Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:42

Орусияда абакта жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктар арбын. Алардын айрымдарынын жакындары Кыргызстандагы эле абактарга которууну суранып келишет.

Кыргызстандык Нурзаттын 24 жаштагы уулу Арсен Орусияда «спайс» менен кармалып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Эне уулу тергөө абагында жатканын кеч билген.

- Балам кафеде официант болуп иштечү. Жаштык кылып, чырактай кезинде камалып кетти. Жанында балдар болгон. Алар «сен баарын моюнга ал, биз сени чыгарып алабыз» десе макул болуптур. Берки балдар дароо Кыргызстанга чыгып кеткен. Балам камалганда мамлекеттик адвокат берилиптир. Уулум менин телефон номеримди берсе дагы мага эч ким байланышкан эмес. Биз адвокат жалдагыча, кеч болуп калды. 11 жылга соттолгон. Эки жыл СИЗОдо отурганын дагы эске алышкан жок, бир күндөй эле эсептеп коюшту.

Нурзат уулу Москвадагы түзөтүү абагынан эскертүүсүз Екатеринбургга жөнөтүлгөнүн айтты. Акыркы бир айда уулу менен байланыш үзүлгөн.

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

- Мага айтпай эле баламды Екатеринбургдагы түрмөгө которуп жиберди. Таппай зыркырап жүргөн кезде өзү байланышка чыкты. СИЗОдо отурганда «Апа, мени Кыргызстанга котортчу» деп сурана баштаган. Ал жерде эмне кордук көргөнүн мен кайдан билем? Эркек бала жашырып айтпайт экен. Телефондон сүйлөшкөнгө 15 мүнөт убакыт берилет. Орусча сүйлөбөсөң байланышты өчүрүп салышат, кыргызча кат жазсаң киргизбейт. Почтадан байпак салсаң, жетпей калат. Уулум орусча аз-маз билет, бирок мен анча сүйлөй албайм. Азыр Москвада иштейм, Екатеринбургга барып турганга шартым жок. Кыргызстанга которулса күнүнө сүт киргизе албасак дагы туугандарыбыз кабарлашып турат эле. Акыркы бир айдан бери анын тирүү экенин билбей жатам.

Дагы бир каарманыбыз Жамалдын 30 жаштагы Жыргалбек аттуу уулу орус абагында төрт жылдан бери жатат. Ал дагы «спайс» менен кармалып, Орусиянын Кылмыш кодексинин 228-беренеси менен («Наркотикалык жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу боюнча») жети жылга соттолгон. Уулун Кыргызстанга котортуу үчүн Жамал Москвадагы элчиликтен баштап, Башкы прокуратурага чейин барган. Бирок төрт жылдан бери кайрылуусуна жооп албай келгенин айтты:

- Кыргызстандагы Башкы прокуратурага арыз жазганыбызга төрт жыл болду. «Карап көрөбүз» дешкен. Арызды каратуу үчүн ортомчуларга акча берүү керек экен. Алар бизден 5 миң доллар сурашкан. Балам Читадагы түрмөдө. Барганга шарт жок, телефон аркылуу байланышып турабыз. "Мени Кыргызстанга эле котортуп коюңузчу" деп жалдырайт. Шарттарын деле билбейм, отузга чыккан баламдын салмагы 45 килограмм болуп калыптыр. Анча-мынча акча салып турам. Балам жаштык кылды. Тааныштары суранса «спайс» Орусияда мыйзамсыз экенин билбей сактап коюптур.

Spice - бул психотроптук зат. Учурда дүйнө жүзүнө тарап жаткан "спайстын" курамын химиялык уу затка каныккан жыттуу чөп түзөт. Ал алгач ирет 2006-жылы Европада пайда болгон. Европанын бир нече өлкөсүндө жана Орусияда ага тыюу салынган.

Орусиядагы түрмө
Орусиядагы түрмө

"Башкы прокуратурага кайрылгыла"

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түрмөгө түшкөн жарандарды экстрадициялоо боюнча келишим бар. Элчиликтин маалыматында, былтыр бир жыл ичинде жыйырма чакты кыргызстандык Орусиядагы абактан Кыргызстанга которулган.

Элчиликтин юристи Мырзапаяс Карагулов Орусияда кылмыш жазасын өтөп жаткан жаранды Кыргызстанга которуу үчүн Башкы прокуратурага кайрылуу керектигин түшүндүрдү:

- Орусияда абакта кылмыш жазасын өтөп жаткан жарандарды Кыргызстанга экстрадициялоо үчүн жарандын өзүнүн же анын ата-энесинин, балдары же аялы менен күйөөсүнүн арызы керек. Мындай чечим жарандын ден соолугуна же ата-энесинин абалына байланыштуу кабыл алынышы мүмкүн. Москвадан элчиликке кайрылса болот же Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эл аралык бөлүмүнө арыз жазуу зарыл. Буга алты айдан бир жылга чейин убакыт керек. Башкы прокуратура арызды карап Орусия тараптан сот өкүмү, кылмыш иши боюнча маалымат алып, тактап, анан чечим чыгарат. Эгерде «которулсун» деген чечим кабыл алынса, Кыргызстандын Юстиция министрлигине кат жөнөтүлөт. Негизи эмне себептен которууну сурап жатканын негиздөөчү бардык тийиштүү документтер толук болушу керек.

Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын дарегине жогоруда айтылган дооматтарга мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Алманбет Абдраманов төмөнкүдөй жооп берди.

- Ар ким ар кандай айта бериши мүмкүн. Экстрадиция боюнча ар бир иш өзүнчө каралат. Расмий түрдө кайрылыңыздар, ошондо ар бири боюнча жооп беребиз.

Учурда Орусиянын абактарында кылмыш жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардын саны болжол менен 2 миңге чукул. Укук коргоочулардын белгилешинче, киши өлтүрүү, маңзатты мыйзамсыз сатуу жана башка оор кылмыштар боюнча соттолгондорго экстрадиция жеңилдиги чанда берилет.

Миграция жана кылмыштуулук. 6-июль, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG