Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Атамбаев: Элитаны жаш-карысына карабай тазалаш керек


Президент Алмазбек Атамбаев өзү бийликте турган кезде камакка алынган кишилерди тактыдан кеткен соң да эркиндикке чыгуусуна жол берилбестигин айтты. Буга ал "Альфа-Телекомдон" акча чыгарылып кеткен факт боюнча камалган Алмаз Абековду мисал тартты. Бүгүн Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун жыйынтыкталышына арналган чогулушта сүйлөп жатып президент саясий элита тазаланышы керектигин белгиледи:

- Биздин өлкө таза жана гүлдөгөн болууга тийиш. Бул үчүн биринчи кезекте элитаны кары-жашына карабай жакшылап тазалаш керек. Себеби, Максим Бакиев же Айдар Акаевдей да жаштар бар, алардын ичи чирип бүткөн.

Атамбаев алдыдагы президенттик шайлоого шылтап башаламандык уюштурууну каалагандар жазаланарын, аларды катаал жазага тартууга 1-декабрга чейин, тагыраак айтканда өзү тактыдан кеткенче убактысы жетиштүү экенин да кошумчалады.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.

Оппозиция өкүлдөрү бийликке сын айткан саясатчылар, журналисттер куугунтукка кабылып жатканын белгилеп келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG