Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

РИИБдеги өлүм шектенүү жаратты


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абаддын Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө уурулукка шектелип кармалып, ошол жерде каза болгон Жусупбек Надировдун өлүмүнүн себептерин облустук прокуратура текшере баштады.

Надиров 10 миң сом уурдоого шектелип, октябрь айынын башында камакка алынган. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө үч милиция кызматкеринин жана даттанган адамдын тиешеси бар деп, аларды жоопко тартууну суранууда.

Сузак районунун Спасовка айылынын тургуну, каза тапкан 51 жаштагы Жусупбек Надировдун үй-бүлөсү акыйкаттык издеп, тергөө ишинен чындыкты күтүшүүдө. Беш баласы жетим калганын айткан маркумдун жубайы Гүлийпа Далбаева күйөөсүнүн өлүмүнүн жагдайын төмөнкүчө айтып берди.

- 2-октябрда саат алтылар чамасында жолдошумду эки милиционер кармап кетиптир. Андан мурда чогуу иштеген баласы "10 миң сомду уурдады" деп арыз жазган экен. Жолдошумду түндө Сузактагы милиция бөлүмүнө алып кетишиптир. Ошол күнү тамак алып барып, жолдошум менен сүйлөшсөм уурдабаганын айтып, ыйлап жиберди. Тергөөчүлөр аны бошотуу үчүн 6 миң сом сурашыптыр. Түштөн кийин достору акча таап, аны чыгарып келели деп кайра милиция бөлүмүнө бардык. Бизди бир топко чейин киргизбей турушту. Кирип эле жолдошумду таппай калдык. Күзөттө турган киши "тиги жакта отурган" деп көрсөттү. Барсак жатып калган экен. Жалгандан эле доктурларды чакыртып, жасалма дем алдырып жатышкан экен. Көрсө жолдошум мурда эле каза болгон экен.

Жусупбек айылдашынын суранычы менен сентябрь айында Өзгөн жана Алай райондорунан көмүр ташып келген айдоочуга жардамчы болуп иштечү. Аялынын айтымында, айдоочулук акысын толук бербегенден кийин нааразы болуп, айылдашынын унаасынан өзүнө тиешелүү болгон буюмдарын алып кеткен.

Айдоочу Майрамбек аттуу киши түтүкчө жана беш миң сом уурдады деп маркумдун үстүнөн милицияга кайрылган. Ошол себептүү участкалык тартип сакчылары Надировду уурулукка шектүү катары кармашкан. Маркумдун 80 жаштагы апасы Саламат Надирова милиция менен бирге арызданган жаранды да жоопко тартуу керек деп эсептейт.

- Үй-бүлөсүн багып жаткан адамды ууру деп камакка алганы туура эмес да. Башында милициялар "эч жакка арызданбай эле койгула, баары бир ишти карап жаап коёбуз" деген. Биз ага макул болгонбуз. Бирок кайра ойлонуп көрүп, сөөктү сойдурууга уруксат бердик. Жыйынтыгында жүрөгү жарылып кеткенин аныкташты. Мен буга ишенбейм. Балким жүрөгүнө катуу тепкенби, же кан басымы жогорулап кеткенби... Биз акыйкатык үчүн күрөшөбүз. Үч милиция кызматкерин жана арыз жазган адамды кармап беришсин.

Милициянын маалыматына ылайык, арыздын негизинде Надировду көчөдөн кармап келишип, түшүнүк кат жаздырган соң коё беришкен. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурбек Алимбаев буларды билдирди:

- Кармалган жаран арыздын негизинде гана жеткирилген. Азыр облустук прокуратура маркумдун жакындарынын арызы менен доомат койгон арызды бириктирип карап жатат. Биз Надировду түшүнүк кат жаздырган соң коё бергенбиз. Экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, анын жүрөгү кармап каза болгон.

Бирок маркумдун жакындары экспертизанын жыйынтыгына макул эмес. Анткени маркум өлөөрдөн бир жума мурда Оштогу кардиология борборуна барып текшерүүдөн өтүп, жүрөк дарты жок экенин аныктаган.

Жогорудагы окуя боюнча облустук прокуратура кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Нурлан Сагынбаев билдирди.

- Маркумдун жакындарынын арызынын негизинде Кылмыш кодексинин 305-1-беренеси (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Азырынча эч бир маалымат болбойт.

Ички иштер органдарындагы ички тартипке байланыштуу коомчулукта терс көз караштар басымдуулук кылат. Укук коргоочу Абдуназар Маматисламов соңку учурда милиция соттун ишин да аткарып калганын айтты:

- Милициянын жарандарды кармап, суракка алганы туура эле көрүнүш. Бирок алардын жасаган мамилеси жана жүргүзгөн тергөөсү өзүнчө маселе. Бүгүн эл арасында милицияга болгон ишеним азайып баратат. Көпчүлүк учурда тартип сакчылары жазасыз калып, бул башкаларына да кылмыш жасоого түрткү болууда. Бүгүн милиция арыздын негизинде эле көчөдөн соттун санкциясы жок эле кармап, соттун да милдетин өздөрүнө алып алышкан. Бул тармактагы реформа соңуна чыкмайынча мындай көрүнүштөр кайталана берет.

Кыргызстанда камак жайларын көз карандысыз көзөмөлдөө программасы кабыл алынып, кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөн. Бирок буга чейин Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары комитети Кыргызстанда кыйноолор токтой электигин айткан эле.

XS
SM
MD
LG