Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Абактагы радикалдашууну чектөө жолу


Абактагы адам.
Абактагы адам.

Бишкекте абактардагы радикалдашууну жана зомбулукту алдын алуу чаралары талкууланды.

Бул багытта Жазаларды аткаруу кызматынын адистери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жана эл аралык эксперттер пикир алмашып, чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү алдыңкы тажрыйбалар тууралуу сөз болду. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров соңку мезгилде абак жайларында тымызын диний радикализмге үгүттөгөгөн көрүнүштөр күчөгөнүн айтып, буга байланыштуу экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондор башкалардан обочо кармала баштаганын билдирди.

Бөлүп кармоонун жагдайы

Бишкекте абак жайларындагы радикалдашуунун жана зомбулуктун алдын алууга байланыштуу жергиликтүү жана эл аралык тажрыйбаны талдаган тегерек үстөл жыйыны болуп өттү. Анда террорчулук жана экстремизм сыяктуу кылмыштар боюнча соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын абактагы башка жарандарга таасирин чектөөнүн шарттары талкууланды.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров Кыргызстандын абак жайларында кылмыштын бул түрү боюнча соттолгондорду башка абакчылардан бөлүп кармоо былтыртан бери жөңгө салынганын билдирди. Анын атйымында, диний экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондор Чүй облусундагы №27, №47 жана №3 абактардын аймагындагы атайын бөлүнүп, тосмолонгон жайларда кармалат.

Таалайбек Жапаров бул багытта башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашуунун маанисине токтолду:

- Бизге бул багытта башка мамлекеттердин тажрыйбасын карап көрүү дагы кызыктуу болуп жатат. Бул иш-чарага азыр Казакстандан, Тажикстандан, Иорданиядан эксперттер келип катышууда. Биз алар бул маселеге кандай мамиле кылып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун эмнеден көрөт деген суроону талдап жатабыз. Биз былтыртан бери кылмыштын бул түрү боюнча соттолгондорду өзүнчө бөлүп кармай баштадык. Антпесек, алардын башка соттолуучуларга таасири күчөп кетчүдөй. Азырынча бул долбоор ийгиликтүү ишке ашууда.

Таалайбек Жапаров.
Таалайбек Жапаров.

Жыйында абак жайларында бурмаланган диний радикалдык идеологияга азгырып, ал аркылуу абакта жаткан адамдарды өз катарына кошуп, диний-радикалдык уюмдардын социалдык базасы кеңейип жатканы айтылды.

Эки башка көз караш

Эксперттер Иорданиянын, Индиянын, Йемендин жана Нидерланддардын радикалдар кармалган абак жайларындагы тажрыйбалар тууралуу баяндама жасашып, алардын артыкчылыктары менен кемчиликтерин талдап чыгышты. Диний радикализм менен соттолгондордун бардыгын бирдей атайын абак жайында кармоонун коркунучу тууралуу да сөз болду. Анткени диний экстремизм менен камалгандар менен террорчулукту уюштургандарды бирге отургузуунун кесепеттери оор болушу мүмкүн экени белгиленди. БУУнун маңзаттары жана кылмыштуулук боюнча Борбор Азиядагы чөлкөмдүк өкүлү Ашита Миттал ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүн эске алууну белгиледи:

- Азырынча кылмыштын бул түрү менен соттолгондорду өзүнчө бөлүп кармоо керекпи деген суроого бир жактуу баа берүү кыйын. Бирок кандай болгон күндө дагы биринчи кезекте камактагыларга карата Манделанын принциптери иштеши керек. Анан эми ар кырдаалды изилдеп чыккандан кийин гана ага жараша стратегия иштеп чыгып, чечим кабыл алуу керек. Анткени ар бир өлкөнүн өзүнө ылайык, тиешелүү абак жайларындагы соттолгондорду кармоо тажрыйбасы жана күчөтүлгөн коопсуздук чаралары бар. Бирок ошондой өзгөчөлүктөргө карабастан аларга карата мыйзам ченемдүү мамиле болушу зарыл.

Ашита Миттал.
Ашита Миттал.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча учурда Кыргызстандагы абак жайларында эки жүзгө чукул диний радикализмге байланыштуу кылмыштар боюнча соттолгондор жаза мөөнөттөрүн өтөшүүдө.

Абактардагы диний радикализм менен соттолгондорду башка кылмыштар менен кесилгендерден бөлүп, өзүнчө кармоо тажрыйбасы 2016-жылдын соңунда башталган. Анткени кылмыштын бул түрү менен соттолгондор башка абактагыларды үгүттөп, абак жайларында катарын калыңдаткан учурлар байкалган. Айрыкча соңку мезгилде уюшкан кылмыштуу топтор дагы радикалдык көз карашка сугарылганы белгиленди.

Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев бул эки башка багыттагы топтордун биригүүсүн жалпы тилектештик менен байланыштырды:

- Бул жерде уюшкан кылмыштуу топтор менен радикалдык уюмдар экөө тең мамлекеттик түзүлүшкө каршы болгондуктан бул жерде алардын койгон максаты бир жерден чыгып отурат. Ошондуктан алар биргеликте иштеп, өз ара аралашып жатышканы ошондон. Азыркы кезде баягы уюшкан топтун мүчөлөрү болуп жүргөн адамдар сакал коюп, намаз окуп, сыртынан такыба адамдай түр көрсөтүп, ошол эле кезде өздөрүнүн радикалдык көз караштарын диний радикализмге багыттап жаткан көрүнүштөр байкалат. Анткени мына ошондой уюшкан топтун мүчөлөрүнүн иш-аракеттерин актоого багытталган диний көз караштан алганда дагы туура эмес фатвалар чыгарылып, мына ошолордун негизинде "каапырларды өлтүрсө болот, алардын мүлкүн тартып алууга болот" деген сыяктуу алардын жүрүм-турумун актоочу багыт берилип жатканы дагы алардын кызыкчылыгын көздөп турат. Буга окшогон тымызын фатвалар Сирияда согушуп жаткан "Жаннат ашыктары"сыяктуу радикалдык уюмдар тарабынан чыгарылып, башка аймактарда дагы көмүскө жайылтылып жаткан жагдайлар бар.

Ошол эле кезде тиешелүү укук коргоо органдарынын арасында абак жайларындагы радикалдашуу жагдайлары тууралуу ыкчам маалыматтарды алмашууну тартипке келтирүү маселеси көтөрүлдү. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров соттолуучулардын радикалдашуусуна өбөлгө түзгөн жагдайларды жана алардын тыш менен байланышын чектөө чаралары боюнча биргеликте кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Мына ошондуктан ал радикалдашкан абакчылардын таасирин чектөө аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. Абак жайларындагы камераларда өз-өзүнчө кармоого каршы болуп, быйыл январда соттолуучулардын айрымдары ачкачылык жарыялаган болчу. Алардын көпчүлүгү диний радикализмге айыпталып, соттолгондор экени айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG