Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Акыйкатчы менен милициянын айтышы


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыйноого кабылды деген жаран менен укук коргоочулар жолуга албай жатат. Шектүү жарандын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында кыйноого кабылганы тууралуу буга чейин акыйкатчы айтып чыккан эле. Ички иштер министрлиги бул дооматты четке кагууда.

УКМКнын тергөө абагына которулган кылмышка шектүү жаран менен Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери жолугуу аракетин көрүүдө.

17-январь күнү дагы аталган борбордон, “Эркиндик үнү” жана “Кылым шамы” уюмдарынан адистер келип, кыйноого кабылганы айтылган жаран менен жолугушууга өтүнүч келтиришкен. Бирок аларга уруксат берилген эмес.

- Кире алган жокпуз. Себебин жетекчилик "жок" деп түшүндүрүүдө. Дагы аракет кылып көрөбүз го. Кечээ, бүгүн кире албадык. Бул тууралуу актыларды Башкы прокуратурага жиберебиз, - деди Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов.

"Кыйноого чыдабай терезе сүздүм"

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында кыйноого кабылды деген жаран тууралуу алгач акыйкатчы Кубат Оторбаев айтып чыкты. Ага 10-январь күнү кармалган Калысбек Аскаровдун туугандары кайрылган.

Муканбаева: Кыргызстанда адам укугу көп бузулат

Муканбаева: Кыргызстанда адам укугу көп бузулат

Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктеринин азыркы абалы кандай? Кайсы маселелер көз жаздымда калып жатат?

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин айтымында, бул жарандын баш коргоо чарасын 11-январда караган сот аны УКМКнын тергөө абагына 4-февралга чейин камоо чечимин чыгарган. Бирок ага карабастан кылмышка шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында 48 сааттан ашык убакыт кала берген жана ал жерден кыйноого кабылган.

- Биз барып жолукканда бир көзү, эки капталынын кабырга тушу көгөргөн экен, моюнунда муунтулган белгилер бар, буттары сыйрылган. "Сабаганда жаным кыйналып, терезени сүзүп, арга кеткенде ошол жерден айнек менен өзүмө кол салайын дедим. Төрт-беш жолу эсимден тандым. Бир маалда ойгонсом унитаздын жанында жатыптырмын. Бетиме пол жууган чүпүрөктү жаап, үстүмө муздак сууну куюп, эс алдырып жатышкан экен” деди. Аксап жүрөт. Сурасам "жаткызып алып бутумду эки жакка керди” дейт. Анан Тез жардам чакырып, Улуттук госпиталга алып барышкан экен. Ал жерден Стамбул протоколу боюнча кыйноо фактылары документтештирилди.

"Милиция сабаган эмес"

Ички иштер министрлигинин тараткан билдирүүсү боюнча 24 жаштагы бул жаран 2016-жылдагы автоунаа уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде кармалган. 10-январда үйүн тинткен кезде ок, бронижилет, беткап, автоунаалардын ачкычы табылып, бул боюнча дагы кылмыш иши козголгон.

Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов акыйкатчынын билдирүүсүн четке кагып, кыйноо аракети болбогонун, кылмышка шектүү жоопкерчиликтен качуу максатында өзү денесине жараат келтиргенин ырастоодо.

- "Милиция кызматкерлери сабады" деген калп. Бул ошол жерде күбөлөрдүн катышуусу менен эшик-терезелерге башын, колун ургулаганы такталган, аныкталган. Жөн эле жоопкерчиликтен качуу аракети болуп жатат. Бүгүнкү күндө тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары Бакыт Сейитов кылмышка шектүү мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары укук коргоо органдарында каттоодо турганын белгиледи:

- Каттоодо турганын, жанагындай кылмыштары бар экенин укук коргоочулар билет. Кызыгы ошондой эле кылмыш жасагандар корголбой жатат. Ал боюнча ыкчам маалыматтарды бүгүн талдап жатабыз.

Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

Акыйкатчы Оторбаев кылмышка шектүүгө биринчи кезекте кыйноого учураган адам катары көңүл бурулганын эскертип, анын каттоодо тургандыгы жөнүндө маалыматтар менен кийинчерээк гана таанышкандыгын белгиледи. Ал кылмышка шектүү өзүнө өзү жараат келтирген деген сөздөргө ишенүү мүмкүн эмес дейт.

- Гезиттер да мага каршы “Оторбаев кылмышкерди коргоп жатат” деп кампания баштаган экен. Шектүүгө биз кыйноого учураган адам катары көңүл бурдук. Өзүнө өзү кол салды деп жатат. Мейли эми башы көгөрсүн, ал эми эки капталы менен моюнундагы тактарчы? Ал эмне өзүн өзү муунтканбы?

Камоонун себеби башкадабы?

Акыйкатчыга кат жолдогон, кылмышка шектүү Калысбек Аскаровдун аталаш агасы Авас Сулайманов инисинин токмоктолгону тууралуу кокустан эле билип калганын айтты. Ал инисине козголгон иштин төркүнү тереңде жатканын кошумчалады.

- Автоунаа уурдады, үйүнөн патрон чыкты деп жатышат. Окту алар өздөрү эле ыргытып коюшту. Алардын максаты такыр башка жакта. Буларды башка ишке байлап жатышат. Үч-төрт жыл мурда Токмокто бирөөнү атып кетишкен. Ошол иштен кийин балдар камалып, кийин соттон акталып чыгышкан. Бирок жакында эле ал иш кайра козголуп, акталгандар кайра камалып, анан бөлөк балдарды дагы четинен чакырып камап жатышат. Алардын ичинде биздин бала да бар. Машина, ок деген бул жөн гана себеп. Аны камаш керек болду да.

Акыйкатчы бул иш боюнча прокуратурага кайрылып, иликтөө башталганын билдирди. Кыйноолорго каршы улуттук борборго быйыл зомбулук фактысы боюнча 200дөй арыз түшкөн. Башкы прокуратура 40тай ишти тергеп бүтүп, сотко өткөрүп берген.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү кыйноо фактысы боюнча Чүй облусуна караштуу Москва райондук соту үч милиция кызматкеринин жоопкерчилигин карап жатат. Ноябрь айында башталган сот жараяны ар кандай себептер менен соттон сотко которулуп, ушул күнгө чейин соңуна чыкпай келүүдө. Укук коргоочулар сотто ишти кароо айлап-жылдап созулуп, көп учурда акталып же иш кыскарып соттолгондор дээрлик жокко эсе экендигин айтып келишет. Зордук-зомбулук көрсөткөн күч кызматкерлери боюнча 13 жыл аралыгында бир гана өкүм чыгып, анда эки милиция кызматкеринин соттолгону белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG