Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:41

Казакстандын түрмөлөрүндө теолог-имамдардын кызматы ачылып жатат. Мындай чара абактардагы диний радикалдашууга каршы көрүлүп жатканын өлкөнүн Жаза аткаруу комитети апта башында билдирди.

Мындан ары Казакстандын абактарында жазасын өтөп жаткандар теолог жана имамдардын жардамы менен диний сабатын жое алат. Казак Ички иштер министрлигинин Жаза аткаруу комитети теологдор аркылуу түрмөдөгү радикал исламчыл идеологиянын, экстремисттик жана террорчул көз караштардын тамырын кыркса болот деп ишенет.

Штаттык кызматтагы билимдүү аалымдар абактагыларга салттуу динди окутушат. Буга чейин тыюу салынган агымды карманган бир канча адамдын укугун коргогон адвокат, укук коргоочу Абзал Куспанов өкмөттүн чечимин жакшы жышаан деп баалайт:

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Кыргызстандын №50 абак жайынан өтө оор кылмышка айыпталган адамдардын качып кетиши, алардын террордук уюмдарга тиешеси бар экендиги бир топ кооптондурган суроолорго жем таштоодо.

"Муну кантип ишке ашырууну пландап жатышканын азырынча билбейм. Буга чейин түрмө жетекчилери абактагыларга намаз окуганга, сакал койгонго тыюу салып келген. Аларга суткалап кишен салып койгон учурлар болгон. Ушундай катуу чаралар колдонулчу. Мындай чара абактагылардын ишенимин күчөтпөсө, азайтчу эмес. Эми ал жакка, орой айтканда, имамдар же билим алган адистер кире турган болсо, балким натыйжа болот деп ойлойм. Бирок биздин мамлекетте бул багытта канчалык сабаттуу адистер бар деген суроо жаралат. Ошентсе да бул - туура багыт".

Борбор Азиядагы "Эл аралык түрмө реформасы" уюмунун маалыматы боюнча, Казакстанда экстремизм жана терроризм айыптары боюнча соттолгон адамдардын саны жыл сайын өсүп келет.

Маселен, 2014-жылы бул беренелер боюнча Казакстанда 154 адам түрмөгө кесилсе, 2016-жылы бул сан 554кө жеткен. Алардын жарымынан көбү экстремисттик идеялары үчүн айыпталышкан. Уюмдун маалыматы боюнча, учурда өлкөнүн абактарында 3,5 миң динчил адам бар. Алардын 700дөн ашыгы салафизм агымын карманса, 90 киши өтө радикалдуу көз караштагылар деп эсептелинет.

Укук коргоочу Абзал Куспанов абактарда экстремисттик пикирдегилер жайылып жатканын өз тажрыйбасына таянып айтып берди:

"Совет мезгилинен бери бизде лагерь экиге бөлүнчү: каралар жана кызылдар. Каралар кылмыштуу дүйнөнүн салттарын карманат, кызылдар абак башчыларынын жетегинен чыкпайт. Эми үчүнчү топ - вахабилер пайда болду. Алар баарынан күчтүү болуп чыгат келди. Алардан баары сестенип турушат. Себеби алар эч бир эрежеге баш ийбейт. Өлүмдөн да коркушпайт. Мындай топтогулардын саны жыл сайын көбөйүп баратат. Алардын катарына славяндар да кошулуп, исламды кабыл алып жатышат. Абакта ким күчтүү болсо ошол адамдын сөзү туура болот. Азыр динчилдер күчтүү топко айланды".

Борбор Азиядагы "Эл аралык түрмө реформасы" уюмунун жетекчиси Азамат Шамбилов абак кызматкерлери да диний радикализмдин курмандыгына айланган учурлар бар экенин айтып, аларга да көңүл буруу зарылдыгын билдирген. Анын уюму Европанын бир катар абактарында колдонулган теологдордун кызматын Казакстанга алып келүү демилгесин алгачкылардан болуп көтөрүшкөн.

Ошол эле учурда Казакстандагы айрым эксперттер диний сабаттуулукту жоёрдон мурда экстремисттик көз караштарга берилгендерге психологиялык да жардам көрсөтүү керектигин айтышат. Кыргызстанда бул маселени чечүү жолу катары экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондорду башкалардан өзүнчө кармоо сунушу айтылып келет.

Сирияда согуш башталгандан бери 500дөн ашуун казакстандык Жакынкы Чыгышка кеткен.

"Азаттыктын" архиви: Абактагы радикализм, 15-октябрь, 2015-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG