Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Корейге айлангандар Сеулда соттолууда


Түштүк Кореяда "мыйзамсыз виза алган" деген негиз менен төрт кыргызстандык соттолуп жатат. Алар чет элдеги этникалык корейлерге бериле турган "H2" визасын алдоо жолу менен алганы аныкталганын Сеулдагы кыргыз консулдугу билдирди.

Быйыл Кыргызстанда Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган адамдардын аты-жөнүн корейче өзгөртүп, жасалма документтерди бергендерге кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин консулу Нурзат Саякбай кызынын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, төрт кыргызстандык этникалык корейлерге берилчү "Н2" визасын мыйзамсыз, алдоо жолу менен алган деп айыпталууда. Буга чейин үч жарандын иши Чханвон шаардык сотунда каралган. Анын чечим чыгаруучу отуруму 19-апрелде өтөт. Ал эми төртүнчү адамдын алгачкы соту 14-апрелде башталат.

- Чоң энем же чоң атам корей улутунда деп жалган документ жасатып, Кореянын элчилигинен визаны мыйзамсыз алышкан. Буларга этникалык корейлер гана алчу виза берилген.

Нурзат Саякбай кызынын белгилешинче, виза алгандар Түштүк Кореяга 2015-жылы барган. Алар этникалык корейлерге берилчү визаларды текшерүү боюнча рейдде кармалып, камалган. Алдын ала маалымат боюнча кармалган кыргызстандыктар депортация болушу ыктымал.

- Бул жактын укук коргоо органдары биздин жарандар кармалганда дайыма эле элчиликке билдире бербейт. Бул жолу биз туугандарынан маалымат алып калдык. Азыр алар камакта болгондуктан өздөрү менен байланышууга такыр мүмкүн эмес. Алар менен чогуу ушундай эле жол менен келгендерди аныктоо үчүн, же алар алдын ала билип калбашы үчүн эч ким менен жолуктурбай жатышат. Соттун акыркы чечиминен кийин гана туугандарына жолуга алышат.

Соңку учурда Кореяда мыйзамсыз жүргөн, анын айынан жумуш таппай кыйналгандардын саны өскөн. Алардын көбү кыска мөөнөткө виза ачтырып, убактысы бүткөнүнө карабай ошол жакта калып калгандар. Студент Нурсултан Алтыбаев бир-эки жылда корейге айланган кыргыздардын көбөйгөнүн айтып берди:

- Мен өзүм тааныгандардан же аэропортто чогуу учуп келатканда атасын же апасын этникалык корей деп көрсөтүп, виза алгандарын айтышчу. Акыркы эки жылда Орусия менен Кореянын ортосундагы визалык режим алынып салынгандан кийин ал жактын жарандыгын алган кыргызстандыктар көп келүүдө. Алардын арасында турист болуп 60 күнгө кирип, кайра кетпей калгандар да бар. Негизинен бул жакта жумуш көп болгону менен аны табуу оңой эмес. Оор жумуш болгондуктан чыдабай чыгып кетишет.

Быйыл жыл башында Түштүк Кореяга кетүү максатында жыйырмадай адам аты-жөнүн корейче өзгөрткөнү ачыкка чыккан. Алар шылуундарга алданып калганын айтып чыгышкан. Жасалма документтерди бергендерге кылмыш иши козголгон. Свердлов райондук соту бул ишти 14-апрелде карайт. Ири суммадагы акча берип атын Ким Анатолий деп өзгөрткөн Марат Акылбеков эми кыргызга айлана албай убара болуп жүргөнүн айтты:

- Аты-жөнүмдү дагы эле алмаштыра элекмин. УКМК, ЗАГСтагылар да уруксат бербей жатыптыр. Алар уруксат берсе эле дароо алмаштырам.

Кореяга аты-жөнүн өзгөртүп кетүү 2014-2015-жылдары башталган. Этникалык корейлер гана ала алчу "Н2" же "F4" визасы менен баргандарга бир катар жеңилдиктер каралган.

Кыргызстандан адамдар Кореяга миграциялык кызмат аркылуу атайын берилген квотанын негизинде жөнөтүлөт. Каалоочулар арбын болгондуктан айрымдар мыйзамсыз жолун тандашууда. Элчилик ар кандай шылуундардын кылтагына илинип калуудан сак болууга чакырат.

Расмий маалымат боюнча Түштүк Кореяда каттоодо турган кыргызстандыктардын саны 4 миңден ашуун.

"Азаттыктын" архиви: корейге айланган кыргыздар. 8-февраль, 2017-жыл
Паспорт чыры: корейге айланган кыргыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:22 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG