Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:55

Кыргызстанда президенттикке талапкерлердин дээрлик бардыгы укук коргоо системасын реформалоо чакырыгы менен чыгууда. Учурда үгүт өнөктүгү расмий түрдө башталбаса да, шайлоого аттанган саясатчылар пикирлерин ортого салып жатат. Президенттикке талапкерлер укук коргоо системасын кантип реформалоону каалайт?

Кыргызстанда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталбаганы менен өлкөдөгү талылуу маселелер боюнча талапкерлер азыноолак ой-пикирлерин билдирүүдө.

Мындай маселелердин бири - укук коргоо системасынын реформасы. Дээрлик бардык талапкерлер бул тармак өзгөрүүлөргө муктаж экенин белгилеп, убада беришүүдө.

Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев бул көрүнүштү мыйзам ченемдүү көрүнүш катары санайт. Саясат таануучунун айтымында, укук коргоо органдарынын ишине көпчүлүк жарандардын көңүлү толбой, өзгөртүү талабы айтылып жатканда талапкерлер элге жаккан демилгени көтөрүүгө мажбур:

- Укук коргоо, мыйзамды сыйлоо, мыйзамдын үстөмдүгү деген маселелер көтөрүлүп, актуалдуу болуп турганда талапкерлер бул тууралуу такыр унчукпай же конкреттүү сунуш айта албаса түшүнүксүз болуп калмак. Ошондуктан талапкерлер бул маселени көтөрүшөт. Кыргызстандын учурдагы эң орчундуу, эң талылуу маселеси ушул тармак.

​Учурда президенттик шайлоого аттанган талапкерлер укук коргоо системасын реформалоо үчүн бул тармакты коррупциядан арылтып, ачык-айкындыкты камсыз кылууну сунуштап жатышат.

Бул жаатта өлкөдө алты жылдан бери ишке ашпай келген "Коопсуз шаар" сыяктуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу негизги сунуштардан болууда.

Маселен, Социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарын камкордукка алуу боюнча азыркы бийликтин иштери улантылып, анын негизинде коррупцияны жана мыйзамсыздыкты жок кылуу мүмкүн экенин билдирүүдө:

- Реформанын алкагында адам укугун сактоо негизги багыт катары аныкталган. Экономикалык, кылмыштар, экстремизм, терроризм менен күрөшүү боюнча күч түзүмдөрүнүн функциялары так бөлүнөт. Жоокерлер жана күч кызматкерлерди социалдык колдоо улантылат. Маселен, акыркы үч жылда бул тармактын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылууга 3,5 миллиард сом бөлүндү. Бул иш уланат.

Бирок бийлик талапкери бул жаатта акыркы жылдары ишке ашпай калган долбоорлор боюнча түшүндүрмө бербей келет.

Темир Сариев
Темир Сариев

​Ал эми талапкерлердин бири мурдагы премьер-министр Темир Сариев укук коргоо органдарын реформалоону бул тармактагы кызматкерлерден баштоо зарыл деген пикирде. Сариевдин программасына ылайык, ИИМдеги жемкорлукту жоюу үчүн кызматкерлерди жапырт аттестациядан өткөрүү керек:

- Кадрларды кызматка алуу жана даярдоонун жаңы системасын киргизүү зарыл. ИИМ академиясы алты айлык кайгуул күзөт кызматкерлерди даярдоого жана учурдагы кызматкерлердин сапатын арттырууга багытталат. Укук коргоо органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кызматкерлердин жана анын туугандарынын киреше-чыгашасы тууралуу декларациясын текшерүү керек. Мындай текшерүү болбосо мүлк боюнча декларация тапшыруунун мааниси жок болуп жатат.

Темир Сариев укук коргоо кызматкерлерине коомдук көзөмөлдү күчөтүп, байкоочу камераларды орнотууну сунуштоодо.

“Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов болсо укук коргоо органдарын реформалоонун негизги максаты - адамдын коопсуздугун жана анын мүлкүн сактоого багытталышы керек деп жатат.

Бабанов өзү премьер-министр болуп турган кезде "Коопсуз шаар" долбоорун баштаганын улам-улам шайлоочулардын эсине салып, ара жолдо калган бул демилгенин ишке ашырууга байма-бай убада берип жатат.

УКМК: террордук уюмдун эки өкүлү жок кылынды

29-августта эртең менен Чүй облусунун Жайыл районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзгөн атайын операция учурунда террористтик уюмга тиешеси бар делген эки киши жок кылынды.

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан президенттик шайлоого аттанган Бакыт Төрөбаев да укук коргоо органдарын өзгөртүү талабына макул. Төрөбаев ишти адистерди алмаштыруудан баштоо керек деген пикирде.

ИИМ системасында Кадрлардын улуттук резервинин институтун түзүүгө, ошондой эле жетектөөчү кызматтарга билимдүү кадрларды жылдырууда адилеттүүлүктүн жана объективдүүлүктүн принциптерин колдонуу керек”, - деп билдиришти Төрөбаевдин штабынан.

Азырынча БШКдан расмий каттоодон өтө элек, президенттикке үмүткөр Улукбек Кочкоров болсо күч кызматкерлерин саясаттан алыс кармоо демилгеси менен чыкты. Кочкоров көпчүлүк учурда күч кызматтары саясий атаандаштарды көзөмөлгө алууга колдонулуп жатат деген пикирде:

- Укук коргоо органдарын саясий көз карашына жараша адамдарды куугунтуктоого тыюу салуу керек. Тилекке каршы азыркы учурда күч кызматтары ушул ишке тартылып жатат. Ошондой эле коррупция менен күрөштө ылгоо жолу менен иш жүрүүдө. Мына ушул нерселерди оңдомойун реформаны ишке ашыруу кыйын.

Ошентип талапкерлер укук коргоо органдарын реформалоону негизги убадаларынын бири катары аташууда.

Эксперттер мындай убадалар буга чейин да бир нече жолу берилип, бирок эч бир өзгөрүү жок экенин белгилешет. Маселен, Ички иштер министрлигин реформалоо жаатында иш жүргүзгөн “Реформа жана натыйжа” жарандык союзунун мүчөсү Урмат Казакбаев парламенттик шайлоодо деле дал ушундай убадалар берилгени менен ал сөз бойдон калганын эске салууда:

- Абдан көп убада берип жатышат. Бирок мындай убадалар буга чейин берилгени менен ишке ашкан жок. Мисалы, биздин союз шайлоодо утуп келген партияларга ИИМди реформалоо боюнча сунуштарды жиберген, бирок ага көңүл бурушпады. Бир гана партия "сунушуңарды алдык" деп жооп берди. Ошондуктан коомдун пикирин эске албай эле убаларды бергендиктен сөз ишке ашпай калып жатат.

Ал эми эксперт Эмилбек Жороев болсо азыркы талапкерлер акыркы жылдары бийликте болгонун эске салып, эмне себептүү бул маселени чечкен эмес деген собол салууда.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Президенттикке талапкер болгусу келгендер сээлдеп, жарымынан ашыгы жарыштан чыкты. Ушуну менен саясий жарышка катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 24кө түштү.

Анын ичинен жети талапкер: жалпысынан расмий талапкер болуп катталгандардын саны бүгүнкү күндө жети киши. Буга чейин Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров жана Эрнис Зарлыковго күбөлүк берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG