Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:06

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп. 27.8.2017.

Узап бараткан жумада Кыргызстанда жаңы өкмөт куралды. Бийлик жаштардан куралды деп сунуштаган өкмөттү парламент адаттагыдай эле көпчүлүк добушу менен бекитти.

Оппозициячыл маанайдагы "Сентябрь" каналына сот чечими менен тыюу салынышы сөз эркиндигине кысым уланууда деген талкууларды күчөттү.

Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөт

25-августта Кыргызстанда жаңы өкмөт куралды. Социал-демократтардан президенттике аттанган Сооронбай Жээнбеков апта башында отставкага кеткен. Мындан соң дароо президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы чакырылып, 25-августта депутаттар жыйынга чогулушту.

Мурдатан айтылып келгендей эле премьерликке президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков көрсөтүлдү. Муну парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген Социал-демократтар, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракциялары колдоду.

Сапар Исаковдун өкмөтүндөгү негизги өзгөчөлүк катары анын курамына жаш адистер тартылганына басым жасалып, негизги талкуулар ушул маселенин тегерегинде болду.

Бийлик бул өзгөчөлүктү реформачыл өкмөт келип жатат деп сыпаттоого аракет кылды. Аны премьерликке бекиген Сапар Исаков да парламентте өз программасын тааныштырып жатып белгиледи:

- Биздин команда өлкөнү өнүктүрүү боюнча мамилени түп тамыры менен өзгөртүү керек экенин түшүнүп жатабыз. Ата-бабаларды мыкты салттары менен жаңы технологияларды айкалыштырып, өлкөнү башкаруунун мезгили келди. Ошондуктан өкмөт курамы улуу жана жаш муун өкүлдөрүнөн түзүлдү.

Өкмөт курамында негизинен вице-премьерлер алмашты. Бул кызматтарга президенттик команданын өкүлдөрү саналган Толкунбек Абдыгулов, Темир Жумакадыров, Дүйшөнбек Зилалиев келди.

Бийлик өкмөттөгү жаңы мүчөлөрдү жаш, адискөй жана реформа кылууга жөндөмдүү деп сыпаттап жатат.​

Бирок жогоруда аты аталгандардын көпчүлүгү буга чейин эле бир катар жооптуу кызматтарды ээлегенине карабай, эч бир иши менен өзгөчөлөнө алган эмес деп сындагандар да бар. Алардын бири жакында эле Социал-демократтар партиясынан чыгарылган жарандык активист Ренат Самудинов:

- Өкмөттүн жаңы курамы жаштардан куралды делгени менен, пайыз менен карасаң, алар мурдатан эле иштеп жүргөндөр. Ал эми жаш дегени деле өкмөттүк кызматтан келишти. Мисалы, ошол эле Сапар Исаковду алалы. Жооптуу иштерде иштегени менен эмнеси менен айырмалана алды? Андан башка жаңы келип жаткан үч вице-премьер кайсы реформаны алгылыктуу ишке ашырганы үчүн бул кызматка тандалганы белгисиз.

Исаков "Жаңы доорго кырк кадам" деген программаны сунуштады. Программа буга чейин сунушталган "Таза коом" долбоорунун негизинде иштелип чыккан.

Жаңы өкмөттү жетектеген Сапар Исаков программа алкагында "Элдин экономикалык бакубаттыгы", "Элдин социалдык бакубаттыгы" жана "Коопсуздук" деген үч негизги багытта иш алып барарын айтты.

"Бир бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев программа конкреттүү сандардан эмес, куру сөздөрдөн турат деп сындады:

- Бул программаны президенттин аппараты даярдаптыр. Аны өкмөткө жылдырып коюптурсуздар. Акыркы жети жылда тогузунчу премьер болуп баратасыз. Ошол тогуз программанын эң жакшы жазылбаганы ушул болуп калды. Бизди урушуп жатасыздар, жашы өтүп кетти деп. Биз силердин жашыңарда программа жазганда ар бир сүйлөмдү сан менен байлачубуз. Силер болсо жөн эле сүйлөм жазып коюп жатасыздар.

Жыйынтыгында Сапар Исаков сунуштаган программага 102 депутаттын 97си макул, бешөө каршы, түзүмгө 96сы макул, алтоо каршы, курамына 97 макул, бешөө каршы деп добуш беришти.

Добуш берүү ачык электрондук жол менен өттү.

Бул Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы жыйырма сегизинчи, ал эми Апрел ыңкылабын кийинки тогузунчу өкмөт. Сапар Исаков болсо өлкө тарыхындагы эң жаш премьер болуп калды.

Алдыда президенттик шайлоо

Исаков баштаган технократтардын өкмөтүнүн тагдыры 15-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына түздөн-түз байланыштуу болмокчу. Президенттик шайлоодо бийликтин талапкери утуп чыкса, азыркы өкмөт андан ары ишин уланта бериши ыктымал.

Экинчиден, Жээнбековду бийликтин атаандаштары эски муундагы саясатчы катары санап, өлкөдө ыкчам реформаларды жүргүзүүгө жөндөмсүз деп сындап келген эле. Ошондуктан бийликтин “жаш адистерден куралды” деген өкмөтү КСДПнын талапкеринин кемтиктерин толуктай турганы да белгиленүүдө.

Быйыл декабрдан тарта премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейткен Баш мыйзамдын жоболору да күчүнө кирмекчи. Ошондуктан бул Атамбаевдин командасынын премьер-министрликке эң ишенимдүү, көздөй адамды дайындап, шайлоодон кийин да таасирин сактап калууга болгон аракети катары да кабыл алынууда.

Саясий эксперт Сейтек Качкынбай бийлик бул сценарийди ишке ашырды деген пикирде:

- Президент Атамбаев бийликти тапшырып берүүнү иреттүү жүргүзгөндөй. Эки жыл мурун бийликтен кетип баратып, мен жаштарды коем деди эле. Экинчиден, Сапар Исаковду Меркелге оң колум деп тааныштырды эле. Ошонун баарын өз максатында колдонуп, мурдатан ойлонулгандай сезилип жатат.

Президенттикке Өмүрбек Бабановду талапкер көрсөткөн парламенттеги “Республика Ата Журт” Сапар Исаковдун премьерликке барышына алгач каршы чыккан эле. Алар Исаков өкмөт башчылыгына келсе, шайлоодо административдик ресурс колдонулушу мүмкүн деген жүйөнү келтиришкен.

Ошондон улам парламенттеги оппозиция активдүүлүгүн көрсөтөт деп күтүлүп жаткан эле. Бирок ар кандай божомолдорго карабай, парламенттеги оппозицияны түзгөн “Республика-Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары адаттагыдай эле кезектеги өкмөттү колдоп добуш берди.

"Кыргызстан парламенти биринчи кезекте логикага багынып иш кылгандай" деген пикирин билдирди “Азаттык” радиосуна курган маегинде саясат таануучу Чынара Эсенгул:

- Реформалар системдүү жүрбөй, бир убакта башталып, бирок ишке ашырылбаса “күтүү режиминде” эле жүрө беребиз өнүкпөй. Мүмкүн парламентте отурган лидерлер жаңы өкмөттүн “амбициялык" деп атап жатышкан программасын жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берип көрөлү, болбой калса өзүлөрүнөн көрүшсүн” деген позицияда болушкандыр. Бул оппозициянын бар же жогунда эмес. Реформа болуш керек деп айтышат, бирок жолун сунуштагандар аз болууда деген логика боюнча добуш беришкендир деп ойлойм.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Өнүгүү Прогресс” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевдин парламенттин кезексиз сессиясында жаңы өкмөт курамына берген макулдук добушун колдобойт:

- Ар кимдин өз пикири бар, бирок туруктуулук жакшы болмок. Шайлоо алдында жалаң гана өзүнө керектүү, өзүнө берилген адамдардан аткаруу бийлигин түптөө жакшы эмес. Ошондуктан Төрөбаев мырза эч болбогондо калыс добуш берип койсо болмок. Эгерде кадр саясатындагы багытка макул болгон болсо анда альтернатива талапкер болуп эмне кылат? Анда бир эле команда болуп алыш керек.

Төрөбаев “Ата-Журт Мекенчил” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев жана Акматбек Кедибеков, Мадумаров менен төртилтикке кирген болчу. Алар президенттик шайлоого өзүнчө талапкер алып чыгууну убада кылышкан.

Өкмөт башчылыкка Сапар Исаковдун талапкерлиги парламентте талкууланар алдында интернетте "Сапар Исаков ким?" деген анонимдүү тасма пайда болду. Анда Исаковдун бир катар мыйзамсыз иштерге катышы бар деген жоромолдор камтылган.

Сапар Исаков "Акипресс" маалымат агенттигине берген маегинде бул видеодогу жоромолдорду төгүндөп, президенттикке талапкерлердин биринин ыплас буюртмасы деп атады.

"Сентябрды" жапкан сот чечими

Узап бараткан аптадагы маанилүү окуялардын бири - Бишкектин Биринчи Май райондук соту санариптик форматтагы "Сентябрь" телеканалынын ишине Башкы прокуратуранын арызынын негизинде тыюу салды. Буга 2016-жылдын 29-сентябрында Жалал-Абаддагы “Сентябрдын” эфиринен чыккан берүү себеп болгон.

Анда Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров мурдагы премьер Сооронбай жана мурдагы парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдорду 2010-жылдын этнос аралык июнь калабасынан кийинки акча каражатын "жеп алган" деп айыптаган. Бирок Жээнбековдор бул айтылгандарды куру доомат деп атап, Капаровду сотко берип, утуп алышкан.

Мына ушул Капаровдун сөзү экстремисттик билдирүү катары аныкталып, “Сентябрь” телеканалынын ишмердигине тыюу салынды. Бирок Бишкектеги "Сентябрь” телеканалы Жалал-Абаддагы мурдагы аналогдук каналга эч тиешеси жоктугун айтууда.

Камактагы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жакын адамдар ээлик кылат делген канал бийликти кескин сындаган көрсөтүүлөрдү даярдап келген.

Айрыкча Өмүрбек Текебаев камакка алынган соң ишмердигин жандандырып, саясатчынын камалышын саясий куугунтук деп ачык атап келген эле. Ошондуктан канал жетекчилиги жана коомчулуктун бир бөлүгү муну сөз эркиндигине чектөө катары кабыл алышты. Маселен, мурдагы президент Роза Отунбаева баш болгон бир катар саясатчылар соттун мындай чечимин сындап чыгышты:

- Бул президенттин өзүнөн эле чыккан чечим деп ойлойм. Муну прокуратура, башкалардын баары кантип аткарабыз деп ойлонбой деле калышты. Алар ошол замат буйрукту аткарып жатышат. Буга таң калбай деле калдым. Болбосо Сооронбай Жээнбеков буга барбайт эле. Ал момун киши. Сот ТВдан ошол кишини сындаган үчүн ушундай чечим чыгарды деп айтып жатышпайбы, - деди Отунбаева.

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

​Дал ушундай эле пикир камтылган кайрылууну укук коргоочулар Жогорку Кеңешке жолдоду. Бирок Башкы прокуратурасы “Сентябрь” телеканалы боюнча маалымат таратып, анын өкүлдөрү коомчулукка туура эмес кабар таратып жатат деген жүйөнү келтирүүдө.

Башкы көзөмөл органынын белгилешинче, учурда санарип форматта Бишкекте иштеп жаткан “Сентябрь” өз ишмердүүлүгүн мурда Жалал-Абаддан чыгуучу аналогдук “Сентябрдын” лицензиясынын негизинде жүргүзүп келатат.

“Сентябрь” телеканалынын жамааты болсо канал мындан ары башка аталыш менен интернеттеги социалдык тармактарда ишин уланта берерин айтууда.

Кыргызстанда сот чечими менен бир күн ичинде телеканалга тыюу салууну эксперттер күтүлбөгөн окуя катары баалашты. Маселен, “Медиа полиси” институтунун юристи Алтынай Исаева экстремисттик маанайда болгон күндө да бир эле билдирүү менен телеканалды жабуу мыйзамсыз деп эсептейт:

- Мыйзамдар боюнча телеканалды жөн эле жаап коюуга болбойт. Мыйзамдарда медиа каражатты жабуунун жол-жобосу так жазылган. Биринчи тиешелүү органдар же Башкы прокуратура каналга эскертүү бериш керек болчу. Алар кайсы берүүлөр мыйзамга каршы келери тууралуу эскертиши керек эле. “Сентябрь” каналы андай эскертүү болгон эмес деп жатат.

АКШнын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясы

Бул жумада АКШ Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялады.

Былтыркы президенттик шайлоо өнөктүгү маалында Дональд Трамп акыркы учурда эң узакка созулган согушун токтотууну убада кылганына карабай, Ооганстанда Кошмо Штаттардын аскерлери каларын билдирди.

Трамп башында Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүүнү көздөгөнүн, бирок маселени изилдеп чыккандан кийин ушундай тыянакка келгенин айтты.

АКШ президенти Дональд Трамп ооган жергесиндеги аскердик операциялардын мөөнөтү чектелбестигин айтты:

- Мөөнөткө негизделген мамиледен кырдаалга негизделген мамилеге өтүү биздин жаңы стратегиябыздын башкы таянычы. Аскердик аракеттерди баштоонун жана бүтүрүүнүн мөөнөтүн алдын ала айтуу - АКШ үчүн тескери натыйжа берерин буга чейин бир нече жолу айткам. Биз аскерлердин саны же алдыдагы аскердик аракеттердин планы жөнүндө сөз кылбайбыз. Мындан ары жадыбал эмес, сөз болуп жаткан жердеги кырдаал биздин стратегияга багыт берет. Американын душмандары биздин пландарыбызды эч качан билбеши керек, биз чыгып кеткиче күтүп турабыз деп ишенбеши керек. Биз качан чабуул коерубузду айтпайм, бирок биз чабуул коебуз.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Трамптын жаңы саясатын Ооганстандын жетекчилиги да кубаттады. Ооган президенти Ашраф Гани америка-ооган кызматташтыгы мурдагыдан да бекем болуп жатканын билдирди.

АКШ президентинин жаңы стратегиясын жарыялап жатып, Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү террордук уюмдардын кайра кайтышына өбөлгө түзөөрүн, Ирактагы катачылыкты кайталабоо зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой Пакистанды экстремисттерди калкалады деп кескин сындады.

Мындай сындар Пакистан менен АКШ ортосундагы мамилесине сыноого салгандай болду.

Пакистандын аскерий жетекчилиги АКШ Ооганстандагы ийгиликсиз операциялары үчүн Исламабадды күнөөлөбөшү керек деп, өз нааразылыгын билдирди.

Бул маселеден улам Пакистандын жакында эле дайындалган премьер-министри Шахид Хаган Аббаси баштаган аскерий жетекчилери жана жогорку даражадагы кызмат адамдары атайын жыйынга чогулду.

Ооганстандагы АКШ аскерлери.
Ооганстандагы АКШ аскерлери.

АКШ жана НАТО күчтөрү 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук чабуулдан кийин Ооганстанга кирген. Буга ошол учурда Ооганстандын башында турган талиптердин өкмөтү "Ал-Каида" баштаган террорчул топторго баш калка берди деген жүйө негиз болгон. Бир нече жылга созулган кармаштан кийин талиптер бийликтен кол жууп, 2014-жылы Америка жана НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгып кеткен. Ооган жергесинде калган 8400 америкалык аскер жана НАТОнун 5000дей жоокери көбүнесе ооган армиясына кеңеш берүү жана машыктыруу милдетин өзүнө алган.

Бирок соңку эки жылда талиптер ооган өкмөтүнө каршы чабуулдарын күчөтүп, өлкөнүн дээрлик 40 пайызын өз көзөмөлүнө алды. Мындан улам ооган өкмөтү жана АКШ генералдары Ооганстанга кошумча күч жөнөтүү зарылчылыгын айтып келишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG