Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Мигранттар өздөрүн алдаган адамга издөө салышты


Иллюстрация
Иллюстрация

Москвада алдамчылык жол менен мигранттардан акча өндүрүп жүргөн деген кыргызстандык изделүүдө. Ондогон жабырлануучулар анын сүрөтүн социалдык тармактарда таркатып, табууга аракеттенишүүдө.

30-35 жаш курактагы киши Москвада мигранттарды жумушка орноштурууну убада кылып, алдамчылык жол менен 5 миңден 30 миң рублга чейин акча өндүрүп жүргөнү айтылууда. Жабырлануучулар анын сүрөтүн социалдык тармактарда таркатып, өз алдынча издөөгө алып жатышат.

Фируза Эргешова издөөдөгү жаран өткөн жумада эле уул-кызын жумушка орноштурам деп 30 миң рублдан ашык акчасын алып качып кеткенин айтат:

- "Жатаканасы жана тамагы бар, айлыгы 30 миңден өйдө болот, эки адам керек. Жумушка орноштурууга жана кийимине акча бериш керек" деди. Уулум алты айдан бери жакшы жумуш таппай жүргөн. Эжекелеп, намаз окуган, ичпеген, чекпеген керек десе, ишенип, уул-кызымды чакырып, акчасын берип, ага кошуп жөнөтүп жатпайымбы. Анан уулум "телефону өчүк, таппай калдык" деп чалды. Мен Москвада 12 жыл болду иштегениме, кыргыздарга деле аралашчу эмесмин. Анан ушинтип жамандыкты өзүбүздүкүлөрдөн көрүп жатпайбызбы.

Анара Тилебаеванын апасы жыл башында алдамчылыкка шектелген жаранга 25 миң рублын алдырып жиберген.

- Мен жумушта болчумун, апам жаңы эле Москвага келген. Анан соода түйүнүндө пол жууп жүргөн жерине келип ишке балдар керек дептир. Байкем дагы жаңы келип, иш таппай жатканбыз. Аябай ишеничтүү сүйлөп эле, көп убада бериптир. Апамдын карточкасын алып, ошол жерден каратып туруп акчасын алып чыгып кетиптир.

Акжол Каныбек уулу болсо инисин жумушка орноштурам деп алдамчынын кылтагына илингенин айтат:

- "Жүк ташыгычтар керек, беш күн иштеп, эки күн бош, айлыгы 30 миңден жогору" деген. Инимди кошуп берсем, Таганский метросуна алып барып, инимди планшетине сүрөткө тартып, «ишке сүрөтүң керек, азыр отуруп тур» деп ошол бойдон жоголгон.

Гулбара Нышанова өзүн декабрда алдап кеткен жаранды Одноклассники социалдык тармагында жарыяланган сүрөтүнөн тааныган:

- Мен иштеген соода түйүнүндө аны мурун көргөм. Анан экинчи жолукканда көзгө жылуу учурап, анан жумушка эки адам керек десе, күйөөмдү чакырдым. Балабызга иш керек болуп жаткан. Анан жумуштагы дагы бир кызды «бул жакта жакшы иш бар экен» деп ишинен бошотуп, аны дагы жибергем. Күйөөмдүн унаасы менен кетишкен. 3-4 сааттан кийин күйөөм «аның аферист экен» деп келди. Буларды машинага отургузуп коюп, азыр дүкөндөн жумушка кийим алып чыгам деп, тиги кыз менен балама беш миңден алып, дүкөндүн арткы жагынан чыгып кетиптир. Кечээ Одноклассникиде отуруп, сүрөтүн көрүп дароо тааныдым.

Мекендештерден алдамчылык жол менен акча өндүрүп жүргөн адамды издөөгө жарандык активист Бексултан Гапарали уулу жардамдашып келет. Ал кылмыштарга шектелген адамдын сүрөтүн интернетке чыгаргандан кийин ондогон жабыркоочулар ар кайсы шаардан кайрылган:

- Сүрөтүн 30 миң рубль алдаткан эже жөнөткөн. Социалдык тармакка жазарым менен дароо башка жабырлануучулар табылды. Беш-алтоо даана таанышты. Айрымдар бул башка шаарларда дагы ушинтип жүргөнүн жазып жатышат. Бирок бирөө дагы аты-жөнүн, каяктык болоорун так жаза элек. Көбүнө Оштон болом дептир. Жабырлануучунун бирөө дагы паспортун көрбөптүр. Баягы муктаж болуп турушканда, иш десе баары эле ишенишкен.

Жогорудагы жабырлануучулар өз учурунда полицияга кайрылышкан эмес. Алардын бири да убагында өздүгүн тактоого паспортун сурабаган. Учурда жабырлануучулар Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москадагы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG