Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

ФСБнын торуна чалынган мигранттар


сүрөттүн баянга тиешеси жок
сүрөттүн баянга тиешеси жок

Сирия согушу, экстремизм-терроризм күчөп аткан шартта бул кылмыштарга шектелип кармалгандардын да катары арбыды. Өзгөчө Орусияда борборазиялык мигранттар көбүрөөк торго түшүүдө. Бирок укук коргоочулар атайын кызматтын видео, пресс-релиздерине эле ишене бербөөгө чакырышат.

"Коомдук жайда сөгүндү" делип 34 күн камалган

Парвиз Мурадов 2005-жылы Тажикстандан Москвага келген. Адегенде жүк ташыгыч, кийин таксист болуп иштейт. Эки жылдан соң орус жарандыгын алат. Андан аз өтпөй Светлана аттуу орус кызына баш кошот. Жаш келин ислам динин кабыл алат. Парвиз "Азаттыктын" орус кызматына башынан өткөргөндөрдү баяндап берген.

Бир күнү аларга көчөдө чала кызуу эки адам тийишет:

Парвиз: - Анан алар эмне орус эмес бирөө менен жүрөсүң, биздикилер жокпу эмне дей баштады. Анан мен бул менин аялым, деп паспортумду көрсөттүм. Анан бирөө бычагын алып чыкты. Мен коргонуу үчүн артка чегинип машинеден бир темирди алып чыктым. Анан мушташып кеттик. Ошол. Эки жумадан кийин кармап, беш жылга камашты.

Парвиз менен Светлана
Парвиз менен Светлана

Светлана: - Адегенде коргонуу деген берене коюшкан. Аффект абалы дешип. Бирок сот кийин аны өзгөртүп, атайылап денеге оор залал келтирүү дегенге өткөрүп коюшту. Бирок алар бизге тийишкен болчу да.

Абактан кийин үй-бүлө Москвадан Краснодарга көчүшөт. Борбордон саткан батирдин акчасына чакан азык-түлүк дүкөнүн ачышып, иш жүрүшө баштайт. Бир күнү, 7-июнда Парвиз дүкөнгө кеткен бойдон жоголот.

Светлана: - Телефон чала бердим, чала бердим. Эки телефонун тең алган жок. Кечки жети болду, андан такыр кабар жок. Анан бардык жакка чалып, күйөөм жоголду деп арыз жаздым. Анан ал мага Краснодардан элүү чакырым алыстагы Горячий Ключ шаарындагы полиция бөлүмүнөн чалып, ушул жактамын деди.

Парвиз: - Мени уурдап кетишти. Башыма кап кийгизип эле алып кетишти. Эч ким эч нерсе деп айткан да, өздөрүн тааныштырган да жок. Телефондорумду, баарын алып коюшту. Ток менен кыйнап, ура башташты.

Кийин белгилүү болгондой, Парвизге “коомдук жайда сөгүнгөн” деп протокол түзүшөт. Ал эми суракта андан түрмөдө отурганда таанышкан жердеши тууралуу сурашкан. Экөө анча мынча жазышып жүрүп, кийин анын Сирияга акча тапканы кетип атканын укканда шектенип, байланышты үзгөм дейт Парвиз. Кармагандар акырындап кызматташууга мажбурлай башташат.

Парвиз: - Биз менен иштейсиң. Мечиттерге барып, ким Сирияга барат, ким биякта эмне кылгысы келип атат бизге маалымат берип турасың. Ошондо сенде баары жакшы болот дешти. Силер кимсиңер дедим. Полиция эмеспиз, оперлер эмеспиз, андан да жогорубуз дешти. ФСБ? Десем ооба дешти. Мен макул болдум. Анткени антпесем мени өмүр бою камап, хижабчан жүрөт, аялыңды да камайбыз дешти.

Ал арада Светланага телефон чалышып, күйөөсү үч күнгө камалганын айтышат. Бирок ал мөөнөт аяктагандан он беш мүнөттөн кийин кайра эле коомдук жайда сөгүндү деп жаңы протокол түзүлүп, кайра эки суткага камалат.

Светлана: - Алар аны арткы, камера тартпаган эшиктен УАЗ менен алып чыгышып, он беш мүнөт ары бери айлантып, анан кайра алдыңкы эшиктен алып киришкен. Анан кайра кармадык деп, административдик айып коюп, кийинки күнү сотко алпарышат.

Ошентип окшош беш “айып” менен Мурадовдун абак жазасы эки-үч-он эки-он үч күнгө созулуп отуруп 34 күндөн кийин “Гражданское содействие” уюмунун жардамы менен бошотулат. Алар кайра дароо Москвага келишет.

Светлана Ганнушкина
Светлана Ганнушкина

Уюмдун жетекчиси Светлана Ганнушкина аларга эми деле жоктон иш ачылып, узакка камалып кетиши мүмкүн деп чочулайт. Мындай окуялар буга чейин болгонун мисал келтиришет.

Маселен, чечен согушу учурунда. Москвадагы чечендер “көчөдө сөгүнүп-сагынганы” үчүн делип кармалат. Алар бул үчүн административдик жазасын өтөп жатканда башка айыптар токулат. Кээде тинтүү учурунда маңзат же курал таптык дешчү же ачылбаган кылмыштарды аларга илип коюшчу дешет укук коргоочулар.

Роза Магомедова
Роза Магомедова

Башка, жаңы мисалдар деле бар. Аны «Мемориал» укук коргоо борборунун адвокаты Роза Магомедова айтып берди:

- Менде мындай кыжырды кайнаткан, көз көрүнө жоктон токулган эки мисал бар. Экөө тең Тажикстандын жарандары. Биринчиси - Хуршеддин Фазылов касапчы, үй-бүлөсү чоң болчу. Акча табыш үчүн иштегени келген. Мекенинде ага 20-25 кишини өз эсебинен «Ислам мамлекети» террор тобунун катарында согушуу үчүн жөнөткөн деп иш ачышыптыр. Анан аны тажик тараптын өтүнүчү менен кармашат. Адам укуктары боюнча Европа соту аны экстрадициялоого тыюу салган. Ага карабастан аны Тажикстанга жөнөтүп ийишкен. ФСБ, ИИМ ага эч нерсе таппайт да, кандайча тажик күч түзүмдөрү Орусияда жүргөн жаранынын «кылмышын» билип жатат? Ал кишинин кетип бараткандагы коркунуч баскан көз карашы эсимен кетпейт.

Экинчиси Саидаруф Саидов аттуу таксист. Анын аялы менен баласы Орусия жарандары. Аны да тажик күч органдары Одноклассники социалдык түйүндөр аркылуу кимдир бирөөлөрдү «Ислам мамлекети» террордук тобуна азгырган деп шектейт. Ал киши андай топтон да, саясаттан да такыр алыс болчу…

Укук коргоочулар, адвокаттар ойдон чыгарылган иштер мурда "Хизб ут-Тахрир", же "Жабхат ан-Нусра" өңдүү экстремисттик уюмдарга байланыштырылса, азыр негизинен «ИМ» тобуна байланыштырылып жатканын айтышат. Ошол эле маалда орусиялык жана борборазиялык атайын кызматтар кылмыштуулуктун бетин ачуу статистикасын көбөйтүү үчүн мындай ишти бири-бири менен сүйлөшүп алып жасашат деп шек санашат.

Санкт-Петербургдагы терактка шектелип кармалган, Кыргызстанда туулган, орус жараны Акрам Азимовдун адвокаты да жакында бул боюнча атайын билдирүү менен чыккан болчу. Ал ошондой эле орус атайын кызматынын жашыруун түрмөсү да бар экенин айткан:

- Акрам Азимов Кыргызстандын атайын кызматтары тарабынан кармалганы белгилүү болду. Андан соң ал катуу кайтаруу менен 2017-жылдын 15-апрелинде Москвага жеткирилген. Учактан түшкөндөн кийин эле көзүн таңып автоунаа менен бир жакка алып барышкан. Ал болгону жер төлөгө түшүп бараткандагы тепкичтерди көргөн. Ал жактан тамак, атургай суу бербей кыйнашкан.

Кийин тергөөчүгө айтып бере турган көрсөтмөлөрдү жаттатырышкан. Аларга жакпаган, туура эмес жоопторду бергенде онго чейин санап туруп, ток менен урдурушкан. Акрам улам эсин жоготуп жыгылганда, эсине келишин күтүп, кайра кыйноолорун улантышкан. Кыйноолор муну менен эле чектелбей, балдарынын, аялынын өмүрү менен коркутушуп, «аялыңды зордуктайбыз» дегенге чейин барышкан.

Ошентип ал жерде төрт сутка кармаган соң, Акрамды дагы эле көзүн таңган бойдон автоунаа менен башка жакка алып барышып, колдорун чөнтөгүнө салып, унчукпай отурууну буйрушкан. Алар ошондой эле ага «кызматкерлер» барып, машинеге салып кетерин айтышкан. Көрсө бул баягы биз көргөн интернетке чыккан жасалма съемканын сценарийи экен. Ал видеодо Акрам аялдамада отурат, ал эми анын жанындагы сумкада граната табылган эле, - деп адвокат Ольга Динзе айтып чыккан. Кыргыз күч түзүмдөрү бул айтылгандарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Ал эми жогоруда сөз кылган каармандар Парвиз жана Светлана Орусияда калууну коркунучтуу деп эсептешет. Азыр Светлананын сегиз айлык боюнда бар. Ага карабастан жакынкы күндөрү бул өлкөдөн чыгуу аргасын издешүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG