Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Күч түзүмдөрү реформаны кыскартуудан баштайт


Жаңы реформага ылайык, ИИМ академиясы өз алдынча Укук академиясы болуп түзүлүп, бардык укук коргоо түзүмдөрүнө адистерди даярдоочу окуу жайга айланат.
Жаңы реформага ылайык, ИИМ академиясы өз алдынча Укук академиясы болуп түзүлүп, бардык укук коргоо түзүмдөрүнө адистерди даярдоочу окуу жайга айланат.

Кыргызстандын Коргоо кеңеши 4-июлдагы жыйынында укук коргоо органдарында өзгөртүүлөр боюнча чечим кабыл алды. Бийликтер мындай кадам менен укук коргоо органдарындагы бири-бирин кайталаган мекемелерди жоюп, коррупцияны азайтууну максат кылууда. Бирок Коргоо кеңешинин буга чейин чечимдеринен майнап чыкпаганын айткан айрым адистер бул реформалардын ишке ашарынан күмөн санашат.

Президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган Коргоо кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарын реформалоо жана учурдагы абалда миграциялык жараяндарды тескөө маселелери каралды.

Жабык өткөн жыйында бийлик укук коргоо органдарында олуттуу реформаларды ишке ашыруу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынганын билдирүүдө.

Аталган кеңештин катчысы Темир Жумакадыровдун билдиришинче, бир нече укук коргоо органында түзүмдүк өзгөрүүлөр болот жана бири-бирин кайталаган органдар жоюлат. Анын алгачкысы болуп, прокуратура органдарынан тергөө укугу алынып, УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берилет:

- Биз негизги басымды прокуратуранын көзөмөлдөө функциясына жасап жатабыз. Анын алкагында укук коргоо системасынын ичинде өз ордун такташ үчүн тергөө функциясы алынып, УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берилет. Ошол эле учурда прокуратура кылмыш ишин козгой алат жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт, мекемелер аралык тергөөгө катыша алат.

Темир Жумакадыров
Темир Жумакадыров

Жумакадыров кошумчалагандай, өкмөткө караштуу Маңзаттарды жүгүртүүгө каршы кызматы жоюлуп, Ички иштер министрлигине кошулат. Ал эми ИИМдин курамында бир нече кызматты түзүү чечими кабыл алынды:

- Биз ИИМдин түзүмдөрүн толугу менен кайрадан карап чыгып жатабыз. Бул министрликтин негизги максаты жалпы жазык жана уюшкан кылмыштуулукка күрөшүү деген салттуу функциясын күчтөндүргөнгө багытталган чечимдер кабыл алынды. Анын алкагында министрликтин алдында коомдук коопсуздук боюнча кызмат, криминалдык милиция, экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү, баңги затка каршы күрөшүү жана тергөө кызматтары түзүлөт. Бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө өздүк коопсуздук кызматын түзүү сунушталды. Бул сунуш да эске алынат.

Укук коргоо органдары реформалоо алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигинен экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү функциялары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына өткөрүлөт.

Учурдагы ИИМ академиясы өз алдынча Укук академиясы болуп түзүлүп, бардык укук коргоо түзүмдөрүнө адистерди даярдоочу окуу жайга айланат. Муну менен катар укук коргоо кызматкерлерин келишимдик негизде иштетүү сунушталууда.

Ошондой эле реформа алкагында жергиликтүү бийлик органдарын текшерүү Эсеп палатасына гана жүктөлөт.

Жыйындан бир көрүнүш
Жыйындан бир көрүнүш

Темир Жумакадыров бул реформалар коррупцияны азайтат жана күч түзүмдөрүнүн кадыр-баркын жогорулатат деген ишенимин билдирди. Анын айтымында, жыл аягына чейин реформанын негизги бөлүгүн ишке ашыруу максаты коюлууда.

Коргоо кеңешинин чечимдери коомчулукта бир катар талкууларды жаратты. Айрымдар бул өзгөртүүлөр укук коргоо органдарындагы көптөн бери күттүргөн реформаны алга жылдырып, дем берет деген үмүттө.

Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев кеңештин чечимдери стратегиялык мүнөздө болуп, аны аткаруудан жыйынтык күтөрүн билдирди:

- Коргоо кеңеши стратегиялык көз караштагы чечимдерди кабыл алууда. Укук коргоо органдарынын функционалдык милдеттерин жакшыртуу боюнча анализдер жүргүзүлдү. Кеңештин буга чейинки чечимдери каралып, чекесинен ишке ашууда. Бардыгы бир учурда болбосо да алар ишке ашырылып жатат.

Ал эми Ички иштер министрлигин реформалоо жаатында иш жүргүзгөн “Реформа жана натыйжа” жарандык союзунун мүчөсү Урмат Казакбаев кабыл алынган чечимдер маанилүү экенин белгилеп, бирок аны турмушка ашырууда кемчиликтер бар болгонун айтат:

- Жалпысынан айтсак, мыйзам түрүндө жакшы өзгөрүүлөр бар. Бирок иш жүзүнө ашыра келгенде жетишсиздик болуп жатат. Себеби биз баарыбыз эле биздин мыйзамдардын жакшы экенин билебиз. Бирок көп мыйзамдар иштебейт. Реформалардын да ошондой болуп калып жатат.

Коргоо кеңеши президент жетектеген өлкө коопсуздугуна тиешелүү маселелерди талкуулаган жогорку орган.

Укук коргоо системасынын ичинде өз ордун так такташ үчүн тергөө функциясы алынып, УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берилет.

Кеңеш жылына бир нече жолу жыйналып, стратегиялык чечимдерди кабыл алат. Буга чейин коррупцияга каршы күрөш, соттук реформа, диний жааттагы коопсуздук боюнча документтерди кабыл алган.

Өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Кубатбек Байболов буга чейин маанилүү чечимдер кабыл алганына карабастан, алардын ишке ашпай жатканын билдирүүдө:

- Акыркы беш жылдан берки тарыхыбызда бир топ чечимдер кабыл алынган. Ошол эле Коргоо кеңеши абдан олуттуу чечим кабыл алган. Бирок иш жүзүндө өлкө тагдырына таасир берген олуттуу өзгөрүүлөр болбой жатат. ИИМди реформалоо тууралуу болуп жатса, жалгыз гана ички бул тармакты реформалоо менен өлкө тагдырына, соттук-укуктук тармакта өзгөртүүлөрдү киргизе албайбыз.

Муну менен катар укук коргоо органдары арасында өз ара түзүмдөр алмашканы менен жогорку бийлик тепкичтеринин айтканынан чыкпай, мыйзамды так сактабаса эч кандай реформа жыйынтык бербей турганын айткандар бар.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG