Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Төрөтканадан камалган мигрант келин


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын Пермь шаарында жаңы төрөгөн кыргызстандык келинди баласынан ажыратып, полиция бөлүмүнө алып кетишкен. Буга анын Орусияда мыйзамсыз жүргөнү негиз болгону айтылууда.

Пермде кыргызстандык келинди төрөтканадан эле полиция камакка алып, баласынан ажыратканын алгач орусиялык басылмалар жазып чыккан. Камакка алынган келиндин күйөөсү орус жараны экени аныкталгандан кийин бошотулуп, бир күндөн кийин ымыркайын колуна алган. Окуя май айынын этегинде болсо да, ушул күнгө чейин кызуу талкуу жаратып келет.

Жаңы төрөгөн келинге укук коргоо органдарынын жасаган мамилесин Пермь аймагындагы Омбудсмен институту да сындап чыккан.

- Укук коргоо органдарынын иши негиздүү болгон. Бирок биз, Омбудсмен институту келинди полиция бөлүмүнө төрөттөн кийин алып кетип, баласынан ажыратканына нааразылык билдиргенбиз. Алар керектүү протоколду төрөтканада деле түзсө болмок, - деди пресс-катчы Евгения Бродникова.

Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...

​Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...

Мигранттардын айтымында, жасалма кыргыз паспортун метро-вокзалдардагы далдалчыларга жасатып алуу текейден арзан. Андан тышкары ич ара паспорт алмашып, бирөөнүн паспорту менен жумушка орношкондор, жадакалса чоочун адамдын паспорту менен ооруканага катталып, төрөгөндөр да кездешет.

Пермдеги Омбудсмен институту келин жана анын үй-бүлөсү маалымат каражаттары менен байланышуудан баш тартканын билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин пресс-катчысы Гүлбарчын Байымбетованын айтымында, Пермдеги укук коргоо органдары кыргызстандык жарандын миграциялык документтери туура эмес болгону үчүн ушул кадамга барган.

- Биздин кызматкерлер укук коргоо органдары менен байланышты, окуяны көзөмөлгө алды. Келин төрөтканага түшкөн кезде жанында документи жок болгон. Келиндин күйөөсү орус жараны экенин айтышты. Азыр баласы экөө дарыгерлердин көзөмөлүндө, бардык медициналык жардамды бекер алып жатышкан экен. Биз алар менен байланыша албадык. Өздөрү дагы элчиликке, консулдукка кайрылган эмес.

Пермдеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Асылбек Алымкулов буга окшош окуя эки жыл мурда болгонун эстеди:

- Эки жыл мурда бир аялды "баласы менен алып барып камайбыз" дегенде журналисттерди, укук коргоочуларды чакырабыз деп жатып алып калганбыз. Бул жакта кыргыздар аз, баарыбыз тыгыз байланыштабыз. Андан кийин мындай окуя катталган эмес. Орусиянын башка шаарларына салыштырмалуу бизде мигранттарды камоо, депортация кылуу деген чанда кездешет. Азыр мигранттарды камоочу жайда эки жараныбыз жатат. Аларга Москва аркылуу тек-жайын ырастоочу расмий билдирме алуу эле оор. Калганы тынч эле.

Орусиянын Пермь шаарында диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, 5 миңдей кыргызстандык иштейт. Мигранттардын көпчүлүгү курулуш жана тейлөө тармагында эмгектенишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG