Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:55

29-августта эртең менен Чүй облусунун Жайыл районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзгөн атайын операция учурунда террористтик уюмга тиешеси бар делген эки киши жок кылынды. Жараат алган үчүнчү адам ооруканага жаткырылды.

Бул арада Иракта жоочулардан бошотулган Талл-Афар шаарынан Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын дагы жарандарына таандык паспорттор табылганы кабарланды.

Серепчилер диний радикалдашуу, экстремизм коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратып жатканын эскертип, аны алдын алуу, агартуу иштерине өзгөчө басым жасоо керектигин айтып, коңгуроо кагышууда.

УКМКнын атайын операциясы

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети тараткан расмий маалыматка караганда, 24-августка караган түнү Бишкекте “Ниссан Пресаж” автоунаасы менен бараткан топту патрулдук милиция өкүлдөрү токтотууга аракет кылган, бирок алар күч кызматкерлерине баш ийбей, тапанча, граната менен коркутуп качып кетишкен.

Жок кылынды делген "согушкерлердин" бири.
Жок кылынды делген "согушкерлердин" бири.

Бул окуяга байланыштуу атайын кызмат текшерүү жүргүзүп, кылмыштуу топ Эгемендик күнүн майрамдоо маалында Бишкекте жана Чүйдө теракттарды уюштурууну пландап жатканын аныктаган.

Аталган мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун белгилешинче, издөө иштеринин натыйжасында 28-августта эл аралык террордук топтун мүчөсү деп шектелген бир жаран кармалып, анын автомашинасынан курал-жарак менен ок-дары табылган. Мунун арты менен 29-августта эртең менен Чүйдүн Жайыл районунда атайын операция жүргүзүп, каршы ок чыгарган эки жаран жок кылынганы кабарланды:

- Атайын операциянын жүрүшүндө террористтик топтордун мүчөлөрүнө колго түшүп берүү талаптар коюлган. Бирок алар ага карабастан кызматкерлерге ок чыгарышкан. Ушундан кийин операциянын жүрүшүндө УКМК кызматкерлерин ок чыгарып, террористтик топтун эки мүчөсү жок кылынды. Үчүнчү мүчөсү жаракат алып ооруканага жеткирилди, - деди Рахат Сулайманов.

Сулаймановдун белгилешинче, эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү деп шектелип өлтүрүлгөн жарандарга көмөктөшкөн деген шек менен 57 жана 32 жаштагы дагы эки жаран камакка алынды. Кармалгандар жана колго түшкөндөр тууралуу кеңири маалымат айтылган жок. Ал эми атайын операцияда УКМК кызматкерлери жабыркаган эмес.

Террорчу делгендерден табылган буюм-тайым, куралдар. УКМК тараткан сүрөт.
Террорчу делгендерден табылган буюм-тайым, куралдар. УКМК тараткан сүрөт.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети акыркы он күн ичинде теракт жасоого аракеттенген деген шек менен беш-алты кишини колго түшүргөнүн кабарлаган.

Мындан мурдарак Бишкекте эки чет элдик жаран кармалып, алар Сириядагы исламды жамынган согушкерлер менен байланышы бар деп шектелүүдө.

Талл-Афар шаарындагы борборазиялыктардын изи

Ал ортодо Иракта жоочулардан бошотулган Талл-Афар шаарынан Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын дагы жарандарына таандык паспорттор табылганын "РИА-Новости" агенттиги жазып чыкты.

Ирак армиясынын Талл-Афар шаарын жоочулардан бошотуу учуру. 24-август, 2017-жыл
Ирак армиясынын Талл-Афар шаарын жоочулардан бошотуу учуру. 24-август, 2017-жыл

Документ ээлеринин "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулганын тастыктаган жазуулар да чыккан. Бирок ал кагаздарга эч кандай дата коюлган эмес. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ирак армиясы дүйшөмбүдө билдиргендей, өкмөт күчтөрү өлкөнүн түндүк-батышындагы Талл-Афар шаарын “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынан бошотту. Бирок согушкерлер учурда шаарга коңшу аймакты ээлеп турат. Талл-Афарга чабуул 20-августта башталып, ал жерде 2000дей согушкер бар деп болжолдонгон.

Экстремизмдин көрүнбөгөн кылтагы

Акыркы эки айда Орусияда эки кыргызстандык терроризмге айыпталып, соттолду. Кыргызстанда терроризмге жана экстремизмге шектелип кармалгандар дээрлик апта сайын катталууда.

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт, УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Марат Иманкулов буга окшогон атайын операцияларды коомчулукка жарыялабастан, тымызын жасоо зарылдыгын белгилөөдө. Ал терроризм коркунучтарын мамлекеттин 20 жыл бул маселеге жетиштүү көңүл бурбагандыгынын жыйынтыгы деп эсептейт:

- Мындай операцияларды бүт элге жарыялап жасабаш керек. Колдон келсе элди дүрбөтпөй, коркутпай, жүргүзгөн жакшы. Аларды колдогон мүчөлөрү, башка жактагы өкүлдөрү болуп калышы мүмкүн, мындай маалыматтардын бардыгы ошолорго жетет. Сириядагы, Ирактагы "Ислам мамлекети" деп аталган террористтик уюмдардын катарында 500-600 кыргызстандык бар деп айтылып жатат. Бул оперативдик эле маалыматтар. Аларды тизип, эсептеп чыгышкан жок да. Мына ошолорду коалициялык күчтөр сүрүп чыгарып, алардын көбү үйлөрүнө келебиз деп аракет кылып, көбү жер которуп жатышат. Башка жерге күч топтолууда. Бул жер - Ооганстан. Мына ошолордун таасири Кыргызстанга тийүүдө. 20 жылга жакын ушул проблемага жетиштүү көңүл бурулбаганынан, коомдун кайдыгерлигинен жана муну дин менен алмаштырган жаңылыш көз караштан улам ушундай абалга келип жатабыз.

"Террорчу экенин далилдеш керек"

Анткен менен "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова атайын операцияларда, террорчулукка шектелген жарандарды кармоо же жок кылууда адам укугу кандай сакталышы керек деген эл аралык стандарттар жок болуп жатканын белгиледи:

- Алдын алуу, эскертүү дегенди колдонбой эле "террористтерди жок кылуу операциясы" деп аталып жатат. Булар атайын операцияга даярданганда эле алдыга койгон максат -террористтерди жок кылуу. Биз канча сурайбыз, иликтегенде ал адамдын терроризмге качан тиешеси болгон, аны ким терорист деп атаган, кайсы тергөө, сот аныктады деген суроолор ачык бойдон калат. Эки же төрт кишини атып салып эле булар террорист болчу дешет.

Ал арада Кыргызстандагы Ислам илимий изилдөө институту "Жаштардын радикалдашуусун алдын алуу" долбоорунун алкагында аймактарда изилдөө жүргүзүп келди.

Аталган институттун өкүлү, диний эксперт Канат Мурзахалилов өлкөдө терроризм, радикализм жана экстремизм маселеси олуттуу экенин белгилеп жатат. Эксперт диний кызматкерлердин, муфтияттын мүмкүнчүлүгүн колдонууну сунуштайт:

- Биздин байкаганыбыз жаштардын диний билиминин аздыгы, жашоо деңгээлинин начардыгы, миграция процессинин көптүгү жана негизгиси улуу муун менен жаштардын ортосундагы муундар чатагынын өсүп отуруусу. Ошонун негизинде маселелер курчуп жатат. Экономика экинчи маселе, азыр биз идеологиялык планда биз уттуруп жатабыз. Ансыз токтобойт. Биз изилдөө учурунда радикалдык багыттагы уюмга мүчө болгон кишилер же профилактикалык каттоодо турган балдар менен сүйлөштүк. Булар ушул идеяга сугарылып калган. Аларды антиидея менен алып чыгып кетпесе, коомго вирус сымал таркап кеткени байкалды. Бул чекке жетип, жарылуу алдында турат.

Кыргызстандын атайын кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 500дөн ашат. Атайын кызмат алдыдагы майрамдар алдында жарандарды сак болууга чакырууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG