Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Мигранттарды карактаган "каралар"


Москва
Москва

Москвада курулушта иштеген өзбекстандык мигранттардын тобу кыргыз улутундагы балдардан турган чакан кылмыштуу топ  аларды уруп-сабап, эмгек акыларын алып коюп жатканын айтышууда.  Акыркы жаңжалдан кийин бир өзбекстандык жаран реанимацияга түшүп калган.

Өзбекстандык мигрант Бахтияр Москванын Рязанск көчөсүндөгү Ant Yapi түрк ишканасынын ири курулушунда жалпысынан эки миңдей жумушчу эмгектенерин айтат. Басымдуусу - өзбекстандык мигранттар. Уюшкан чакан топ аларга бир ай мурун кол сала баштаган.

- Рязанск көчөсүндөгү курулушка жакында эле келгенбиз ишке. Кечкисин жумуштан чыгып, бир чакырым алыстыкта жайгашкан жатаканага жөө барабыз. Бул жолдо топтошкон балдар үч-төрт жолу кол салып, сабап, тоноп, акчаларыбызды алып коюшкан. Чымыр денелүү, мындай спорт менен машыккан балдар. 20-январда саат кечки сегиздер чамасында чогуу иштеген Кобулжан Юлдашев жумуштан суранып эрте чыгып кетип аларга кабылган. Ал азыр ооруканада реанимацияда. Мурунтан эле бул белгисиз топ ушинтип жумушчуларды сабап, акчаларын, телефондорун алып кетишчү экен. Полиция чакырган күнү дайыны жок көрүнбөй калышат, анан эмгек акыны алган күнү эле бизди жолдо тосуп алышат.

Бахтиярдын айтуусунда, жумушчуларга кол салып, талап-тоноп жаткан балдар – кыргызстандыктардын уюшкан тобу. Алардын кыймыл-аракети тың, чымыр денелүү, орусча аралаш сүйлөшөт.

Москвадагы Рязанск көчөсүндөгү курулуш.
Москвадагы Рязанск көчөсүндөгү курулуш.

Москвада полиция кызматында иштеген полковник Чыналы Мамадалиев Орусияда кыргызстандык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар экендигин, бирок, акыркы кезде мигранттардын арасында өз алдынча чакан топторго уюшуп алып, талап-тоноп, уурулук кылып жаткандар дагы четтен чыгарын айтты:

- Бул жакта уюшулган кылмыш тобунун мүчөлөрү толуп жатат. Камчы дегендин балдары сыяктуу. Бирок оперативдүү иштер жүргүзүлмөйүнчө, ал же бул болушу мүмкүн деп айтууга болбойт. Андан сырткары, өз ара топтошуп үч-төрттөн биригип алып эле, тигил же бул криминалдык төбөлдүн атына жамынып, кылмыш кылып жүргөндөр дагы көп. Аларды дагы унутпаш керек.

Орусияда “Коля Киргиз” деген лакап ат менен белгилүү Камчы Көлбаевдин криминалдык тобунун мүчөлөрүнөн тышкары Улан Токтосунов (лакап аты «Сакал») жана Эрнис Мурзахметов (лакап аты "Чач") дегендердин кылмыштуу топтору жөнүндө айтылып келет. Былтыр сентябрда Москвада кыргызстандык жарандан акча опузалаган деп Көлбаевдин кылмыштуу тобунун төрт мүчөсү камакка алынган. Андан мурун 2015-жылдын аягында Москвадагы кафелердин биринде массалык мушташтан кийин Токтосуновдун кылмыштуу тобунун бир мүчөсү кармалса, Улан Токтосунов өзү ошол маалда Москвадан Бишкекке учуп барып, аэропортто милиция кызматкерлеринин колуна өз эрки менен түшкөнү маалымдалган.

Москва: үй-бүлөгө кийлигишкен "каралар"

Москва: үй-бүлөгө кийлигишкен "каралар"

Москвада өз алдынча жарандык никеде жашап алып, бирок, үй-бүлөдө чыккан турмуштук келишпестиктерден улам ойго келбес жоруктарга баргандар кездешет.

Кыргыз жамаатынын өкүлү Эгемберди Мырзабековдун айтуусунда, Москвада эки мамлекеттин мигранттары арасында, улуттар арасында мындай окуялар оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

- Кыргыз кыргызды эле уруп-сабап, тоноп, акчасын алып кеткен окуялар болгон. Бирок мындай кыргызстандыктардын кылмыштуу тобу башка улуттагыларды кысымга алып жатат деп мурун уккан эмесмин. Ал эми тажик, кыргыз же өзбек улутундагы балдар урушуп, талашып, полицияга түшкөнү жөнүндө угуп эле жүрөбүз. Эми Өзбекстандын жарандары шаар ичинде аз көрүнүшөт, көчөдө азыраак жүрүшөт. Алардын ичинде деле көйгөйлөр көп. Өздөрүнүн кылмыштуу топтору, өзүлөрүнүн мекендештеринен эле опузалап акча өндүргөндөрү дагы бар. Мындай нерселер, өзгөчө эки эл, эки улут арасында болуп жаткан нерселер жакшылыкка алып келбейт да. Биздин чет жердеги ар бир кадамыбыз, жасаган иштер түз эле мекенибизге дагы таасир этет.

Расмий түрдө Орусияда 550 миңден ашуун кыргызстандык мигрант иштейт, өзбекстандык мигранттардын саны 2 миллиондон ашуун, ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча 4 миллионго чейин жетет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG