп жазыпсыз. Ал үчүн дагы 13 миллиард сом керек. Аны кайдан табасыз? Бул жерде 120 депутат онкологиялык ооруканага 30 миллион сом таба албай эки күн талашканбыз. Пенсияны эки эсе көтөрөм дейсиз. Биздин пенсиялык фонд 50 миллиард сом. Сиз дагы 50 миллиард сомду кайдан табасыз? Кыргызстандын болгон бюджети 136 миллиард сом болуп жатса. Сиздин Конституция – бул бюджет. Программада бюджетти көтөрүү боюнча бир да сөз жок. Ички дүң соода канчага көтөрүлөт, канча жумуш орду түзүлөт? Бул боюнча бир да сөз жок.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Рыскелди Момбеков "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу мүмкүн болгонуна ишенгендердин бири:

- Мен Сапар Исаковдун “Жаңы доорго 40 кадам” деген программасы менен үстүртөн таанышып чыктым. Негизинен “Таза коом" программасынын алкагында эле жазылган экен. Анын программасы Алмазбек Шаршеновичтин өлкөнү өнүктүрүүнүн кыркынчы жылга чейинки стратегиялык программасына төп келет. Бир өзгөчөлүгү - коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баарын санариптик форматка өткөрөлү деп жатат. “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашат буйурса. Бийлик менен элдин ортосун жакындата турган бир топ иштер турмушка ашат.

Сапар Исаков кандай өкмөт түзөт?

Сапар Исаков кандай өкмөт түзөт?

Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттү куроо аракеттери башталды.

“Жаңы доорго кырк кадам” программасында реформалардын ишке ашуу мөөнөттөрү так көрсөтүлгөн эмес. Айрым долбоорлор президент Алмазбек Атамбаев жазган өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын алкагында ишке ашат деп жазылган.

Жаңы өкмөттүн өмүрү президенттик шайлоодон кийин белгилүү болорун эске салган саясатчы Эдил Байсалов программа ишке ашканча бийлик алмашат деген ойдо.

- Эл бул өкмөттөн 2019-2020-жылдары эмне кылдыңар деп сураса эмне деп жооп беришет? 2023-жылы ишке ашмак деп жооп беришеби? Эң көп дегенде бул өкмөт келерки парламенттик шайлоого чейин иштейт. Болбосо президенттик шайлоонун жыйынтыгына жараша кырдаал өзгөрөт. Бул өкмөт үч ай деле иштеп калышы толук мүмкүн. Ошондуктан программаны убакытка карап жазуу керек болчу.

Кооз сөздөр менен жазылып, бирок элге пайдасы тийбеген программалардан эл тажаганын Жаш ишкерлер бирлигинин координатору Руслан Акматбек ортого салды. Ал буга чейинки өкмөт башчылары деле парламенттен добуш алуу үчүн гана шарттуу түрдө Исаковдукунан кем калбаган реформаларды убадалаганын эске салат.

- Биз эң чоң кемчилигибизди байкабай жатабыз. Мындай программалардан буга чейин жүздөгөнү жазылган. Бирок бири да ишке ашкан эмес. Кийинки өкмөт ошондой эле программанын башкачасын жазып келет. Жөнөкөй эл андай программалардын үзүрүн көрбөй жатат. Программалар эмнеге иштебейт деген анализ да жок.

Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш 25-августта бекиткен. Жаңы курамга оппозициялык айрым фракциялар сын айтканы менен колдоп добуш беришкен. Исаков соңку жети жылдагы 7-премьер-министр болуп калды. Ушуну менен соңку 26 жылда 28 өкмөт алмашты.

Тасмада: Фракция лидерлеринин парламенттеги сөзү

Фракция лидерлеринин парламенттеги сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:28 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG