Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Абдирасулова: абакта кыйноо тыйылган жок


Иллюстрация
Иллюстрация

Акыйкатчы институту Токмок шаарынын тургуну Калысбек Аскаров атайын кызматтын тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу билдирген.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор, “Эркиндик үнү” жана “Кылым шамы” уюмдарынын өкүлдөрү Калысбек Аскаров менен жолуга албай жатат. Жолугушууга УКМК жетекчилиги уруксат берген эмес. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бул окуя боюнча “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Калысбек Аскаровдун кыйноого алынганы тууралуу Акыйкатчы институту билдирүү тараткан соң, милиция аны жокко чыгарган маалымат берди. Укук коргоочуларды аны менен жолугушууга киргизбей жатканы Аскаровдун сабалышынан шек туудурган жокпу?

Бизде сотко чейин эле шектүүгө милиция же кармаган тарап “террорист”, “кылмыш тобунун мүчөсү” деген жарлыкты тагып коюшат.

Абдирасулова: Калыс Аскаровдун туугандары мага ишембиде, 14-январь күнү кайрылышты. Алар Калысты издеп жүрүшкөнүн, табууга жардам берүүбүздү өтүндү. Мен ооруп жаткан элем, алардын катын Кыйноолорго каршы улуттук борборуна, Акыйкатчы институтуна жолдогом. Алар менен кошо биздин уюмдун юристи да издеп, Калыс Аскаровду Бишкек ШИИБнын убактылуу камоочу жайында жаткан жеринен табышыптыр. Ага соттун чечими 11-январда эле чыккан экен. Ошондон кийин УКМКнын тергөө абагына алып кетишкен. Азыр эми бизди Калыс менен жолугууга киргизбей жатышат.

Кыйноолорго каршы улуттук борбору, “Эркиндик үнү” жана биздин уюмдун өкүлдөрүнөн түзүлгөн эксперттик топ Аскаров менен кездеше албай жатабыз. "Жок” деген гана жооп келүүдө. Эки жолу акт түздүк, бүгүн да аракет кылабыз, киргизбесе дагы акт түзүп, аны прокуратурага тапшырабыз.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

“Азаттык”: Аскаров менен кошо дагы кармалгандар бар деген маалыматтар айтылууда. Алардын ата-энелери да сизге кайрылышкан экен?...

Абдирасулова: Ооба. Токмоктон бизге дагы башка ата-энелер кайрылып, балдарына күч колдонулуп жатканын айтышкан. Көрсө, Калысбек Аскаров жалгыз кармалган эмес экен, аны менен кошо кармалган адамдардын бирөө менен жолуктук. Ал кишинин бизге айтуусу боюнча, милиция кызматкерлери “Калысбек Аскаровго каршы көрсөтмө бересиң” деп уруп-сабашыптыр. Ал каршылык билдирсе, аны Аскаров менен чогуу кылмыш кылгансың деп айыптап жатышыптыр. Тилекке каршы, кыйнап моюнуна алдыруу аракети токтогон жок.

“Азаттык”: Кыйноолор көбүнчө жабык жайларда болорун сиздин уюм такай эле айтып келет. Жакында жаза өтөөчү жайларда да терроризмге айыпталып камалгандарды өзүнчө бөлүп, камералык режимде кармоо тартиби киргизилгени айтылган. Буга байланыштуу бир нече түрмөдө ачкачылык жарыяланганы кабарланды эле. Ал жакта абал кандай, маалыматыңыз барбы?

Абдирасулова: Бизде сотко чейин эле шектүүгө милиция же кармаган тарап “террорист”, “кылмыш тобунун мүчөсү” деген жарлыкты тагып коюшат. Өкүнүчтүүсү, алар ошол жарлык менен эле соттолуп кетишет. Эгерде ал экстремист болуп, аны жайылтуу коркунучун туудурган адам болсо, аны өзүнчө кармоо керектүү нерсе. Абактарда ачкачылык жарыяланганы тууралуу маалыматым бар, бирок алар бизге кайрылган жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG