Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Чет элдиктерге виза берүү эрежеси өзгөрөт


Кыргыз өкмөтү чет өлкөлүктөргө виза берүүнүн жаңы тартибин даярдоодо.

Бул нускама чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанга кириши менен эмгектенүүсүнө кандай жаңы эрежелерди киргизет? Ал өлкөгө турист болуп кирип, ишкерге айлангандардын түпкү максатын тескей алабы? Эмне үчүн чет жакка кеткен мигранты көп Кыргызстанда башка өлкөлүктөр иштөөгө куштар?

“Азаттык” үналгысынын кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселе козголду.

Талкууга Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин паспорт жана виза бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыров, Миграция кызматынын чет өлкөлүк ишканаларга эмгектенүүгө уруксат берүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Кудайбердиев жана Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Урмат Жумабеков катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, биз алган маалыматтар боюнча чет өлкөлүктөргө виза берүүнүн жаңы тартиби бардык тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү кирген жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан экен. Жаңы долбоорду даярдоого эмне түрткү берди жана анда мурдагы нускамадан айырмаланган кандай жаңы эрежелер бар?

Бакыт Кадыров: 2016-жылдын башында Коргоо кеңешинин катчылыгынын алдында бардык мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүлгөн. Анын алдына жаңы нускаманын долбоорун даярдоо милдети коюлган. Жаңы нускаманы даярдоого дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда миграциялык кырдаалдын өзгөрүшү менен миграциялык жаңы талаптардын пайда болушу түрткү берди. Ушундан улам виза берүү эрежелерин кайра карап чыгып, жаңыча жөнгө салуу тартибин киргизүү зарыл болду. Мисалы, мурдагы 2009-жылы кабыл алынган тартип боюнча Кыргызстанга окуу визасы менен келген чет элдик адамдын бул жерде жасаган аракеттеринин ортосунда көп айырмачылык болчу. Виза мөөнөтү аяктаса аны башка максаттар менен узартып алууга шарт бар эле. Жаңы нускама боюнча ишкерлик кылам деп келген адамдын визасы узартылбайт. Окуу визасы менен келген адам дагы эмгектенүү визасын ала албайт. Баса белгилей кетүүчү дагы бир жаңылык - Кыргызстанда ушул жылдан баштап электрондук виза берүү шарттары да даярдалды.

“Азаттык”: Бакыт мырза, акыркы жылдарда Кыргызстанга кайсы чет өлкөлөрдөн көп келишет жана эмне үчүн? Иштегениби, окуганыбы же турист болуппу? Жумушсуздук күчтүү деген Кыргызстанда жашоону жана иштөөнү каалаган чет элдиктердин бир жылдагы саны канча адамды түзөт?

Бакыт Кудайбердиев: Өкмөт былтыркы жылы бекиткен квота боюнча 14 490 чет жерлик адамга иштөөгө уруксат берилген. Быйыл 12 360 орун берилди. Кыргызстанга иштөөгө келген жарандарынын саны боюнча биринчи орунда Кытай турат жана алар жалпы мигранттардын 50 пайызын түзөт. Алар ар кандай улуттук деңгээлдеги долбоорлордо, мисалы, жол куруу, Бишкек Жылуулук борборун реконструкциялоо жумуштарында, Жалал –Абад облусундагы алтын кендеринде иштешет. Андан кийинки орунда Түркия турат. Алардын жарандарынын саны 700гө жакын. Андан кийинки орундарды Түштүк Корея, Тажикстан жана Украинанын жарандары ээлешет. Алардын көпчүлүгү ишкерлер жана соода менен тейлөө тармагында иштешет.

Өкмөт былтыркы жылы бекиткен квота боюнча 14 490 чет жерлик адамга иштөөгө уруксат берилген. Быйыл 12 360 орун берилди.

“Азаттык”: Урмат мырза, Кыргызстанда уруксат берилген виза мөөнөтүн өткөрүп жиберген чет өлкөлүктөр көп деген көз караш күчтүү. Айрыкча, мындай көрүнүш кытайлык жарандардын арасында көп деген маалыматтардын чындыгы барбы? Жылына виза мөөнөтүн өткөрүп жиберген канча адам аныкталат? Жылына канча адам өз мекенине депортацияланат?

Урмат Жумабеков: Миграция боюнча мыйзам талаптарын бузган чет элдик жарандардын ичинен биринчи орунда Кытай Эл Республикасынын жарандары турат. Мисалы, быйылкы эле 2017-жылдын январь айында виза режимин бузган 75 адам аныкталды. Андан кийин Өзбекстандын, Индиянын жарандары көп бузушат. Өткөн жылы Кытай жарандары тарабынан виза режимин бузган 165 факт катталган. Анын ичинен соттун чечими менен 86 жаран өлкөдөн чыгарылган. Ушул жылдын өткөн бир айында эле миграциялык визаны бузуу боюнча Кытай мамлекетинен келген эки жаранга соттун чечими чыгып, өз мекенине кайтарылды. Миграциялык виза режимин бузган учурда биринчи жолу 10 миң сомдук айып салынат. Эгер аны бир жыл ичинде өзгөртпөй мөөнөтү бүткөн виза менен жүрө бере турган болсо сотко берилип, соттун чечиминин негизинде өлкөдөн чыгаруу чарасы колдонулат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG