Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Кыргызстан: Сапар Исаков өкмөт башчы болуп бекитилди


Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жума күнү кезексиз сессияга чогулуп, бийликтеги коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын жактырды.

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 25-августта кезексиз отурумга чогулуп, Кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү маселесин талкуулап, акыры бийликтеги үч партиялуу коалиция сунуштаган курамды жактырды.

Сунушталган программага 102 депутаттын 97си макул, бешөө каршы,

түзүмгө 96сы макул, алтоо каршы,

курамына 97 макул, бешөө каршы деп добуш беришти.

Добуш берүү ачык электрондук жол менен өттү.

Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөттүн "Жаңы доорго 40 кадам" деген программасы "Элдик экономика бакубаттыгы", "Калктын социалдык бакубаттыгы" жана "Коопсуздук" деген үч негизги багытта иш алып барары белгилүү болду. Алар тогуз улуттук реформа жана тогуз улуттук өнүктүрүү программаларын камтыйт.

Өнүктүрүү программасы агро өнөржай жана кооперация, туруктуу туризм, өнөр жай, сак-саламаттуу калк, коопсуздук, атуулдук жана тил саясаты, экологиялык коопсуздук багыттары боюнча жүзөгө ашырылат.

Алгач бул маселе кечээ парламенттеги КСДП фракциясында талкууланып, анда сунушталган курам, түзүм жана программа бүгүн башкаруучу коалицияда жана профилдик комитетте да колдоо тапкан.

Сапар Исаков юстиция министри Уран Ахметов ишти жакшы алып бара албай жатат деген сынга ал сабаттуу адис экенин айтып, дагы иштеп көрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтты.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин ишине да көп сын айтылып жатат деген суроого Исаков ага да убакыт берүүнү өтүндү.

- Ар бир өкмөт мүчөсүнө так милдеттер коюлат. Аткара албаса кетиребиз. Силерге берген убадаларыбызды аткарганга аракет кылабыз. Коррупцияга малынып, иштебей жүрсө коштошобуз, - деди Исаков.

Көпчүлүк коалицияга КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары кирет. Калган үч фракция оппозициялык азчылыкты түзөт. Сапар Исаковду КСДП фракциясы премьер-министрликке сунуштаган.

1977-жылы туулган саясатчы Сапар Исаковдун учурдагы кызматы - президенттик аппараттын башчысы. Ал бийликтеги КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү.

Буга чейинки премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп, БШК аны талапкер катары расмий каттагандыгына байланыштуу анын өкмөтү кызматтан чегинген.

Жалпысынан, Кыргыз өкмөтүнүн курамында сегиз жетекчи алмашты.

Парламенттин кезексиз жыйыны.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG