Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Саякбек кызы: Түштүк Кореяга баргандар аз болууда


Кыргызстандын Сеулдагы консулу Нурзат Саякбек кызы.
Кыргызстандын Сеулдагы консулу Нурзат Саякбек кызы.

Түштүк Кореяга мыйзамдуу кетүүнүн кандай жолдору бар? Эмне себептен жылына 800 орунга эмгек квотасы берилсе, Кыргызстандан баргандардын саны 300дүн гана тегерегинде болуп жатат? Корей жигиттерине турмушка чыккан кыздардын саны канча?

Ушул жана башка суроолорго Кыргызстандын Сеулдагы консулу Нурзат Саякбек кызы "Азаттыкка" курган маегинде жооп берди.

"Азаттык": Түштүк Кореяда этникалык корейлерге тиешелүү визаны мыйзамсыз алган кыргыздар соттолуп, бизге маалым болгондой, төрт жаран эки жылга шарттуу кесилди эле. Алар депортацияландыбы? Жалпы эле ушундай жол менен виза алып, барып алгандарга жана Кыргызстандан да кетүүгө аракет кылгандарга кандай чаралар көрүлүп жатат?

Нурзат Саякбек кызы: Этникалык корейлерге тиешелүү визаларды мыйзамсыз алгандыгы үчүн эки жылга шарттуу кесилген Кыргызстандын төрт жараны 11-майда Кыргызстанга депортацияланды. Учурда дагы эки жарандын иштери Түштүк Кореянын укук коргоо органдарында каралып жатат. Алар азыр камакта. Документтерди бурмалап, оңдоп, чоң ата-чоң энеси же ата-энесинин бирин корей улутунда болгон деп алдап виза алгандардын бул жакта кармалып жаткандыгы тууралуу элчилик дароо эле Мамлекеттик каттоо кызматына жана Кыргызстандын укук коргоо органдарына билдирген. Биз билгенден Кыргызстанда бул иштер иликтенип, жасалма документ берген мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүлүп жатат. Бул тууралуу маалымат каражаттарына да көп эле чыкты окшойт.

"Азаттык": Түштүк Кореядагы Hyundai Sungwoo Metal компаниясы Кыргызстандан 60 адамды ишке алары тууралуу кабарды Тышкы иштер министрлиги таркатты эле. Алар кандай жол менен жумушка алынат? Бул процесс качан башталат? E-9, H-2, F-4 категориясындагы визалардын ээлери ишке орношо алары айтылган экен. Бул категорияларды да чечмелей кетесизби?

Нурзат Саякбек кызы: Биринчиден, Түштүк Кореядагы ири компанияларга, чоң-чоң корпорацияларга атайын квалификациясы жок чет элдик жарандар ишке орноштурулбайт. Анткени мамлекет өздөрүнүн ички рыногун коргош үчүн квалификациясы жок адамдарга чоң ишканаларга жумушка орношууга тыюу салган. Hyundai Sungwoo Metal компаниясы чоң корпорациялардын катарына кирбейт. Ал Кореянын орто жана чакан ишканаларынын бири болуп саналат. Автоунаалардын дөңгөлөктөрүнүн дисктерин жасоого ыңгайлашкан Hyundai Sungwoo Metal компаниясында учурда бир нече кыргызстандык иштейт. E-9 эмгек визасы менен келген кыргызстандыктар Кореяга келгенден кийин бул жактагы ишин жактырбай же башка бир себептерден улам ишин которгон учурлап көп кездешет. Ошондой жагдайдагы кыргызстандыктар жана кыргызстандык этникалык корейлер азыр бул компанияга барып жатышат. Визаларды чечмейлей кетсем, E-9 визасы бул квалификациясы жок чет элдик жарандарга мыйзамдуу түрдө Кореяда эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк берген виза. Бул жакта EPS системасы деген бар, тактап айтканда, чет өлкөлүк жарандарды жумушка алууга уруксат берчү система. Ал аркылуу жумушчулар тандалып Кореяга жөнөтүлөт. Бул система аркылуу 16 мамлекеттен иштегени келишет. Кыргызстан бул программага 2007-жылы кошулган. H-2 визасы чет жактарда отурукташып калган корей улутунун өкүлдөрүн колдоо үчүн киргизилген виза. Этникалык корейлер бул визаны алуу менен Кореяда квалификациясы талап кылынбаган тармактарга эркин эле ишке орношуп, эмгектене алышат. F-4 визасы болсо H-2 визасындай эле этникалык корейлерге берилет. Бирок жогорку билими барлар үчүн бериле турган өзгөчөлүгү бар.

Кореядагы кыргыздар.
Кореядагы кыргыздар.



"Азаттык": Кыргызстанда Түштүк Кореяда иштеп келебиз деп даярданып жаткан айрым мигранттар былтыртан бери бул өлкөгө баруу үчүн сынактар өтпөй жатканын айтышууда. Бул маалымат канчалык чындыкка жатат жана чын болсо себеби эмнеде?

Нурзат Саякбек кызы: Бул маалымат чындыкка жатпайт. Анткени быйыл, апрель айында эле Кыргызстанда EPS системасынын негизги талабы болгон корей тилинен экзамен өттү. Кыргыз өкмөтүнүн Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча корей тилинен экзаменди ийгиликтүү түрдө 1189 адам тапшырды. Сынактан өткөндөрдүн саны өтө көп. Бирок, чынын айтсак бул жакта Кореянын ишкерлери өздөрү тандап, эмгек келишимин жөнөтүп, чакыргандардын саны аз болуп жатат. Бул чындыгында биз үчүн көйгөй. Жылына 800дөн ашуун адамга квота берилет. Бирок жылына 300дөй гана кишини корей ишкерлери тандап, эмгек келишимдери түзүлөт. Элчилик бул жагдайдын себептерин иликтеп көптөгөн жолугушууларды өткөрдү. Кыргызстандык жумушчулардын аз тандалып жатышына эки чоң себеп бар. Биринчиси - буга чейин келген кыргызстандыктардын көбү, мээнеткеч, туруктуу жана талыкпай иштеген сапаттарын көрсөтө албагандыгы. Албетте баары эмес. Ошондой эле менталитеттеги, аң-сезимдеги эки элдин ортосундагы чоң айырмачылык. Мисалы, буларга Бангладеш, Вьетнам, Филиппин сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарын алуу пайдалуу. Анткени алар иштерман, тил алчаак, элпек келишет, бул элдердин тамак-аш, маданияты да окшошуп кетет. Ошондуктан аларга корей ишкерлери көбүрөөк баа беришет экен. Ал эми экинчи себеп - Кыргызстан деген өлкөнү Түштүк Кореянын өзгөчө түштүк тарабында дагы эле жакшы билишпейт. Үчүнчүсү Кыргызстан алар жакшы тааныбаган мамлекеттердин катарында. Биз ошол маселени чечүү үчүн Кыргызстанды Кореяга дагы таанытуу үчүн ар кандай, анын ичинде маданий иш-чараларды да өткөрүп келебиз. Андан тышкары элчилик Кыргызстан жана кыргызстандык жумушчулар жөнүндө корей тилиндеги маалыматты камтыган, сүрөттөрү менен коштолгон китепчелерди чыгардык жана аны Кореянын аймактарындагы потенциалдуу иш берүүчүлөргө таратып жатабыз.

"Азаттык": Ушул тапта Түштүк Кореяда канча эмгек мигранты мыйзамдуу жол менен иштеп жатат жана алар негизинен эмне менен алек?

Нурзат Саякбек кызы: Кореянын миграция кызматынын маалыматы боюнча Түштүк Кореяда каттоодо турган кыргызстандыктардын саны 3776 адамды түзөт. Ал эми мыйзамсыз жүргөндөрдүн саны болжол менен миңдин тегеринде. Айтып өткөндөй эле EPS системасы боюнча квалификациясы жок чет элдик жумушчуларды бул жерде 52 миңге жакын Кореянын кичи жана орто ишканалары жумушка алышат. Анткени бул жерде квалификациясы жок жумушчу күчү аябай жетишпейт. Бул система беш тармакта иштөөгө уруксат берет. Маселен, өндүрүш, айыл-чарбасы, балык кармоо, тейлөө анан курулуш. Ушулардын ичинен кыргызстандыктарга өндүрүш тармагында алектенүүгө, иштөөгө уруксат берилген болчу. Чет элдик жарандар бул жакта бир гана ушул системанын алкагында иштей алышат. Бирок Кореяда жогорку окуу жайларды бүтүп, бул жакта калгандар, квалификациясы бар жумушчуларга башка категориядагы виза берилет анан алар каалаган жумушунда иштей алышат. Бирок алардын саны өтө эле аз.

Түштүк Кореяга жөнөп жаткан кыргыздар.
Түштүк Кореяга жөнөп жаткан кыргыздар.

"Азаттык": Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар ал жакта негизинен кандай көйгөйлөргө туш болушат? Силерге кайрылгандардын көбүн эмне тынчсыздандырат?

Нурзат Саякбек кызы: Бул жактагы эмгек мигранттары негизинен иштеп жаткан жумушун алмаштыргысы келгенде камсыздандыруу маселеси боюнча көп кайрылышат. Кээ бир жумушчулардын иш берүүчүдөн акчасын ала албай калган учурлары болот. Мындай окуялар сейрек болот. Бирок ошентсе да кайрылгандар бар. Бирок мунун баары чечилчү маселелер, анткени Кореяда мыйзам абдан жакшы иштейт. Ошондуктан биз, элчилик колубуздан келишинче жардам беребиз.

"Азаттык": Мындан 4-5 жыл мурда нике агенттиктери аркылуу Түштүк Кореянын жарандарына күйөөгө чыгып, бирок ал жака баргандан кийин турмушу болбой калып, орто жолдо калган кыргызстандык кыздардын маселеси чоң көйгөйлөрдүн бири болуп жатты эле. Азыр бул жаатта кырдаал кандай?

Нурзат Саякбек кызы: Тилекке каршы ал маселе дагы эле бар. Ар кандай эсептер боюнча бул жакка турмушка чыккан кыздардын саны 500дүн тегерегинде. Алардын арасында жакшы жашап кеткендери да көп. Бирок турмушу начар болуп, ажырашып Кыргызстанга кетем дегендер да бар. Бул көйгөй дагы эле уланууда. Бирок 2011-2012 жылдарга салыштырмалуу азыр бул жакка агенттиктер аркылуу келип, корей жигиттери менен никеге турган кыз-келиндердин саны кескин азайды. Негизи эле ошол жылдары бул жакта чет элдик кыз-келиндерге үйлөнүү тендециясы күч алган болчу, азыр андай эмес. Ошол себептен кыргыз кыздарынын да саны азайды десек болот.

​"Азаттык": Түштүк Корея эч бир мунай запастары, кен-байлыктары жок туруп акыл эмгегинин аркасы менен өнүккөн өлкө катары айтылып келет. Ушул тармакта корей өнүгүү жолун Кыргызстанга колдонуу үчүн кандайдыр бир долбоорлор ишке ашырылып жатабы? Маселен, адистердин тажрыйба алмашуусу, билим берүү жаатында...

Нурзат Саякбек кызы: Албетте корей элинин өлкөнү өнүктүрүү жаатында тажрыйбасын алууга биз абдан чоң маани беребиз. Кыргызстан Корей өкмөтү тарабынан уюштурулган KSP (Knowledge sharing program) билим алмашуу программасына мүчө. Бул программанын алкагында эки өлкөнүн профилдик мамлекеттик органдары тажрыйба алмашып, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгышат. Андан башка KOIСA -Корея эл аралык кызматташтык агенттиги аркылуу Кыргызстандын ар түрдүү чөйрөлөрүндө эмгектенген мамлекеттик кызматкерлер жыл сайын Түштүк Кореяга квалификациясын жогорулатуу үчүн ар түрдүү окуу курстарына, тренингдерге чакырылып турат. Мындан тышкары Кореянын айыл-чарба, агрардык секторун өнүктүрүүдө башкы роль ойногон, кыргызча айтканда жаңы айыл куруу программасы бар, ошол долбоор аркылуу кызматташтык күчөтүлүп жатат. Бул программанын негизги принциби айыл чарба тармагында иштегендер биригип, тыш жактан келген жардамды күтүп отурбастан, өз алдынча демилге көтөрүп иш алып баруу болуп саналат. Корей өкмөтү бул кыймылга чоң маани берет жана Кыргызстандын бул долбоорго кызыкканына чоң колдоо көрсөтүп жатат. Ушул убакка чейин 70тей кыргызстандык окуу тренингдеринен өтүштү. Былтыр бул долбоордун президенти Кыргызстанга барып, бир нече айылдарды кыдырып, жергиликтүү фермерлер менен жолугушту. Келечекте Кыргызстанда ачыла турган бул долбоордун филиалын Борбор Азия боюнча борбор кылуу азырынча пландаштырылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG