Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

Абактагы мигранттар акыйкаттык күтөт


Орусияда кылмышка шектелип камакка алынган мигранттар үй-бүлөсү менен байланыша албай, айлап-жылдап дайынсыз кеткендер болот. Аларга өз маалында юридикалык жардам дагы көрсөтүлбөй калган учурлар кездешет.

43 жаштагы кыргызстандык Марат Жуманазаров былтыр октябрда Москванын четиндеги Ногинск шаарында киши өлтүрүүгө шектелип камакка алынган. Анын тергөө алдында СИЗОдо отурганын жакындары беш айдан кийин гана билишкен.

Карындашы Айтперинин айтымында, учурда бул кылмышка шектелип башка жаран кармалганы менен жактоочу болбогондуктан агасы дале абакта кармалып келет.

- Агамдын айтуусу боюнча ал жашаган үйдө бир адамды өлтүрүп кетишкен. Кылмыш болгон учурда агам жумушта отурган. Ал дүкөндө иштечү. Бирок агамды жумуштан полиция кармап кеткен экен. Кийин кылмышка шектүү делип, өлгөн адамдын кайнагасын кармашкан. Бирок агамды коё бербей, кылмышка катышкан деп жатышат. Аны жалгыз камерага кармап, бизге алты ай дегенде бирөөнүн телефону менен араңдан зорго байланыштык.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Марат Жуманазаровдун Орусияда жакындары жок, ал эми Кыргызстандагы бир туугандары акчага байланыштуу Москвага келе албай, адвокат жалдай албай кыйналып келишет. Тергөө ишине мамлекет тарабынан берилген адвокат байланышка чыкпай койгон.

- Мамлекеттик адвокат берилген. Ал агамды "кылмышка катыштыгы жок, чыгарса болот, бирок акча бергиле" деди. Кийин телефон чалсак албай, байланышка чыкпай калды. Агамдын иши ошол боюнча турат. Биздин Москвага барганга шартыбыз жок. Атабыз эки жыл мурун көз жумган. Эки агам оорукчан. Кичинекей балдарым бар. Агам менен бир айдан бери сүйлөшө албай жатабыз. Акыркы жолу сүйлөшкөндө тамак-аш, кийимден кыйналганын айткан. Агам бирөөгө жамандык кылган эмес. Жумуштагылардын баары анын иште болгонун айтып жатышат.

Орусиянын Кылмыш-процессуалдык кодекси боюнча кылмышка шектелип кармалган жаранга үй-бүлөсүнө кабар берүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек. Ошондой эле тергөөчү 12 сааттын ичинде чет элдик жарандын элчилигине же консулдугуна билдирүү жөнөтүшү керек. Бирок Марат Жуманазаровдун камакка алынышы тууралуу маалымдалган эмес.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова Марат Жуманазаров тууралуу туугандарынан кайрылуу түшкөн соң консулдук ал менен байланышка чыкканын айтат.

- Консулдукка маалымат түшкөндө эле тергөө бөлүмү менен байланышып, бардыгын тактаганбыз. Эжеси кат менен кайрылганда ошол замат маалымат топтоп бердик. Кызматкерибиз ал адам менен байланышканда ал күнөөсү жоктугун, ишинен видео алынганын айткан. Адвокаттан өзү баш тарткан. Тергөө уланууда, тергөө комитетинен бизге башка маалымат беришүүдө. Элчилик бул ишти дароо көзөмөлгө алган.

Москвада сот иштеринде котормочу болуп иштеген Чынара Тулебердиева камакка алынган мигранттар чет элдик жаран катары элчиликке дароо маалымдоону талап кылышы керектигин белгилейт.

- Кылмыш иши ачылганда тергөөчүлөр 48 сааттын ичинде материалдын 70-80 пайызын топтоп коюшат. Ошон үчүн кылмышка шектелип кармалгандар жарандарга ушул убакыттын ичинде юридикалык жардам керек. Жеке адвокат болбосо да, элчиликтин өкүлдөрү ошол замат барып, ишке аралашса, биздин жарандарга жакшы болмок. Мыйзам боюнча бардык адамдарга жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондо дароо аракет көрө башташ керек. Кийин адамды актап чыгуу оор. Айрым учурда жарандарыбыз билип-билбей кагаздарга кол коюп, жаңылыш көрсөтмөлөрдү берип алышат. Мыйзам чегинде тергөө иши башталганда эле мамлекеттик жактоочу берилет. Бирок акысы аз төлөнгөн мындай иштерге кайдыгер карап, суракта жаран менен бирге болбой, кийин кагаздарга жөн гана кол коюп койгон жактоочулар дагы чыгат.

Тогуз айдан бери камакта жаткан Мараттын күнөөсү жоктугуна ишенген Жуманазаровдун үй-бүлөсү учурда укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокат жалдоого каражат издеп жатышат.

Орусиянын абактарында кылмыш жообуна тартылып, сот жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардын саны 2 миңге жетет. Ал эми кылмышка шектүү делип убактылуу кармоочу абакта тергөө алдында жүргөн адамдардын саны расмий ачыкталбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG