Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:11

Президент Алмазбек Атамбаевдин 30-августта Кыргызстандын саясий элитасы тууралуу айткандары ар кандай талданып жатат. Саясий элитанын коом алдында жоопкерчилиги кандай? Дегеле Кыргызстанда саясий элита барбы?

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 30-августта Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун жыйынтыкталышына арналган чогулушта сүйлөп жатып саясий элита тазаланышы керектигин белгилеген.

- Биздин өлкө таза жана гүлдөгөн болууга тийиш. Бул үчүн биринчи кезекте элитаны кары-жашына карабай жакшылап тазалаш керек. Себеби Максим Бакиев же Айдар Акаевдей да жаштар бар, алардын ичи чирип бүткөн.

Мамлекет башчынын бул айткандары кыргыз элитасынын коом алдындагы жоопкерчилиги, алардын ар кандай коомдук, саясий иш-чаралардагы орду менен ролу, сапаты менен саны туурасында талкууга жем таштады.

Буга чейин интеллигенциянын бир бөлүгү талапкерлердин бирин колдой турганын билдирип чыгышкан. Президенттин айткандарын мына ушуга байланыштыргандар да жок эмес.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев адатта элитаны тазалабай, аны өстүрүп, тарбиялап алган туура деп эсептейт.

- Элитаны тазалабаш керек, аны өстүрүш керек. Элитаны тазалоо Сталиндин методу болгон. Тазалайбыз дегенде ар кандай ойлор келет да. Демек Текебаевдин ("Ата Мекен" партиясынын лидери - ред.) жанындагы камераларга дагы бир топ адамдар барат го деген ой жаралат. Ар кандай ойго сала турган сөз болуп жатпайбы. Биз демократиялык коомду курабыз деп коюп эле бийликтеги партиянын оппоненттерин колдогондордун бардыгын тазалайбыз деп ишара кыла беребизби? Чын эле ушул багытта түшүнгөндөр да бар. Кийинкилер кошулуп кетпеши үчүн айтылып жатат дегендер болуп жатат. Тазалана электе эле биздин элитанын катмары жука болуп жатпайбы. Эл артынан ээрчиген улуттук лидер жок болуп жатат. Элитанын деңгээлин жогору коюп, аларга өзүнүн оюн ачык айтканга мүмкүнчүлүк берүү керек. Ошондо өнүгүү болот.

Элита - француз тилинен алганда тандалма, мыкты дегенди билдирет. Бизде ошондой тандалмаларга кимдер кирет?

Эл эсиндеги элита өкүлдөрү жана сталиндик талоон

1920-30-жылдары кыргыз коому саясий жактан экиге жасалма жиктелген кезеңде сталиндик режим тарабынан куугунтукталып, мүлкү таланып, сүргүндөлүп запкы чеккен инсандар тууралуу макала.

Улуу инсандар, элита, тарых, тилге байланыштуу баяндар камтылган "Улуулукка таазим" деген аталыштагы китепти жазган Жогорку Кеңештин депутаты, саясий илимдеринин доктору Каныбек Иманалиев ар бир доордун өзүнүн элитасы болорун, аларды эл, доор тандай турганын "Азаттыкка" берген маегинде билдирди. Китептин автору азыркы тандалмалар руханий жактан алсыз деген пикирде.

- 20-кылымдын башында эң билимдүү, патриот, мамлекетчил адамдар Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов келген. Согуштан кийинки мезгилде Төрөбөй Кулатов, Болот Мамбетов өңдүү адамдар келген. Алар партиялык мектептен өткөн, чарбалык-партиялык кызматтарда иштеген. Ал эми эркин мамлекет болгондо ошол учурда ким кызматта болсо ошолор элитаны түзүп калган. Азыр элита ким? Бул эл тандаган депутаттар, саясий партиянын, өкмөттүк эмес уюмдун, журналистиканын, экономиканын, маданияттын лидерлери. Алар табигый түрдө өсүп чыгат. Өзүбүздү өзүбүз сындаганды да билишибиз керек. Мисалы, Грузиянын элитасы күчтүү экен. Алардын саясий, маданий, финансылык элитасы дагы күчтүү. Миллиардерлери бар. Орто Азияда андай элита түзө албаптырбыз. Бизде элита мындан да күчтүү болсо болот эле. Бирок азыркынын болгон деңгээли ушул, руханий жактан алсыз. Акча жактан чыккандарды айталы десек көбү мамлекеттик кызматта жүрүп акча топтогондор. Чыныгы рынокто өз маңдай тери менен элитага жеткендер аз. Алар дагы бийликке көз каранды. Диний элитабыз дагы күчтүү болушун каалайт элем. Орусияда Равиль Гайнутдин мамлекеттик деңгээлде сүйлөйт.

Серепчилер Кыргызстанда саясий элитанын ролун аткарып жаткандардын сапаты бийликте да, оппозицияда да начарлап жатат деген пикирди карманышат.

Азыр демократиянын жышааны бар. Эркин жашаганга, өз тамагын өзү таап, өз жолун чаап билим алганга аракет кылгандар көп. Ошолордун арасында жүрө-жүрө элита калыптанышы мүмкүн.

Саясат таануучу Эмил Каниметовдун айтымында, илимде элита деп элге жакын, калкка үлгү болгон, акыл-эси, интеллекти жогору, маданияттуу жана ыймандуу адамдарды айтышат. Ал өлкөдөгү саясий элитабыз деген катмарга мындайча мүнөздөмө берди:

- Элита деген элге жакын, элдин жашоосуна аралашып, расмий чектөөлөргө эмес, мурдатан келаткан руханий салтка, ыйман-адепке тыгыз байланышы бар. Калктын кадыр-баркына өз акылы, калыстык, чынчылдык сыяктуу сапат, касиеттери менен ээ болгон адамдарды элитага кошсо болот. Мисалы, Ысык-Көлдөгү Кыдыр аке, Садыр аке дегендей адамдарды улуу ишке уютку боло тургандай инсандар болгон. Азыр демократиянын жышааны бар. Эркин жашаганга, өз тамагын өзү таап, өз жолун чаап билим алганга аракет кылгандар көп. Ошолордун арасында жүрө-жүрө элита калыптанышы мүмкүн. Бирок азыркы кезде чыныгы элди ойлой турган, элдин камын көргөн эл жакшыларынын тобу жокко эсе десек болот.

Кыргыз коомунда элита же интеллигенцияга болгон көз караш да бир кылка эмес. Буга чейин саясий жараян алдындагы аттуу-баштуу саясатчылардын, коомдук ишмерлердин курултайдан курултайга "айттаганы", ар кайсы саясатчыны колдоп сүйлөгөнү коомчулуктун сынына кабылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG