Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Музыка мугалими кантип "экстремист" болду?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондордун саны сегиз жылда үч эсе көбөйдү. Муну күч органдары коопсуздук үчүн жакшы көрсөткүч деп баалап жатса, укук коргоочулар экстремизмге айыпталып, соттолгондор арасында бейкүнөө адамдар да бар деп коңгуроо кагып жатышат.

Музыка мугалими, Сокулук районунун 37 жаштагы тургуну Бакытбек Жалгашев экстремист деп айыпталып жатканына быйыл үч жылдын жүзү болду:

- Саат бештер чамасында жумуштан келип үйдө жаткам. Түз эле кирип келишти. Бирөө “Мына, соттон кагаз бар” деп көрсөтүп, кайра сумкасына салып алды, калгандары бөлмөлөрдү аралап кетишти. Күбөлөр эшикте турат, аларды өздөрү ээрчите келгендер экен. Бирөө четки бөлмөдөн “ии, чыкты, мына-мына” деп эле үч китеп көтөрүп чыкты. Эмне китеп экенин билбейм. Мен өзүм каршымын экстремисттерге. Мектептен балдарды да ошондойго каршы окутчу элем.

Терроризм сөз менен жеңилбейт

Терроризм сөз менен жеңилбейт

"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?

Жалгашев анын үйүндө табылды деген буюмдарды милиция атайылап таштап кеткен деп ишендирди. Шектүү уюмдар менен байланышым жок деп өкмөткө, президентке, бардык тиешелүү органдарга кайрылып, адилеттүүлүк издеп жүрөт. Анын ишендиргенине караганда камакка алынганда милициянын, андан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин кыйноосуна кабылып, ооруканага да жатып чыккан.

Жалгашевдин жүйөлөрү милицияны ынандырган жок. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Жалгашев кылмышка шектенүүгө негиз бар үчүн кармалды дейт:

- Шектүү буюмдар табылган. Ыкчам иштер жөндөн жөн эле жүргүзүлбөйт. Биздин маалымат боюнча, бул жарандын тыюу салынган уюмдарга тиешеси бар болгон.

“Хизб ут-Тахрир” уюму менен байланышы бар деп козголгон бул иш Улуттук коопсуздук комитетинде тергелип, учурда Сокулук районунун сотунда каралып жатат, өкүм чыга элек.

Укук коргоочулардын баамында тартип кызматтары анын күнөөсү бар же жогун тактабай туруп, алабарман аракеттерди жасап, жыйынтыгында бейкүнөө адамдардын тагдырына балта чаап жаткан учурлар аз эмес.

Буга мыйзамдагы алешемдиктер да жардамчы болуп жатат дейт “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова. Анын айтымында, 2013-жылы Кылмыш кодексинин 299-беренесине киргизилген өзгөртүү буга далил. Бирок Конституциялык сот мындай жүйөгө маани бербей жатат дейт укук коргоочу:

Рита Карасартова
Рита Карасартова

- Жөнөкөй эле кетип баратып бир кагазды үйүңө коюп койсоң, анда кандайдыр бир экстремисттик маалымат бар болсо, бүгүнкү күндө камалып кетүү толук ыктымал. Жаңы мыйзамга "жайылтканы үчүн жоопко тартуу" деген норма кайра кошулду, бирок ал 2019-жылы күчүнө кирет. Ошондо дагы 1,5 жыл ичинде канча деген бейкүнөө адамдар ушул оор берене менен соттолуп кетиши ыктымал деген маселени көтөрүп Конституциялык палатага кайрылсак, алар кабыл албай коюшту. Биз азыр кайра кайрылып жатабыз. Дүйнөлүк деңгээлде карай турган болсок, чын эле Кыргызстанда ушунча киши экстремисттик берене боюнча соттолуп жатса анда бул мамлекетте жалаң экстремисттерди өстүрөт турбайбы десе биз кийин эч нерсе айта албай калабыз.

Укук коргоочулар Дин иштери боюнча комиссиянын диний адабияттарда экстремисттик мазмун бар же жогун аныктоо багытындагы ишмердигинен да күмөн саноодо.

Адвокат Акин Токталиев мекеме кызматкерлерине юридикалык да, дин таануу багытында да кесипкөйлүк жетпейт деп сындады:

- Дин комиссиясында эки эле сөз билишет. Акча төлөсөң экстремист эмессиң, төлөбөсөң экстремистсиң. Юстиция министрлигинен бизге “Бир да китеп экстремисттик деп табыла элек” деген кат келген. Эгер андай болсо, эмнеге соттолуп жатышат?

Дин комиссиясынан болсо “Дин таануу экспертизасын Кыргызстандын мыйзамына ылайык жүргүзүү, диний багыттагы адабияттардын жана буюмдардын маңызына талдоо жасоо" Мамлекеттик комиссиянын функциясы болуп эсептелет. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия соттук-эксперттик уюм болуп саналбайт, бирок Жазык-процесстик кодекстин (ЖПК) 199-беренесинде соттук экспертиза белгилөөнүн тартиби көрсөтүлгөн. Ага ылайык "соттук экспертиза мамлекеттик соттук эксперт же атайын билими бар башка эксперттер тарабынан жүргүзүлөт" деп көрсөтүлгөн. Ал эми ЖПКнин 204-беренесине ылайык тергөөчү экспертиза жүргүзүүнү "эксперттик уюмдан тышкары" дайындоого укуктуу" деген оозеки жообун берди.

Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, учурда террорчулук жана экстремизмге айыпталган 180ден ашуун адам түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Кылмыштын бул түрүнө кириптер болгондор саны 2009-жылдан бери үч эсе көбөйгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG