Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:03

Совет доорунда, андан кийин миграция агымы менен Орусияга барып, жарандык алып, отурукташып калган кыргызстандыктар арбын. Бүгүнкү күндө орусиялык кыргыздар өз алдынча коомдук бирикме түзүп алган. Мына ошол "Кыргыз конгресси" коомдук уюмунун негиздөөчүсү Кубанычбек Кожоев менен маекти сунуштайбыз.

"Азаттык": Жыл башында Москвада "Кыргыз конгресси" деген коомдук уюм катталган. Сиз аны орусиялык кыргыздардын башын бириктирген уюм деп атап келесиз. Бул бирикменин башкы максаты кандай? Кандай иштерди алып барасыздар?

Кубанычбек Кожоев: Орусия боюнча бирдиктүү федералдык бир уюмду түзөбүз деген ой 20 жыл мурда эле пайда болгон. 2006-жылы элчи Апас Жумагуловдун учурунда Москвада "Кыргызстандыктардын конгресси" деген иш-чара өткөн, бирок аны кыргыз активисттери өнүктүрүп кете алган жок. Кийин 2012-жылы Орусиянын кыргыздар эң көп отурукташкан региондорунан 400дөй делегаттарды чакырып дагы съезд өткөрдүк.

Резолюция кабыл алып, "Кыргыз конгресси" уюмун түздүк. Тилекке каршы элчилик тараптан түшүнбөстүктөр болуп, колдоо болгон жок. Анда деле чогулгандардын 99 пайызы Орусиянын жарандыгын алган, бул жакта отурукташып калган кыргыздар болчубуз. Бирок ушул жылдын башында гана Орусиянын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөнгө жетишип, Орусиянын 50 субъектисинде өзүбүздүн бөлүмдөр ачылып, иштей баштадык. Биздин башкы максатыбыз – Орусияда туруктуу жашап калган кыргыздарга эне тилин, дилин, каада-салттарды сактап калууга шарттарды түзүү, экинчи кезекте кыргызстандык мигранттарга жардам көрсөтүү. Жыл өткөн сайын Орусияда жарандык алып, отурукташып калгандардын саны көбөйүп жатат. Биз кыргыздар дагы өзүбүзчө эл катары башыбызды көтөрүп, өлкөдөгү 160 улуттун ичинде кыргыз улутун көрсөтөлү деген ниетибиз бар. Иш-чаралар Орусиянын мыйзамдарынын чегинде, ушул аймакта гана өткөрүлөт. Башка мамлекеттерге таасир берүү, иштерине кийлигишүү өңдүү ой-максаттарды көздөбөйбүз. Ага биздин укугубуз да, акыбыз да жок.

"Азаттык": Орусиянын элүү аймагында өкүлчүлүк бар дедиңиз. Ал өкүлчүлүктү жетектегендер кыргыз диаспораларындагы көрүнүктүү коомдук ишмерлер, Кыргызстандын мигранттары менен тыгыз иш алып барышат. Алардын иши, таасири кандай болот?

Кубанычбек Кожоев: Биз Орусиянын жарандыгын алып, жашап калгандан кийин бул жакта толук кандуу укуктарыбыз бар. Мыйзамдарын, жашоо ыкмаларын, иш ачуунун жолдорун билебиз. Кыргызстандын жарандары келип кайрылса, аларга жардам бербей кое албайбыз. Кыргыз болгондон кийин кыргызга жардам беришибиз керек да. Алардын ой-максаттарын мүмкүн болушунча колдоого алабыз. Жаңы жерге орун-очок алып, жашап кетүү оңой эмес. Бул жерден саясий кызыкчылыктарды же дагы башканы издөөнүн кереги жок.

"Азаттык": Беш жыл мурун мындай конгрессти уюштурууга бир гана элчилик эмес, Москвадагы жана региондордогу кыргыз диаспораларынын жетекчилери каршылык көрсөтүп чыгышкан. Азыр абал өзгөрдүбү?

Кубанычбек Кожоев: Өткөн беш жылдык убакыт баарын аныктап, тактап койду. Ал убакта болгону Москвада расмий катталган эки жергиликтүү коомдук уюм ("Кыргыз биримдиги", "Ала-Тоо") жана бир-эки региондон белгисиз эле "кулактарынан, буттарынан чоюлган" уюмдардын өкүлдөрү каршы чыгышкан. Негизги шылтоолору – биз бириккенге даяр эмеспиз, дагы үч айдан кийин съезд өткөрөбүз дешкен. Өздөрүн коомдук уюмдун жетекчилерибиз деп жүргөндүктөн, көп адамдардын башын айландырып, көптөгөн жалган жалаалар айтылып, "өткөрбөгүлө" деген көрсөтмөлөр болгон. Беш жыл өттү, каршы чыккандар айткан сөзүнө жооп берген жок. Биз болсо ишибизди илгерилете бердик. Кыргыз конгресси Орусиянын мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барат.

Орусиядагы кыргызстандыктар.
Орусиядагы кыргызстандыктар.

"Азаттык": Сиз өзүңүз көптөн бери Орусияда жарандык алып, жеке ишкердик менен алектенип келесиз. Бул уюмда сиздин кандай жеке кызыкчылыгыңыз бар?

Кубанычбек Кожоев: Бул жеке эле менин демилгем же идеям эмес. Орусияда көп жыл бою иштеп, отурукташып калган кыргыздар "кыйынчылыктарды биргеликте жеңели" деп алгач "Замандаш" ассоциациясын түзгөнбүз. Бирок ал Кыргызстанда катталган уюм болгондуктан, биз Орусияда үнүбүздү жергиликтүү бийликтерге жеткире албай келдик. Көп маселелер чечилбей келгендиктен, 2012-жылы Роза Отунбаеванын фонду менен "Замандаш" ассоциациясы биргеликте Бишкекте өткөргөн Конгресстен кийин орусиялык кыргыздар өзүбүздүн бирдиктүү уюмубузду түптөйлү деп чечкенбиз. Конгресстен кийин Орусиядан барган жыйырмадан ашык региондун өкүлдөрү чогулуп, "көп иштер Москвада чечилет экен, сиздин тажрыйбаңыз да көп" деп суранышып, уюштуруу иштерин мага жүктөшкөн.

Биринчи тоскоолдук болгондо эле бул ишти таштап койсом болмок. Бирок биз Орусиядагы жаштарыбыздын келечегин түзүп кетишибиз керек. Менин балдарым Орусияда төрөлдү, өстү, "окуйбуз, иштейбиз, тиштейбиз" деп турушат. Алардын көпчүлүгү Кыргызстанга барып, ордун таап кетиши кыйын. Орусиянын жарандары болгондуктан бул жерде калышат. Мен министр же депутаттарга окшоп "мага мамлекеттик кызмат бергиле, андан соң элди жыргатам" деген жокмун, бул менин кыргыз катары Орусиядагы туруктуу отурукташып калган элиме кызмат кылайын деген инсандык парзым.

"Азаттык": Ошондо Орусияда туруктуу отурукташып калган кыргыздардын үнүн орус бийлигине жеткирели деген ниеттерди көздөп жатасыздарбы?

Кубанычбек Кожоев: Албетте! Орусия көп улуттуу өлкө, азыр улуттар арасындагы мамиледе коомдук уюмдардын маанисине чоң көңүл бурулуп жатат. Орусияда Улуттар иштери боюнча федералдык агенттик, Орусиянын элдеринин ассамблеясы жана Орусиялык кызматташтык деген уюмдар бар, алардын таасири да күчөөдө. Жакында эле Евразия элдеринин ассамблеясы болүп өттү, ага биз Орусиядагы кыргыз этносу катары катыштык. Орусиядагы ар бир улуттун тилин, каада-салттарын, кызыкчылыктарын сактап калуу үчүн артында алардын коомдук ишмерлери турат.

Соңку жылдары орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны кескин көбөйдү. Азыр бала-чакасы менен эсептегенде орусиялык кыргыздардын саны бир миллионго жетип калды десем жаңылыштык болбосо керек. Баарыбыз бир заматта Кыргызстанга көчүп кетпейбиз да. Маселен, келечекте Кыргызстандын өзүндө 10 миллион калк жашаса, чет өлкөлөрдө 15 миллондон ашык кыргызстандыктар жашап калышы мүмкүн. Ал муундар Кыргызстанды ата журту катары сыйлап, кастарлашат. Билесиңер, АКШда түбү африкалыктардын уулу Обама президент болду, Британияда Лондондун жаңы мэри Пакистандан барган мигранттардын уулу экен. Эмне үчүн биздин балдардан дагы андай чыкпайт?! Чыгышы мүмкүн.

Москвадагы кыргызстандыктар.
Москвадагы кыргызстандыктар.

"Азаттык": Орус өкмөтү улуттук уюмдарга өзгөчө көңүл буруп, каржылык жактан дагы колдоо көрсөтүп келет. «Кыргыз конгресси» уюму дагы каржылык колдоону орус өкмөтүнөн алабы?

Кубанычбек Кожоев: Орусиянын бюджетинен акча алып, анын эсебинен жашайлы деген оюбуз жок. Өзүбүздү өзүбүз эле каржылайбыз. Бул конгресстин алкагында Ишкерлер кеңеши түзүлөт, өзүбүзгө өзүбүз колдоо көрсөтөбүз. Анан албетте, орус бийлиги тарабынан улуттук уюмдарды колдоого чакырык болуп жатат. Анан биз дагы жалпы Орусияда улуттар ынтымагын чыңдоочу, жаштарды бириктирчү долбоорубузду сунуштап жатабыз. Эгерде долбоор колдоо тапса, албетте, каржылоо жагы да болот.

"Азаттык": "Кыргыз конгресси" уюмунун Москвадагы биринчи конференциясында Жумушка орноштуруу борборунун долбоору жөнүндө айтылды. Бул борбор кандай иш алып барат?

Кубанычбек Кожоев: Биздин эмгек мигранттарыбыздын негизги көйгөйү - жумуш табуу. Бул жакка келгенде мекендештер аутсорсинг жана аутстаффинг ортомчу ишканаларга жем болуп жатышат. Алар мигрант эсебинен өтө көп комиссия алышат. Албетте, биз базар экономикасында жашап жатабыз, ортомчулар сөзсүз болот. Бирок алар жумушка орноштурган менен мигранттар эмгек акысын албай калып жатпайбы. Ошондуктан, мындай борбор күнү-түнү иштей тургандай кылып, мигранттарга жумуш таап берип, кызматы үчүн арзыбаган акы ала турган кылып койсок, көп көйгөйлөр чечилмек. Баары бир кыргызга кыргыз гана күйөт. Борборду иштетүү үчүн бизде каржылык, техникалык жана адамдык ресурстарыбыз жетиштүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG