Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Курала элек өкмөткө сын көп


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда жаңы өкмөттүн курамы аныкталды. Бийликтеги Социал-демократтар фракциясы өкмөттүн курамын жана программасын талкуулап, жактырды. Ага ылайык, Сапар Исаков башында турган өкмөттө негизинен вице-премьерлер алмашканы жатат. Бийлик бул өкмөт жаштардан куралганына басым жасоодо. Ал ортодо парламенттеги оппозициялык айрым фракциялар сунушталган өкмөт курамын колдоборун ачык билдирип чыкты. Өкмөткө келип жаткан жаңы жетекчилер кимдер?

Өкмөттүн жаңыртылган курамы расмий түрдө бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын кеңешүү жыйынында айтылды.

Жабык өткөн жыйында премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков партиялаштарын өкмөттүн курамы жана программасы менен тааныштырды.

Жаңы өкмөттөгү биринчи вице-премьерликке Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, экономика маселелери боюнча вице-премьер-министрликке учурда Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар комитетин башкарып турган Дүйшөнбек Зилалиев, коопсуздук боюнча вицеликке Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров сунушталууда.

Ошондой эле айрым министрлик-мекемелердин башчыларын алмаштыруу жагы каралууда. Маселен, экономика министринин кызматына учурда президенттик аппаратта экономика бөлүмүнүн башчысы Артем Новиков, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетке азыр бул мекемеде жетекчи орун басары Улан Рыскулов жана Маалыматтык технологиялар, байланыш боюнча мамлекеттик комитетке учурда “Улуттук электр түйүнү” ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Абаскановдун талапкерлиги каралууда.

Сапар Исаков кандай өкмөт түзөт?

Сапар Исаков кандай өкмөт түзөт?

Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттү куроо аракеттери башталды.

Ал эми өкмөт аппаратына жетекчи катары учурда Кадр кызматын башкарган Нурканбек Момуналиев сунушталды. Финансы министрлигине учурда биринчи вице-премьер Мухаммедкалый Абулгазиевдин барары айтылып, бирок кийинчерээк бул маалымат төгүндөлдү.

Жыйындан соң Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жаңы өкмөттү жаш адискөйлөрдөн куроого басым жасалганын билдирди:

- Жаш болгону эле эмес, андан тышкары тажрыйбасы да маанилүү. Бардык нерсе бир орунда турбайт, өзгөрүп турат экен. Бүгүнкү күндө мамлекеттин алдында турган маселелерди чечет деген үмүт менен сунуштап, ишенип жатабыз. Жөндөй алабы же жокпу - бул өздөрүнөн көз каранды.

Ал эми өкмөт башчылыкка талапкер Сапар Исаков болсо жаңы программаны депутаттарга сунуштай турганын билдирди:

- Эртен баарыңыздар угасыздар. Мен өзгөчө программаны киргизип жатам. Ал “Жаңы доорго кырк кадам” деп аталат. Ал тууралуу парламентте билесиздер.

Өкмөттүн жаңы курамына талапкерлер белгилүү болгон соң коомчулукта талкуулар башталды. Алгач эле бийлик жаш жана адискөй деп баалап жаткан адамдар ким деген суроо болду. Маселен премьерликке талапкер 40 жаштагы Сапар Исаков эмгек жолун жогорку окуу жайда мугалимдиктен баштаган. Кийин Тышкы иштер министрлигинде бир нече жыл иштеген. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин бөлүм башчысы болгон.

Апрел ыңкылабынан соң кайра өкмөткө өтүп, алгач өкмөттүн, кийин президенттин аппаратынын эл аралык байланыштар бөлүмүн жетектеген. Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы катары белгилүү.

Толкунбек Абдыгулов
Толкунбек Абдыгулов

Биринчи вице-премьер-министрликке сунушталган 41 жаштагы Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты жетектеп келет. Ага чейин өкмөттүн жана президенттик аппаратында жана бир нече эл аралык уюмдарда иштеген. 2010-жылга чейин Абдыгулов да Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикте жооптуу кызматты аркалаган.

Экономика тармагы боюнча премьердин орун басарлыгына каралып жаткан Дүйшөнбек Зилалиев кесиби боюнча милиционер. Ал укук коргоо тармагында бир нече жылы эмгектенген. Апрел ыңкылабынан соң Коргоо кеңешинин катчы орун басары болуп турган жеринен Геология жана кен байлыктар агенттигинин жетекчилигине дайындалган. Күч кызматкерин кен байлык тармагын жетектөөгө дайындоого бул агенттиктеги бир нече жетекчиге кылмыш иш козголгону себеп болгону айтылган. Кийинчерээк Дүйшөнбек Зилалиев жетектеген агенттикке комитет макамы берилип, энергетика жана өнөр жай тармактары да кошулган.

Зилалиевдин ысымы акыркы учурда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга келишим коюлган чехиялык "Лигласс" компаниясына байланыштуу жаңжалдан улам көп аталып келет. Бул жаңжалга чекит коюла электигине карабай, Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан жогорулап отурат.

Коопсуздук тармагы боюнча вицеликке сунушталган Темир Жумакадыров эл аралык мамилер боюнча адис. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин командасынын ишенимдүү өкүлдөрүнүн бири катары белгилүү. Жумакадыров буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп эки жолу иштеди. Ортодо кыска убакыт президенттин аппаратын да жетектеген.

2010-жылга чейин Темир Жумакадыров Максим Бакиевдин Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар агенттигинде иштеген. Ал эми Экономика министрлигинин башчылыгына көрсөтүлүп жаткан 30 жаштагы Артем Новиков тууралуу көп деле маалымат жок. Ал президенттик аппараттын экономика бөлүмүн жетектегенге чейин Өмүрбек Бабанов жана Аалы Карашев вице-премьер болуп турганда экөөнө тең кеңешчи болгону гана белгилүү.

Вице-премьерлик даражадагы өкмөт аппаратынын жетекчилигине үчүнчү ирет көрсөтүлгөн Нурканбек Момуналиев буга чейин эки жолу бул кызматты ээлеген. Ал дагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары белгилүү. Бийлик бул адамдарды жаш, адискөй жана реформа кылууга жөндөмдүү катары сыпаттап жатат. Бирок жогоруда аты аталгандардын көпчүлүгү буга чейин эле бир катар жооптуу кызматтарды ээлегенине карабай, эч бир иши менен өзгөчөлөнө алган эмес деп сындагандар да бар.

Жаңы өкмөт канчалык адилет болот?

Ал ортодо өкмөттүн жаңы курамына нааразы болгон жарандык активисттер тобу Бишкекте Ак үйдүн жанындагы Апрель курмандыктарына коюлган эстеликтин алдына адаттан тыш акция өткөрүштү. Акцияга катышкандар эстелик алдына өкүрүп барышты.

Активист Сапар Аргымбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, алардын мындай акцияга чыгуусуна өкмөткө сунушталып жаткан адамдардын талапкерлиги түрткү болду:

- Максимдин жардамчылары үчүн жанын берген эмес булар. Азыр болуп жатканды булар билбей кетишти, биз тирүү калып билип жатабыз. Жаныбыз кейигендиктен үн чыгарып келдик. 2010-жылы бир жыл түрмөдө отурдум эле. Ушундай болот деп ойлогон эмесмин. Бүгүн үмүтүбүз өлдү.

Бишкекте активисттер акция өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Сапар Исаков болсо Бакиевдердин жакын адамдарынын бири болгон деген сөздөрдү четке кагып келет. Ал кечээ жергиликтүү агенттиктердин бирине маегинде Бакиевдер менен байланыштары тууралуу айыптоолорго “бул абсурд, калп. Кыргыз элинин негизги душманы Максим Бакиев менен кантип байланышмак элем, андайды жашырып калуу мүмкүнбү?” деп жооп берди.

Эми бул өкмөттүн тагдырын 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны чечет. Оппозициядагы айрым фракциялар азыртадан эле сунушталган өкмөт курамына каршы экенин ачык билдирип чыгышты. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабылды Тиллаев Сапар Исаковдун өкмөтү алдыдагы шайлоодо адилет боло албайт деген жүйөнү келтирди:

- Көпчүлүк коалиция премьерликке Сапар Исаковду көрсөтүп жатат. Бирок биз, азчылык, оппозиция катары партиябыздын лидери президенттикке чыгып жатканына байланыштуу ал кишини колдой албайбыз. Шайлоодо административдик ресурс колдонуу максатында алып чыгып жатышат. Ошондуктан ортодогу киши катары Мухамедкалый Абулгазиев азыркы курам менен өзү шайлоо бүткөнгө чейин иштей бергени туура. Шайлоо башталганда жаңы премьер-министр алып келгени туура эмес.

Мыйзам боюнча премьер-министр жана өкмөттүн курамын бекитүүгө депутаттардын экиден бери же 61 депутаттын добушу жетиштүү. Учурдагы Социал-демократтар, Кыргызстан жана Бир бол фракциялары кирген көпчүлүк коалициянын 68 добушу бар. Бирок коалиция ичине кирип, учурдагы бийликке сын айткан бир нече депутат бар экени белгилүү.

“Кыргызстан” фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаев Фейсбуктагы баракчасына өкмөттү бекитүүдө депутаттарды бийликтен коркпоо чакырыгын таштады. Бирок ошол эле маалда оппозициячыл фракциялардын катарында азыркы бийликке жан тарткан депутаттар да аз эмес.

Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Социал-демократтар партиясынан президенттикке көрсөтүлгөнү үчүн жума башында отставкага кеткен эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG