Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 03:52

Террорчу делген жигиттин апасы айыпка макул эмес


Террордук акция уюштурууну көздөп, ага даярданып жаткан деп кармалган жигиттин апасы айыптоону четке кагууда.

Эне үйүнөн табылган ок-дарыларды атайын кызмат өзү уюштурган деп эсептейт. Сузак районунун 18 жаштагы тургунун УКМК 6-июнда Бишкекте террорчулук уюштурууга аракет жасаган деп кармаган.

Террорчулукка шектелип кармалган Махамажан Сузактын Ырыс айылынын тургуну. Үй-бүлөдө эки кыздын ортосундагы жалгыз бала. Апасы Гулола Тешебаева уулунун террорчулукка байланыштуу кармалышына жана ага тиешеси бардыгына такыр ишене албай турат:

- Балама УКМК кызматкерлери Сириядагы согушкерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Бишкекте жардыруу уюштурууга аракет кылып жаткан деп айып коюуда. Ошол эле учурда алардан Сирияга кантип баруунун жолдорун сураптыр. Бул далилдер анын телефонунда бар деп айтып жатышат. Мен буга такыр ишене албай турам. 6-июнда эртең менен баламды иштеп жаткан жеринен кармашыптыр. Андан соң үйгө келишип, ээрчитип келген күбөлөр менен тинтишти. Биздин кошуналардан эч кимди катыштырган жок. Эшик алдындагы тактайлардын астынан 100гө чукул ок жана эки граната табылганын кийин бизге көрсөтүштү. Ага чейин мени жана кызымды бир бөлмөгө кармап туруп, өз алдынча тинтишкен. Баламда анчалык ок-дары болушу мүмкүн эмес эле.

"Жанкечти" чуусу коопсуздукту эске салды

"Жанкечти" чуусу коопсуздукту эске салды

Кыргызстанда террордук чабуул уюштурууга камданып жаткан эл аралык уюмдун мүчөсү деген шек менен бир киши кармалды.

Махамажан былтыр мектепти аяктаган соң 2016-жылдын күз айларында апасы менен Орусияга кеткен. Ал жакта тигүү фабрикасында иштеген. Паспортундагы каттоо мөөнөтү аяктагандыктан апрель айынын этегинде карындашы менен Кыргызстанга кайтып келет. Гулола уулу дайыма көзөмөлдө болгонун ырастайт:

- Булар балам Сирияга барып келиши мүмкүн экенин айтып жатышат. 18 жашка чыга элек бала менин макулдугумсуз чет жакка чыга албайт. Кийинки айда араң 18ге толот. Паспорту да дайыма менде жүрөт. Иштен кийин да түнкүсүн сыртка чыгарчу эмесмин. Оор басырыктуу, жоош. Анан кантип эле эл аралык террордук уюм менен сүйлөшүп калсын? Күндүз же кечкисин болобу уулум дайыма менин көзөмөлүмдө болчу. 5-июнда Орусиядан келдим, эртеси күнү УКМК баламды кармашты. Бул такыр акылга сыйбай турган көрүнүш болуп жатат.

Бул үй-бүлөнүн кожоюну, балдардын атасы бир топ жыл мурда соттолуп, азыр камакта жатат. Ошондуктан Гулола үч баласын өзү жалгыз багып чоңойткон. Тун кызын турмушка узатып, калган эки баласын алып Орусияга кеткен. Ага чейин айылдагы тигүү цехинде иштечү.

Алардын үй-бүлөсү Ырыс айылына көчүп келгенине эки жылга чамалады. Алар башында Сузак айылында жашачу. Ошол себептүү жаңы конушундагы турак жайын толук куруп бүтүшө элек. Айыл башчы Абдумалик Абдубахапов буларды айтты:

- Бул үй-бүлө көбүнчө Орусияда жашап, ошол жакта иштеп жүрүштү. Айылда анча көп деле жашабайт болчу. Ошол күнү мен капыстан келип, тинтүүгө күбө катары катышып калдым. Ак материалга оролгон буюм табышып, ал жардыргыч зат деп атайын аппараты менен текшерип алып кетишти. Мен ошол жердеги УКМКнын балдары менен сүйлөшүп калсам, "бул бала Сирияга барып келген" деп айтышты. Ал жакка баргандан кийин кантип кайтып келгенин сурасам, бизде ошондой ыкчам маалымат бар. Телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаганын айтышты. Булар башка жактан көчүп келгендиктен көп маалыматым жок экен.

6-июнда кармалган Махамажан эки айга камакка алынды. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен кылмыш иши козголгонун жактоочусу Абдыкалык Мамытов билдирди.

- Балага 299-берене жана 41-берене боюнча иш козголду. Азыр бардык далил буюмдар экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы менен гана ага айыбы угузулуп, сотко жөнөтүлөт. Ага чейин кармалган адамды айыптуу деп айтууга негиз жок. Бул эки айлык мөөнөткө созулушу мүмкүн.

УКМК: "Өзүн жардырууга даяр турган"

УКМК 8-июнда Кыргызстанда террордук акт уюштурууга камданып жаткан адам кармалганын билдирген. Бир күндөн кийин кармалган жарандын апасынын айыптоосуна жооп кайтарды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов:

- Ата-энени түшүнсө болот. "Карга деле баласын аппагым дейт" эмеспи. Бирок факт менен айта турган болсок, 6-июнда контртеррористтик иш-чаралардын алкагында Кыргызстанда террордук акт уюштурууга камданып жаткан адам кармалган. Ал мина жардырууну үйрөнүп, жанкечти катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келген, эл аралык террордук уюмдун башчыларынын буйругун күтүп, эл көп чогулган учурда өзүн өзү жардырууга камданып жаткан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында сот акыркы чечимди кабыл алат. “Ал эми УКМК улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча мыйзам чегинде гана иш алып барат” деп белгиледи Сулайманов.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Сириядагы согушка катышканы кеткен кыргызстандыктардын саны 600гө жетет. Күч түзүмдөрү соңку учурда согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөргө барган кыргызстандыктардын саны азайганын маалымдашууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG