Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:25

Орусиядагы теракттарга Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийинчерээк орус жарандыгын алган адамдардын айыпталып жатышы - бул өлкөдө мигранттарга мамилени кыйла катаалдантканы айтылууда. Бул арада орус жарандыгын алган кыргызстандыктар кайрадан кыргыз жарандыгын алалбай убара болуп жатканына нааразы.

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандыктан чыккандарды кайрадан кабыл алуу жараяны узакка созуларын ырастайт.

Көп күттүргөн жарандык

35 жаштагы Айнура дээрлик 10 жыл мурун кыргыз жарандыгынан баш тартып, Орусия жарандыгын алган. Москвада иштеп жүрүп, таанышып, баш кошкон жолдошу да ал кезде Орусиянын жараны болчу.

Москва шаарында иштеп жүрүп, бир балалуу болуп, балага Орусиянын күбөлүгү алынган. Кийинчерээк мекенине биротоло кайткан жубайлар Кыргызстанга келип, кайрадан кыргыз жарандыгын алууну чечишет.

Айнуранын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, жарандык берүү тууралуу өтүнүч президент Алмазбек Атамбаевдин атына эки жыл мурун берилген:

- 2012-жылы кайтып келдик. Биздин каттообуз Москва шаарында болгондуктан, кыргыз жарандыгын алууга шашпадык, балким дагы кетип калабызбы деген ойлор да болгон. Кийинкы жылы жолдошум жарандык алабыз деп көшөрүп туруп алды. Антип-минтип тиешелүү документтерди чогултуп, 2015-жылы жарандык берүү өтүнүчү менен президентке кайрылуу жаздык. Ошондон бери күтүп келатабыз. Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, жооп барбы деп сурасак, "силердин арызыңардын үстүнөн иштеп жатышат, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кайрылышат" дешкен. Эки-үч жылга чейин деле созулушу ыктымал дешти.

Мекенине кайтып келген жубайлар жакында экинчи жолу балалуу болушкан. Ата-энеси жаран болбогондуктан, азырынча баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Болгону энесине төрөт үйү бала төрөгөнүн тастыктаган маалымкат беришкен.

- Баламдын күбөлүгү жок. Жеке медициналык мекемеге катталып, ошол жакта дарыгерлердин кароосундабыз. Эми Кыргызстандын жарандыгын качан аларыбыз белгисиз. Улуу балам Орусиядан алган күбөлүгү менен жүрөт. Быйыл 1-класска барат, мектептер Кыргызстандын метрикасын алып келгиле деп талап кылабы деп чочуп турабыз.

Жарандыктан чыгып, кайрадан алуу оңой эмес

Расмий маалыматтар боюнча, быйылкы жылдын 1-мартына карата, Кыргызстандын жарандыгы 200дөн ашуун кишиге берилген. Ал эми кыргыз жарандыгынан чыгарылгандардын саны 131. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Жарандык берилгендердин көпчүлүгү Өзбекстандан жана Тажикстандан кайтып келген этникалык кыргыздар. Аларга бир аз жеңилдиктер каралган. Ал эми мурда кыргыз жарандыгын тапшырып кетип, эми кайра жарандык сурап жаткан адамдарга талап катуураак. Алар чет мамлекеттен келип, жарандык сураган адамдардай сыяктуу эле толук текшерүүдөн өтүшөт. Бардык тиешелүү документтерди чогултууга тийиш.

Абортко тыюу салынса мигрант кантет?

Орусияда аялдарга аборт жасатууга тыюу салуу жана таштанды балдар үчүн даярдалган бэби-бокс кутуларын жоюу боюнча даярдалган эки мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү. Адистер бул мыйзам долбоорлор кабыл алынса, Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга да таасири тиерин айтышат.

Жарандыкты алмаштырууга кыргызстандыктарды миграция түрткөнү белгилүү. Анткени Орусиянын паспорту менен акысы көбүрөөк, коопсуз жумуштарга орношуу оңой болгон, айлык акы да мигранттарга караганда көбүрөөк төлөнүп берилчү. Медициналык жана башка социалдык кызматтар да жеңилдик, өзгөчө шарттар менен коштолчу.

Кыргызстандык мигрант аялдарды жарандык, Орусияда бала төрөөгө "энелик капитал" да азгырган. Мындай аталыштагы программанын негизинде үй-бүлөдө экинчи бала төрөлгөндө 450 миң рублдан жогорку өлчөмдө каражат мамлекеттен бөлүнөт да, ал акчаны турак жай сатып алууга кошумча төлөм катары колдонууга же баланын өзүнө билим алуусуна жана башка керегине жаратууга болот.

Москвадагы "Мигранттарды колдоо" фондунун жетекчиси Чолпон Осмонова орус паспорту кыргызстандык мигранттардын үмүтүн жарым-жартылай гана актады деген пикирде:

- Орус жарандыгын алгандардын 20 пайыздайы гана жергиликтүү жарандар менен тең укукта иштеп, социалдык камсыздоолорунан пайдаланбаса, калгандары андай укукта эмес. Мигранттардай эле мамиле кылышат. Ал эми "энелик капиталды" деле ашып барса энелердин 50 пайызы балдарына ала алышкан жок. Баарына бирдей берилген эмес.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, 2000-жылдардан бери Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык мигранттардын саны 600 миңдин айланасында. Алардын арасында мыйзам жол бербесе да, орус жарандыгын кыргыз жарандыгынан чыкпастан алгандар да жок эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG