Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:17

Адам укуктары боюнча кеңеш бийлик органдарына элүүгө чукул сунуш жөнөткөн. Кеңеш терроризмге каршы күрөшүү жаатында өкмөткө жети сунуш берген.

Соңку учурда терроризмге каршы чараларды күчөтүүнү жактагандардын саны өсүп жатканы менен ошол эле учурда адам укуктарынын эл аралык стандарттары экинчи планга жылып жатат. Мындай билдирүүнү Бишкекте өткөн адам укуктары боюнча кеңештин жылдык жыйынында бир катар эксперт, укук коргоочулар айтып, ушул тапта Кыргызстанда терроризмге айыпталгандардын фундаменталдык укуктары бузулуп жатканын, аларга каршы колдонулган чаралар мыйзам талаасынан чыгып кетип жатканын көтөрүштү.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев эл аралык тажрыйбада терроризмге каршы күрөштү күчөтүү маалында Түркия, Испания, Британия сыяктуу өлкөлөрдө саясый жасалма кризис жаралганын белгилейт. Андыктан адам укуктарына өлкөдө өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда гана чектөө киргизүүнү сунуштайт.

- Өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурларда адам укуктарына жана эркиндиктерине чектөө киргизүүгө болот. Бирок ошол эле учурда кооптонууну жоюу максатында чектөө киргизе берүү туура эмес. Ошондой эле бизде качып жүргөн террорчуларды кармоодо атууга буйрук берген тажрыйба бар. Буга 2015-жылдын октябрь айында №50 СИЗОдон качкандарды кармоо операциясы мисал. Анда кармалгандардын баары өлтүрүлүп же аман калганы жүрөк оорусунан өлдү. Бирок кийин жагдайлардын бардыгы “жашыруун маалымат” деп ачыкка чыкпай калды. Бул жагдай да 2008-жылы БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун докладына каршы келүүдө. Ал анда “террорчуларды кармоодо мүмкүн болсо өлтүрбөөгө, аларга өз ыктыяры менен багынууга мүмкүнчүлүк берүү” керектигин айткан.

Юрист Осмоналиев каза тапкан террорчулардын сөөгү туугандарына берилбесе да салтка ылайык жерге берилүүсү керектигин айтып, муну тийиштүү органдар ишке ашырууга милдеттүү экенин белгилейт.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова мындай шарт Жарандык жана саясый укуктар тууралуу эл аралык пактта каралганын эскертет.

- Террористтер өлтүрүлсө анын сөөгү кандай жол менен жок кылып жатканы айтылбаганы да туура эмес. Мен сөөктөрдү коюу маселесин бир жолго коюлушун колдойм. Ошондой эле биздин мыйзамдарда “терроризм” менен соттолгондорго мунапыс каралбайт. Андыктан биз, тескерисинче, жазаны жеңилдетүүнү ойлонуп, аны менен чогуу маалыматтык пропагандага көбүрөөк басым жасашыбыз керек.

Адам укугу боюнча кеңеш терроризмге каршы күрөшүү жаатында өкмөткө жети сунуш берген. Ал сунуштардын канчасын иш жүзүнө ашыруу мүмкүн экенине токтолгон Ички иштер министрлигинин өкүлү Жалил Исаев мындайча түшүндүрөт.

- Мисалы, адам укуктары боюнча кеңеш бизге Кылмыш кодексине “мыкаачылык, адамкерчиликсиз же бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүү” түшүнүгүн киргизүүнү сунуштоодо. Бирок бул терминди биз жабырлануучу тарткан зыянды “көркөмдөө” катары баалайбыз жана аны мыйзамга киргизүүнүн зарылчылыгы жок дейбиз. Мындан башка терроризмге шектүү жана күнөөлүү жакты суракка алуу процессин техникалык каражаттар менен милдеттүү түрдө жазуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну бизге сунуштап жатат жана биз демилгени колдойбуз.

Экспертизага күмөн көп

“Терроризм” беренеси боюнча соттолуп жатканда теологиялык жана диний экспертизанын жыйынтыктары да көп учурда талаш-тартыш жаратат. Адвокат Валериан Вахитов бүгүнкү күндө мындай экспертизаны Макмлекеттик дин комиссиясы жүргүзүп, бүтүм чыгарып жатканын, күч органдарында кайсы адабияттар экстремисттик деп таанылганы туурасында так тизме жоктугун көтөрүп чыкты.

Ал эми Борбор Азиядагы тынчтык орнотуу жана медиа-технология мектебинин директору Инга Сикорская теологиялык жана диний экспертиза жүргүзө турган көз карандысыз институт түзүүнү сунуштайт.

- Бизде сот учурунда бир гана мамлекеттик экспертизанын жыйынтыгы каралып жатат. Ошондуктан көз карандысыз экспертиза жүргүзүүчү институтту тез арада өнүктүрүшүбүз керек. Себеби экстремист, террорист деп айыпталгандар экспертизанын негизинде соттолуп жатышат. Бул жакта экспертизанын сапаттуулугу да ойлондурбай койбойт.

Адам укугу боюнча кеңеш терроризм менен күрөшүү боюнча укуктук базаны өзгөртүү үчүн жети сунушту өкмөт менен Жогорку Кеңешке жөнөттү.

Кеңеш терроризмден тышкары адам укуктарын коргоо жаатында сот өндүрүшүндө балдардын, кайрылмандар, жаңы конуш тургундарынын укуктарын коргоо жаатында өкмөткө 47 сунуш берген.

Адам укугун коргоо кеңеши 2005-жылы түзүлүп, жыл сайын мамлекеттик органдарга адам укугун коргоо жаатында ар кыл тармактар боюнча сунуштарды берип келет. 2014-жылы кеңеш 143 сунуш киргизип, алардын көпчүлүгү бийлик органдары тарабынан колдоо тапкан. Адам укугун коргоо кеңеши 11 мүчөдөн туруп, анын курамына өкмөт мүчөлөрү жана көз карандысыз эксперттер кирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG