Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:41

Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун ар бир жаңы чыгармасы окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Чебер стилист, көркөм сөз өнөрүнүн таанымал чебери китеп окурмандарынын саны азайып бараткан шартта жаңы чыгармаларын жарыялап, окурман журтунун кызыкчылыгын арттырып келет. Жаңы доордун көркөм сүрөтүнүн адабиятта чагылдырылышы тууралуу пикирин сурап жазуучуну кепке тарттык.

"Азаттык": Мелис ага, азыркы учурдун чагылдырылышы жакшы болбой жатат, жазуучулар көбүнесе өткөн заманга, социализмге кайрылып, тарыхый темага көбүрөөк азгырылып жатат, азыркы заман темасы чагылдырылбай жатат деген кеп-сөздөр болууда. Мунун чындыгы барбы?

Мелис Абакиров: Азыркы заман темасы чагылдырылбай жатат дегендин бир чети туура. Эч убакта адабият дароо эле жаралып калбайт. Адабият - көркөм дүйнө, аны көркөм электен өткөрүү керек. Мурдагыларды таразалоо керек. Жакшы-жаманын иргеп, жүрөктөн өткөрүп, андан кийин гана окурманга сунуштоо абзел.

Бул өзү ушундай, ар бир жаңы доор, заман жаңылануунун, башка системага өтүүнүн доору болот. Ал жаңы доорго эл деле, жазуучулар деле даяр болбойт. Анткени бул жаңы система өтүп кете элек, таптакыр жаңы система. Мурда калыптанган, мээбизге сиңген система бизди бекем курчап, таптакыр тушап алган. Биз андан чыга элекпиз, азыр эле чыгып алдык, демократ болуп алдык, мен жаңы замандын өкүлүмүн, мен жаңыча жазам деген жазуучу болсо ал жазуучу апыртып жатат деп ойлойм.

Нурлан Калыбеков: Бизде интеллигенция жок

“Нурборбор” жаштар чыгармачылык академиясынын негиздөөчүсү акын Нурлан Калыбеков "Азаттыкка" маек курду.

Эски идеологиядан кутулуу абдан оор. Жазуучу каалайбы-каалабайбы кайсы система болбосун анын идеологу болот. Коммунисттикпи, капиталисттикпи, демократиялыкпы - кайсы бир системанын идеологу болот, болбой коё албайт. Бул биздин мээге аябай сиңген, бизди партиянын солдаты деп койчу. Жазуучу партиялык идеологияны чагылдырышы керек деген стереотиптик ой жүгүртүү сиңип калган. Анан азыр эле мен ушул заманды көрсөтө коём, чагылдырып жиберем деш кыйын, ириде жаңы заманды электен өткөрүү керек. Акаевдин заманын чагылдыралы десек, Бакиевдин заманы калып калат, аны карасаң Отунбаеванын заманы, анан азыркыны чагылдырайын десең Атамбаевдин заманы бүтө элек, бул да турчу маселе. Биздин 25 жылдан бери келаткан учурубуз - бул өзүнчө доор.

"Азаттык": Жаңы заманга Чыңгыз Айтматов "Тоолор кулаганда" романы менен кайрылды. Сиз жаңы заманды сатира, гротеск менен ачып берген "Канталамай" деген чыгарманы жаздыңыз. Чыгарманын атынан улам "Канталамай" деп ыймандын менчиктештирүүдөң улам ушундай ат коюп койдуңузбу?

Хан кеткенде, анын ордуна келген жаңы хан анын бүт мүлкүн талап алат. Бул өзү хандын дүйнөсүн талап алуу. Кыргызстанда бүт жыйналган элдин мүлкүн талап алдык го. Жаңы системага келгенде бүт талап алдык да.

Мелис Абакиров: "Канталамай" дегендин өзү ушундай болот. Бул хандын бүт мүлкүн талап алуу деген сөз. Хан кеткенде, анын ордуна келген жаңы хан анын бүт мүлкүн талап алат. Бул өзү хандын дүйнөсүн талап алуу. Көрдүк го, Кыргызстанда бүт жыйналган элдин мүлкүн талап алдык го. Жаңы системага келгенде бүт талап алдык да.

Анан жанагы сенин сөзүңөн улам, Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романы бул жаңы заман жөнүндөгү эле чыгарма эмес. Мен былтыр Түркияга эл аралык симпозиумга барып калдым. Ошондо Азербайжандын "Трибуна" гезитинин редактору, философия илимдеринин доктору Айдын Мамедов деген окумуштуу мен ошого чейин баалабаган бир сонун ойду айтты. "Бул Айтматовдун трагедиялуу автобиографиялык романы" деди. "Мындай романды ал өзү системанын курмандыгы экенин билгенден кийин жазган" деп айтты. Ал глобалдаштырууну, мекенинен ажыраган, майда улуттарды жок кылчу идеологияны чагылдырган, бул бүтпөй калган чыгарма деди. Бүтпөй калган трагедия, ал түрк дүйнөсүндөгү, атүгүл европалык жазуучуларга келе элек идея экенин белгиледи. Дүйнөлүк ойчул, философ катары Айтматов муну сезген деди. Бул батыштыкка (вестеринизация), улуттук өз алдынчалыкты сактап калбаса жок болуп кетүүсү мүмкүндүгүн, тепсендисинде каларын түшүнбөсө майда улуттар жок болорун түшүнгөн жазуучу деп айтты. Мен ушул ойго ынандым.

"Азаттык": Мелис ага, сиз буга чейин тарыхый темага, анан өзүңүзгө жакын элет турмушуна кайрылып келдиңиз. Айталы, "Көкөй кести" кыргыз-казак тарыхый мамилесине, "Барымтада" болсо кыргыз-калмакка байланышкан талылуу маселе козголгон. Ал эми "Алмалуу бак" менен "Алчалуу төр" айыл турмушунун жаркын барактарын жазып, анан "Канталамайды" жазып кайра бул темага кайрылбадыңыз. Кайра эле көнүмүш темага кетишиңизге эмне себеп болду?

Мелис Абакиров: Андай деле эмес. Мына "Эрөөл" повестимде өткөн турмуш болгону менен, көп пландуу тема. Анткени адам менен адамдын, болбосо адам менен жаратылыштын, бийлик менен жөнөкөй кишинин эрөөлү. Теманын өзү эски болгону менен адам турмушун көрсөтүп атпайбы. Ал эми "Байтерек баяны" - бул азыркы күндүн темасы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG