Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Маңзатка каршы күрөш кызматын жоюуга ким кызыкдар?


Укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жоюлушу мүмкүн.

Мурдагы президент Бакиевдин тушунда дагы бул кызмат наркотрафиктин кызыкчылыгы үчүн кыскартылганын мисал келтирген тараптар аны маңзат мафиясынын буюртмасы катары кабыл алышууда. Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жойуу жобосунун долбоору Коргоо кеңешинин 4-июлдагы жыйынында карала турганы белгилүү болду.

Коргоо кеңешине даярдалган долбоор

Президент Алмазбек Атамбаев жакында алдын ала жарыя кылган, 4-июлда өтө турган Коргоо кеңешинде укук коргоо органдарын реформалоо чечими кабыл алынары белгилүү болду. Бул чечимдин долбоорунда күч түзүмдөрүндөгү бирин-бири кайталаган кызматтар кыскартылары көрсөтүлгөн. Алгачкылардан болуп, Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жоюлуп, анын материалдык-техникалык базасын Ички иштер министрлигине өткөрүү жагы каралган. Эл аралык донор уюмдар каржылаган бул мекеме 2009-жылы мына ушундай кыскарууга дуушар болуп, бирок Апрель ыңкылабынан кийин ал кайра калыбына келтирилген. Ал жоюлган кезде өлкөдө маңзат кармоонун көрсөткүчү азайып, бирок анын агымы күчөгөнү байкалган.

Эксперт Искен Афижанов мына ошого алып барган жагдай азыр кайра кайталанып жатканын айтты:

- Мурдагы бийлик режиминин тушунда Курманбек Бакиев агенттиктикти жоюп, анын милдеттерин азыркыдай эле Ички иштер министрлигине өткөргөн болчу. Мына ошол кезде оппозицияда жүргөн, азыр бийликте отурган адамдар муну атайын жасалган кадам катары карап, Бакиевди маңзат мафиясы менен байланышы бар деп айыптап чыгышкан. Аны бул органды жоюу менен маңзат мафиясынын буюртмасын аткарды деп күнөөлөшкөн. Бакиевди айыптагандар эми өздөрү ошол жолго түшүп баратканы түшүнүксүз. Эми бул агенттикти наркотрафиктин пайдасы үчүн Бакиев туура эмес тараткан деген баа берүү эми ошондо кандай болуп калат?

Ишти ИИМге өткөрүүнүн илинчеги

Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын өздүк курамы 330 адамдан турат. Бул кызмат башында агенттик болуп түзүлүп, аны БУУнун маңзат кылмыштарына каршы күрөшүү башкармалыгы толугу менен каржылап келген. 2010-жылы кайра калыбына келтирилген бул мекемени Орусиянын маңзаттарына каршы күрөшүү федералдык кызматы каржылай баштаган. Орусияда жакында бул кызмат жоюлуп, ИИМге өтүп кеткен соң, БУУ мекемени каржылоого макулдук бергенине карабай, кыргыз тарапта аны кыскартуу демилгеси көтөрүлдү.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Бакыт Сейитов Маңзаттарын көзөмөлдөө кызматын милицияга өткөрүү боюнча маалыматты ырастады:

- Аны бизге өтөт деген маалымат бар. Бирок анын каражаты, кызматкерлери жана материалдык-техникалык базасы бизге берилеби же башка кызматтарга дагы берилеби, аны мына ошол Коргоо кеңеши чечет болуш керек. Укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында кээ бир кызматтар жоюлуп, кээ бирлери бири-бирине бириктирилет. Биздин министрликтин ички кызматтарында дагы өзгөртүүлөр жүрөт экен. Коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөш жүргүзгөн бешинчи башкы башкармалык экономикалык кылмшытарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын курамына өтө турган болуп жатат. Мына ушул сыяктуу өзгөрүүлөр күтүлүүдө.

Иштер үзгүлтүккө учурайбы?

Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жеке көрсөткүчү боюнча 2016-жылдын беш айында маңзат соодасына байланыштуу 92 фактынын бетин ачкан. Наркокоррупцияга каршы туруунун алкагында, укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер маңзат соодасына аралашкан жагдай боюнча беш кылмыш ишин козгогон. Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчи орун басары Идрис Кадыркулов бул мекеме жоюлуп кете турган болсо, бир топ убактан бери изине түшкөн иштер үзгүлтүккө учурай турганын белгиледи:

- Маңзат соодасын жүргүзгөн топтор аркылуу ишке ашкан наркокоррупция менен күрөш жүргүзүү биздин башкы милдетибиз болуп келген. Бул деген укук коргоо органдарындагы айрым кызматкерлердин бул ишке өздөрү аралашып алып, калкалап келген жагдайлардын бетин ачуу менен байланыштуу. Жыйынтыктарыбыз деле аябай жакшы болчу. Мисалы, жакында биздин маалыматтар боюнча төрт өлкөнүн аймагы аркылуу өткөн ири өлчөмдөгү маңзат Литванын борборунда кармалды. Бирок мындай иштер бир күндө бүтпөйт. Биздин жылдап иштеп, артынан түшкөн иштерибиз бар. Кээ бирлерине 2-3 жыл кетет. Анткени маңзат мафиясы абдан күчтүү. Аны күч түзүмдөрүндө колдогон бийликте дагы жетекчилер болушу мүмкүн. Анан эми мекеме жоюлуп кетсе, мына ошого окшогон изине түшкөн иштерибиз үзгүлтүккө учурайт да. Албетте ага терс таасирин тийгизет.

Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат Кыргызстан кол койгон БУУнун конвенциясына ылайык, эл аралык милдеттемени аткаруу иретинде түзүлгөн. Бул мамлекеттик кызмат маңзат соодасына каршы күрөш жүргүзүү боюнча тармактагы жалпы саясатты аныктап, бардык укук коргоо органдарынын ишин координациялап келген.

XS
SM
MD
LG