Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:03

Орусияда кыргызстандык жарандардын кылмыштуулукка аралашуусуна кандай себептер түрткү болуп жатат? Учурда Орусияда абакта жаза өтөп жатат делген кыргызстандыктар кимдер? Кылмышка шектелип кармалгандардын укуктары толук корголуудабы?

«Биз жана дүйнө» берүүсүнүн талкуусуна КМШ мамлекеттеринин уюшкан кылмыштуулукту координациялоо бюросунун жетекчи орун басары Аскат Алиев, Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин юристи Мырзапаяс Карагулов жана Москвада сот иштеринде котормочу болуп иштеген Жанна Сабаева катышты.

"Азаттык": Статистиканы карасак, Орусияда мигранттар аралашкан кылмыштардын саны жылдан жылга көбөйүп баратат. Мисалы, Орусияда абакта отурган кыргызстандыктардын саны 2015-жылы 1508 адам болсо, былтыр бул сан 2000ге жакындаган. Быйылкы көрсөткүч кандай? Мигранттар кылмыштын кандай түрлөрүнө көп барууда?

Уурулук, тоноо, мыйзамсыз документ жасоо, чек арадан мыйзамды бузуп өтүү, зордуктоо жана маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча катталгандар көп.

Мырзапаяс Карагулов: Орусияда сот өкүмү боюнча жаза тартып жаткандардын саны эки миңдин тегерегинде. Бири бошонуп Кыргызстанга кетсе, бири соттолуп, абакка алынат дегендей, бул туруктуу сан эмес. Уурулук, тоноо, мыйзамсыз документ жасоо, чек арадан мыйзамды бузуп өтүү, зордуктоо жана маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча катталгандар көп. Жарандарыбыз билип-билбей эле чек арадан чоочун документтер менен өтүп же мыйзамсыз жасалган документтер менен кармалган учурлар болуп жатат.

Жанна Сабаева: Кылмышка шектелип кармалгандар арасында жаштардын өтө көп болуп жатканы өкүнүчтүү. Айрымдар бул жакта иштеп, үй-бүлөсүнүн каржылык абалын көтөрүүгө келбестен, атайын кылмышка келгендей болуп жатат. Жакшы эле иштеп жүрүп, анан убактылуу кыйынчылыкка чыдабай ушундай иштерге барышат. Кафелерде, жаратылышка эс алууга чыкканда жеңил ойлуулукка алдырып кылмыш кылгандар бар.

Аскат Алиев: Кармалгандар мурда соттолгондор деп айтуудан алысмын. Москва - бул мегаполис. Кыргызстандын борборун көрбөй эле айылдан, келгендер өздөрүн жоготуп жатышат. Айылда аксакал, ага-ини көрөт десе, бул жакта эч ким көрбөйт деп, уят-сыйытты жыйыштырып, бири-бирин алдап, уурдап, андан дагы оор кылмыштарга барышат. Кармалгандардын басымдуусу 18-30 жаштагылар.

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга жумуш берүүчүлөрдөн айлык акысын алуу чоң көйгөйгө айланууда.

"Азаттык": Үч-төрт жыл мурда Орусияда кыргызстандык мигранттарга кысым көрсөтүп, салык салып келген уюшкан кылмыштуу топтор бары айтылган. Ошол эле Эрнис Мурзахметов (лакап аты "Чач"), Улан Токтосунов (лакап аты «Сакал»), Камчы Көлбаев ( “Коля Киргиз”), Мурсалим Өмүрзаковдун («Карышкыр») топтору. Азыркы акыбал кандай?

Аскат Алиев: Буга чейин уюшкан кылмыштуулук боюнча абал оор болчу. 2014-жылга чейин биз кызматтык командировка менен келип, иштеп кетчүбүз. Ошол жылдын ноябрь айынан тарта бул жакта расмий иштей баштадык. Башкы тапшырма Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү болчу. Иштин жыйынтыгында кылмыштуу топтордун ондогон мүчөлөрү кармалып, абакта отурушат. Эки чоң уюшкан кылмыштуу топту чачыраттык десек болот, бир тобу издөөгө алынды. Мурда жарандар алардын үстүнөн арыз жазчу эмес, полицияга барчу эмес. 2012-2013-жылы ишкерди токойго алып чыгып, мыкаачылык менен өлтүргөн факты болгон. Азыр андай жок.

"Азаттык": Кылмышка мигрант кыз-келиндердин дагы көбүрөөк аралашканы байкалууда. Кыз-келиндер кандайча топторго кошулуп калып жатат?

Жанна Сабаева: Баягы сүйлөшкөн жигитин уурулукка же каракчылыкка айыптап, жалган жалаа жапкан кыз-келиндер болот. Дүкөндөргө барып, кийимин кийип алып, төлөбөй качып кеткендер болуп жатат. Азыр үч балалуу келин уурулукка шектелип отурат.

Элчиликтин четинде билет саткан эжени баары «апалап» жүрүшчү, акырында канча жаранды алдап кетти.

Аскат Алиев: Кыз-келиндер катышкан кылмыш иштери көп дегенден алысмын. Тилекке каршы таптакыр жок дагы эмес. Кылмышка 18 жаштагы кыздан 70 жаштагы апалар дагы барууда. Элчиликтин четинде билет саткан эжени баары «апалап» жүрүшчү, акырында канча жаранды алдап кетти. Андан сырткары, опузалоо, каракчылык, адам уурдоо фактылары менен жаза өтөп жаткандар да бар.

"Азаттык": Кылмыштуулукка шектелип камакка алынган жарандардын укуктары кандай корголот? Тергөө иштеринде жана сотто дайыма эле котормочу берилеби? Москвада мигранттар жеке адвокат же юрист жалдап, өз укуктарын коргой алышабы?

Кээ бирлери 6-9-класстын билими менен, билбестиктен, «котормочудан, мамлекеттик жактоочудан баш тартам» деген кагаздарга кол коюп берет.

Жанна Сабаева: Жарандардын укуктары тергөөдө корголуп жатат. Кээ бирлери 6-9-класстын билими менен, билбестиктен, «котормочудан, мамлекеттик жактоочудан баш тартам» деген кагаздарга кол коюп берет. Өз укуктарын билбегендер болуп жатат. Жеке адвокат жалдагандар бар. Анын акысын баары эле көтөрө албайт. Бир 25 пайызы жалдап жатат, бирок быйыл мен катышкан иштерде сот залынан акталып чыгып кеткендер болгон жок.

"Азаттык": Элчиликке кылмышка шектелип кармалган жарандар жөнүндө маалымат дароо түшөбү? Консулдуктун юристтери канчалык деңгээлде тергөө жана сот иштеринде жарандардын укугун коргой алат? Алардын ыйгарым укуктары кандай?

Мырзапаяс Карагулов: Орусиянын Тергөө, иликтөө органдары мыйзам боюнча төрт саат ичинде жараныбыз жөнүндө маалымат бериши керек. Бирок бул ишти убагында кылышпайт. Болбосо, жаранга үй-бүлөсү менен байланышууга уруксат берилиши керек. Биз жарандык, административдик жана эмгек талаш-тартышы боюнча сот иштерине катыша беребиз. Ал эми кылмыш иштерине бизди жолотушпайт. Мыйзам боюнча сөзсүз түрдө адвокаттык лицензиясы бар Орусиянын жараны гана жактоочу боло алат. Бизде мындай мүмкүнчүлүктөр чектелүү.

Талкууну толугу менен видеодон көрүңүз

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG