Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Шылуундарга "жем болгон" мигранттар


Москвадагы мигранттар. 2014-жыл.
Москвадагы мигранттар. 2014-жыл.

Орусияда мигранттар жаңы кирген миграциялык мыйзамдардан тышкары ортодон пайда табууну көздөгөндөрдөн да жабыркашууда.

Орусияда патент системасы ишке киргенден бери ортомчу шылуундарга алданып, акчасынан айрылган мигранттар көбөйдү.

Алардын бири Азизбек Маматов бир эмес, эки жолу "ортомчулардын" тузагына түшкөн. Ал сызга отургузуп кеткендер өзүнүн эле мекендештери болгонун айтып берди:

- Туугандардын документтерин жасатканы элчилик тарапта жайгашкан кеңсеге документ тапшырганбыз. Алар баарын бүтүрүп берүүгө убада кылган. Бирок кийин "Орус тили боюнча сертификат алып бере албайбыз" деп коюшту. Акчасын да кайтарышкан жок. Башында "ФМС менен иштейбиз" деп, уюмдун мөөрү басылган кагаздарын көрсөтүшкөн. Биринчи каттоону бүтүрүшкөн, патентти андан кийин алып бермей болушкан. Декабрдагы патенттерге 4-5, январдагы документтерге 20-30 миң рубль берген элек.

Миграция борборунда кезек күткөндөр. Орусия. 2015
Миграция борборунда кезек күткөндөр. Орусия. 2015

Ушу тапта "Орусияда иштөөгө уруксат берген документтердин бардык түрүн 15 күндө жасап беребиз" деген жарнамалар социалдык түйүндөрдө жайнайт. Алардын бири менен телефон аркылуу байланыштык:

- 20 миң рубль бересиз. Анын ичинде медициналык камсыздандыруу, орус тили жана тарыхы боюнча тесттин сертификаты, патент үчүн бир айлык акы, миграциялык кызматтын акысы, Федералдык миграциялык кызматка барып-келүү үчүн жол кире кошулат. Сиз бир эле жолу биз менен манжаңыздын тагын берүү үчүн ФМСке барасыз. Кезексиз өтөсүз, жол акыңыз бекер. Башка эч нерсе кылбайсыз. Тест тапшырбайсыз, баары акча менен бүтөт. Анүчүн камсанабаңыз, проблема жаралбайт. Бирок «Кара тизмеден» чыгара албайбыз, ага мүмкүнчүлүк жок, - деди телефон артындагы "ортомчу".

Жаңы жылдан тарта Москвада патент жасап берем же “кара тизмеден” чыгарам деген ортомчулар көбөйдү. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы расмий өкүлү Аскат Алиевдин “Азаттыкка” айтымында, мигранттардын мыйзамдын талаптарын жакшы билбегени бул "бизнестин" гүлдөшүнө шарт түзүүдө:

- Биздин өкүлчүлүккө ушу жылдан баштап арыздангандардын 90 пайызы алдамчылык фактысы боюнча кайрылды. Мыйзам чегинде документтерди кандай жасоо жөнүндө бардык жарандарда толук маалымат жок. Ошондон пайдаланып, мен бүтүрүп берем деп алдап кеткендер көп болууда. Күнүнө бери дегенде үч-төрт киши келет. Алданган кишинин артында толтура туугандары жана тааныштары да болот. Жарымыбыз "кара тизмеге" түшүп калдык, үч-төртөөнү депортация кылып жиберишти дегендер да бар.

Мигранттардын ишке кирүүсүнө керектүү документтер тизмеси. Орусия.
Мигранттардын ишке кирүүсүнө керектүү документтер тизмеси. Орусия.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарын минтип байкоосуз бузуп алуунун кесепети кандай болот? Бул суроого Москвада сегиз жылдан бери тергөө жана сот иштери боюнча чет элдик мигранттарга котормочу болуп жүргөн Жамалкүл Сабаева мындай жооп узатты:

- Документи туура эмес мигрант жумуш таба албай, көчөдө калууда. Бул аны оор кылмышка барууга түртөт. Уурулук кылат, киши өлтүрүп, маңзат менен кармалышат. Анан сотто өкүм чыгып, кесилип кеткенде, «эже, Кыргызстанга чалып коюңузчу, атама айтыңыз, мен ошол жакта өлүп алам, мен келбейм» дешет. Мен мекендештерден Орусия Федерациясынын мыйзамдарын жана эрежелерин так сактасак деп суранаар элем. Таза жана мыйзамдуу түрдө документ алгыла, аны бүтүрүү үчүн өзүңөр баргыла, коркпогула. Азыр чындыгында мигранттардын көпчүлүгү кыйналып жатат. Бул кыйын кезеңден таза жана айкын жол менен чыгып кете алабыз.

Жыл жаңыргандан бери Орусияда чет элдик мигранттарды тескеген мыйзамдар бир топ катаалдашты. Мындан ары Орусиянын аймагында жүрүп, эки жолу административдик тартип бузгандар 5-7 миң рубль айып төлөп, өлкөдөн чыгарылат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG