Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Сапар Исаковдун өкмөтүн 102 депутаттын 97си колдоду


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз сессияга чогулуп, өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Алгач бул маселе кечээ КСДП фракциясында талкууланып, анда сунушталган курам, түзүм жана программа бүгүн башкаруучу коалицияда жана профилдик комитетте да колдоо тапкан.

Сунушталган программага 102 депутаттын 97си макул, 5 каршы,

түзүмгө 96сы макул, 6 каршы,

курамына 97 макул, 5 каршы деп добуш беришти.

Добуш берүү ачык электрондук жол менен өттү.

Сапар Исаков баштаган өкмөттүн "Жаңы доорго 40 кадам" деген программасы "Элдик экономика бакубаттыгы", "Калктын социалдык бакубаттыгы" жана "Коопсуздук" деген үч негизги багытта иш алып барары белгилүү болду. Алар тогуз улуттук реформа жана тогуз улуттук өнүктүрүү программаларын камтыйт. Өнүктүрүү программасы агро өнөржай жана кооперация, туруктуу туризм, өнөр жай, сак-саламаттуу калк, коопсуздук, атуулдук жана тил саясаты, экологиялык коопсуздук багыттары боюнча жүзөгө ашырылат.

Буга чейинки премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп кеткенине байланыштуу анын өкмөтү отставкага жөнөтүлгөн. Сапар Исаков буга чейин президенттик аппараттын башчысы болуп иштеп келди.

Жалпысынан өкмөттүн курамында сегиз жетекчи алмашты. (RK)

XS
SM
MD
LG