Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Москвада дагы бир мигрант келин каза тапты


Москвада жердешинин колунан каза тапкан мигрант келиндин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Аны өлтүрүүгө шектелген жаран камакта.

22-июнда Москвадагы "Бейрут" кафесинде 31 жаштагы С.Г аттуу келин бычактан алган жарааттан каза тапкан. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Мырзапаяс Карагулов кылмышка шектелип К.К аттуу 33 жаштагы мигрант кармалганын, ага Орусиянын Кылмыш кодексинин 105-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча менен иш козголгонун маалымдады.

- Биздеги маалыматтар боюнча окуя кү​нд​ү​згү​ саат тө​рттө​н кийин болгон. Кыргызстандын жараны кафеге келип, келинге жети жолу бычак шилтеген. Келин ал жерде иштеген деген маалымат да бар. Анын өлүмүнө ​шектүү жаран камакка алынган. Кылмыш иши ачылып, тергөө​ башталды. Экөө​ тең Сузак районунан келген экен.

Келиндин бычак жешине эмне себеп болгону азырынча так эмес.

Жергиликтүү айрым маалымат каражаттары жигит келиндин колун сурап, бирок бул сунушу четке кагылганда ушу кадамга барганын жазып чыгышты.

Буга чейин жыл башында мигрант келин киши колдуу болгон. Апрель айында Москвада дагы бир кош бойлуу мигрант келиндин сөөгү табылган. Анда келинди батирде бирге жашаган жердеши өлтүргөнү аныкталган болчу.

Москвада «Айымдар» клубун жетектеген Шахрезада Аданова мигрант кыз-келиндердин чет жакта зомбулукка кабылышына өз укугун билбегени себеп деген ойдо:

- Аялдык сезимге жетеленишет, экинчиден, мигрант кыз-келиндердин көбү өз укуктарын жакшы билбейт. Көбүнчө айылдан келишет. Мектепти жаңы бү​түп келгендер бар. Алар билим жагынан аксайт, укуктарын билбейт. Аял болгондон кийин эркектин колдоосуна, жардамына муктаж болот. Бирөөгө эркелеп, жакшы сө​з уккусу келет. Ошол себептүү көңүл үчүн алданып, зомбулукка кабылып жатышат. Анан ажырашып келген келиндер да аябай кө​п.

Ал эми «Кыргыз биримдиги» уюмунун мүчөсү​ Токтокан Эсенова мындай окуялар миң кырдуу мигранттык турмуштан келип чыгып жатканын белгиледи:

- Бул жакка тартса, бул жакка жетпейт. Москвада иш таппай жүргөндө​р бар, жалкоолонуп иштебей жү​ргө​ндө​р бар, аз айлыкка эптеп иштеп жүргө​ндө​р бар. Анан бала багайын, ү​й-бү​лө​мө​ акча жөнөтө​йүн деп жү​ргө​н жаштар көп. Акчанын, куу турмуштун айынан болуп жатат мунун баары. Кээде үйдөн көргөн тарбия деле роль ойнойт.

Жылына Орусияда ар кандай себептен улам каза тапкан үч жүздөй мекендештин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт. Алар көбүнчө жол кырсыгынан, өндүрүштөн алган жарааттан жана оору-сыркоолордон ж.б. себептерден каза табышат. Айрым учурларда кошумча соттук-медициналык экспертиза талап кылынгандыктан өлүмдүн себептери аныкталбай калган учурлар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG